You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинанын Авдеевка аймагында ок атышуулар болду
Жекшембиде Украинанын Авдеевка районунда ок атышуулар жанданып, үч украиналык жоокер каза таап, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник билдирди.
Анын айтымында, таңкы саат беште Авдеевкадагы украин армиясынын турумдары миномет, гранатомет менен ок атууга туш болгон. Эки сааттан кийин жикчилдер чабуулга өтүп, бирок кайра артка кайтарылган.
Жикчилдердин өкүлү Франс пресс агенттигине бир кишиси каза таап, бирөө жаракат алганын билдирген. Өздөрүн ДЭР деп атаган куралдуу топтор Авдеевкадагы ок атышуу үчүн украин Армиясын күнөөлөдү. Алар жекшембиде Донецкти артиллериялык аткылоого алган деп айыпташып, анын кесепетинен жайкын тургундардын бири каза тапкан деп күнөөлөп жатышат.