Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы: жашоодогу анын негизги алты принциби

Бейшембиде Tesla компаниясынын акциялары дагы кымбаттагандан кийин Илон Маск дүйнөдөгү бай кишилердин тизмесин жетектеп калды. Анын байлыгы 185 млрд доллардан ашты.

2017-жылдан бери Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос тизменин сап башынан түшпөй келе жаткан эле. Илон Масктын ийгилик сыры эмнеде? Бир нече жыл мурун Би-Би-Си кабарчысы Жастин Роулетт аны менен дээрлик бир сааттай маектешкен.

Анын ишмердүүлүгүндөгү негизги ийгиликтер мына ушулардын арты менен жаралган:

1. Кеп акчада эмес

Бул Масктын бизнес жүргүзүүдөгү негизги көз карашы. 2014-жылдагы Би-Би-Сиге маегинде ал өзүнүн каржылык абалы боюнча билбей турганын айтканы бар.

"Бул эми капта турган акчалар эмес да. Болгону менин Tesla, SpaceX, SolarCity сыяктуу компанияларда үлүшүм бар. Ал эми базар анын баасын аныктайт",-деген ал.

Байлыкка умтулууга эч кандай каршылыгы жок. Бирок аны башка нерсе жетектейт деп эсептейт. Мындай мамилеси кайсыл бир деңгээлде өзүн актады. 2014-жылы биз маектешкен маалда анын байлыгы 10 млрд доллар эле. Азыр 185 млрд долларга жетти.

Жашы элүүгө келип калган Маск дүйнөдөн бай киши катары жашап өткүсү келбейт. Ал өзүнүн каражатынын чоң бөлүгүн Марста база курууга жумшай турганын айткан. Каражатынын баары ушул долбоорго кетсе дагы өкүнбөй турганын билдирген. Ал акчалары жөн эле банкта жатышын каалабайт. Аны кызыктуу жана пайдалуу нерсеге сарптоону көздөйт.

2. Эмне кызыктырса, ошонун артынан түшкүлө

Дал ушул Марстагы базаны Маск ийгиликтин ачкычы деп билет.

"Келечекте баары жакшы болушун каалайм. Биздин жашоону жакшырта турган кызыктуу жана жаңы нерселердин болушун каалайм",-деген ал маегинде. Ошол эле SpaceX мисалын алып карасак болот. Маск америкалык космос программасынын масштабына ичи чыкпай жүрүп, анан бул компанияны түптөгөнүн айтып берген.

"Биз Жерден башка жактарга дагы кишилерди жөнөтө турган учурду, Марска база курууну күтүп келдим",-деген ал. Бирок анын күткөнү ишке ашпай жаткандан улам ага идея келет. Ал Марска миссия уюштурууну максат кылат. Муну менен космостук изилдөөлөргө болгон кызыгууну күчөтүп, америкалык өкмөт НАСАны каржылоосун жакшыртат деп үмүттөнгөн.

Маск өзүнүн идеясынын үстүнөн иштеп баштагандан кийин маселе "каалоонун жоктугунан эмес, анын жолу жоктугунан" ишке ашпай келгенин түшүндү. Көрсө, космос технологиясы өтө эле кымбат турат экен. Ошондо ага арзан турган космостук ракеталарды куруу бизнес идеясы келген.

Көрүнүп тургандай бул жерде каражат иштеп табуу деген ой болгон эмес. Башында Марска кишини учуруу каалоосу күчтүү болду. Маск Би-Би-Сиге маегинде өзүн инвестор эмес, инженер деп эсептей турганын айтканы бар. Ага негизги шык берген кыймылдаткыч - татаал техникалык тапшырмалардын жандырмагын табуу. Анын ийгилигинин чен-өлчөмү банктагы акчалар менен эмес, ушул нерсе менен өлчөнөт.

3. Масштабдуу тапшырмаларды койгондон коркпогула

Масктын компанияларындагы өзгөчөлүктөрдүн бири - алдыга коюлган өтө татаал тапшырмаларды жандыруу. Ал автоунаа индустриясына ыңкылап кылууну, Марсты өздөштүрүүнү, өтө ылдам поезд жасоону, жасалма интеллект, индустрияны күн энергиясына өткөрүүнү көздөйт. Булардын баары фантазия сыяктуу. Баса, мындай ойлор 1980-жылдары чыккан балдар журналында айтылат эмеспи. Маск деле муну жашырбайт, бала кезинен аны шыктандырган китептер жана көркөм тасмалар.

Ошондуктан Масктын үчүнчү кеңеши - өзүңөрдүн амбицияңарды ичке катпагыла.

Көптөгөн бизнесмендер кичинекей кадамдар менен жылганды артык көрөт дейт Маск.

