Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталууда

үстөл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сириянын расмий бийлигинин делегациясы жана куралдуу оппозиция биринчи жолу сүйлөшүү үчүн бет маңдай жолугууда. Дүйшөмбү күнү Астанада Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу, тынчтыккка жетүү үчүн сүйлөшүүлөр башталды.

Маалыматтарга караганда тараптар сүйлөшүү үчүн тегерек үстөлгө чогулду. Сириянын расмий бийлик тарабынан жиберилген делегациясы Иран жана БУУ өкүлдөрү менен бир катарда олтурду, ал эми оппозиция жиберген делегация АКШ жана Түркия өкүлдөрү менен жанаша олтурду. Түркиянын жанына Орусия делегациясы жайгашты.

Журналисттер үчүн жыйын башында гана кыскача маалымат берилип, казак Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуучуларга кайрылуусу окулду.

Жыйында биринчи сөз расмий Дамаск өкүлдөрүнө берилет деп күтүлүп жатат. Андан кийин оппозиция өкүлдөрү сүйлөйт. Орусия, Түркия, Иран, АКШ жана БУУ өкүлдөрүнө катары менен сөз берилет.

Бул сүйлөшүүлөр Орусия, Иран, Түркиянын демилгеси менен ишке ашып жатат. Астананы сүйлөшүү үчүн нейтралдуу аянт катары тандап алышкан. Сүйлөшүү бир күнгө созулат деп айтылган эле. Бирок бир топ узарып кетиши да мүмкүн деп күтүлүп жатат.

Ошондой эле тараптар бир үстөлгө олтурушканы менен түз сүйлөшүүлөр болбой турганы белгилүү болду. Сүйлөшүүлөр ортомчулар аркылуу гана жүрөт.

Оппозиция менен расмий Дамасктын келишпестиги Сирия Президенти Башар Асадка байланыштуу болуп жатат. Көтөрүлүшчүлөр анын отставкасын талап кылууда. Ал эми Асад бул үчүн өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүү керек деп белгилеп, ал референдум аркылуу гана ишке ашат дейт.

Бирок мындай пикир келишпестиктерге карабастан оппозиция сүйлөшүүлөргө катышууга макулдук берди. Козголоңчулар саясый дискуссия үчүн эмес, ок атышпоо келишимин кеңейтүүгө жана гуманитардык суроолорду чечүүгө келишкенин айтышты.

Буга чейинки сүйлөшүүлөр дагы козголоңчулардын Асадка байланыштуу катаал позициясынан улам үзгүлтүккө учурап келген. (AbA)