"Эгерде сиз чоң компаниянын жетектеп жаткан болсоңуз жана аны жакшы жагына өзгөртүүнү кааласаңыз, бирок аны ишке ашыра албасаңыз эч ким күнөөлөбөйт. Мисалы, бул жерде менин тиешем жок, кептин баары камсыздоочуда деп куталасыз",-дейт Маск. Ал эми масштабдуу тапшырмаларды коюп, аны аткара албай калсаңыз, анда сизди иштен кетирет. Мына ошондуктан көпчүлүк компаниялар өзүнүн өндүргөн продуктусун жакшыртууну өтө жай ишке ашырат. Таптакыр жаңы нерсе жөнүндө ойлонгусу келбейт. Ошондуктан күчтүн баарын "өтө маанилүү" саналган нерсеге сарптоо керек деп кеңеш берет ал.

4. Тобокелчиликтен коркпогула

Бул жерде эми баары белгилүү. Ийгликке жетүү үчүн тобокелчиликке баруу керек. Бирок бул жерден дагы Масктын мамилеси өзгөчө.

2002-жылы, ал өзүнүн алгачкы бизнес башталышы болгон - Zip2 жана PayPal компанияларындагы үлүштөрүн сатып жиберген. Ал кезде отуз гана жашта эле жана эсептеринде дээрлик 200 миллион доллардай каражаты бар болчу.

Масктын айтымында, бул каражаттын жарымын сактап коюп, жарымын бизнеске салуу планы болгон. Бирок анысы ишке ашпай калды. Биз жолуккан мезгилде Масктын бизнес жашоосундагы эң оор мезгил эле. Жаңы компаниялары өтө татаал учурларды жашап жаткан. SpaceX алгачкы үч аракети ийгиликсиз болуп, Tesla өндүрүшүндө, долбоорлоодо бир катар көйгөйлөр болуп жаткан.

Андан кийин каржылык кризис башталды. Масктын алдында татаал тандоо турду.

"Мен акчамы кармап турган болсом, анда компанияларым жашап кете албай калат эле. Колумда болгон каражатты салсам, кандайдыр бир мүмкүнчүлүк жаралмак",-дейт ал. Ошентип акчасынын калганын дагы бизнеске салат. Кайсыл бир учурда карызга батып, жеке чыгымдарын дагы төлөй албай калганын айтып берген.

Банкрот болуу коркунучу аны чочулатты беле? Жок, ал андан кооптонгон эмес.

"Балким балдарымды мамлекеттик мектепке жиберүүгө мажбур болмокмун. Анын кандай коркунучу бар. Мен деле мамлекеттик мектепте окугам".

5. Сынга көңүл бурбагыла

2014-жылы көптөгөн эскперттер жана баяндамачылар анын ийгиликсиз аракеттерин катуу сынга алган.

"Либералдуу караңгылык өтө таң калаарлык эле. Көптөгөн блогерлер күн сайын "Тесланын" кыйрап баратканы боюнча хроникаларды чыгарып турду",-дейт Маск

Илон Масктын кийинки бизнес кеңешинин бири ушул - силерди сындагандарды укпагыла. Би-Би-Би-Сиге берген маегинде SpaceX же Tesla компанияларын түптөп жатканда кайсыл бир кезде булар киреше алып келет деген ой менде болгон эмес деди ал. Башкалар дагы буга ишенген эмес.

Ошентсе деле Маск алдыга жыла берген. Эмнеге?

Ушул жерде кишинин ийгилиги иштеп тапкан акчасында эмес, ал ошол ишти жылдырып жатканда чечкен маселе менен өлчөнөт дегенди эстейли. Кимдер эмне десе, айта берсин. Ал үчүн негизгиси - маанилүү идеяларды ишке ашыруунун жолун табуу.

Өткөн жылдын октябрында Morgan Stanley инвестициялык банкы тарабынан SpaceX 100 млн долларга баалады. Компания космоско учуу боюнча көп эрежелерди өзгөрттү. Бирок Маск америкалык космос программасына жаңы дем бергенине көбүрөөк канааттанат.

6. Канааттануу алгыла

Масктын өтө эмгекчил экени жалпыга маалым. Ошол эле маалда көптөгөн чуулгандуу иштердин каарманына айланган учурлары болду. Анын үстүнөн жалаа жапты деп, сотко даттанышты, түз эфир учурунда жеңил баңгизат колдонгону, коомдук сайттарга жумшак айтканда, бүдөмүк билдирүүлөрдү бир нече жолу жазганы.

Анын жүрүм-турумундагы мындай өөн көрүнүштөр бизнесине тоскоолдук жараткан жок. Анын амбициясы адаттагыдай эле дайыма бийикте. Өткөн жыл ал үчүн эсте калаарлык болду. Декабрда сыноодон өткөн "Старшип" ракетасы учуп чыккандан алты минутадан кийин жарылды. Ал бул ракета менен кишилерди Марска жөнөтүүнү пландаган. Илон Маск бул сыноону "өтө ийгиликтүү" деп баалады.

Маск тапкан байлыгын улам жаңы технология, инновацияга жумшап электр кубаты менен жүргөн Tesla, жогорку ылдамдыкта жүргөн Hyperloop транспорт системасы жана космоско туристтерди алып баруу максатында SpaceX компаниясын негиздеди. (AbA)