You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Tesla жетекчиси Илон Маскты алдамчы деп, сотко беришти
АКШнын баалуу кагаздар жана биржа комиссиясы (SEC) Тесланын негиздөөчүсү Илон Маскты алдамчылык боюнча айыптап жатат.
Комиссиянын билдиришинче, Маск компаниясын биржадан чыгарып кетүүнү айтып, бирок эч нерсе жасаган эмес. Ошондуктан SEC Илон Масктын билдирүүлөрүн жалганга чыгарып, бул туңгуюкка алып келиши мүмкүн деп, Манхэттен федералдык сотуна кайрылды.
"Бүтүмдүн шарттары, анын баасы, каржылык булактар боюнча Маск эч ким менен кеңешпей туруп иш кылды",-деп айтылат сотко жазылган арызда.
Муну да окуңуз:
Комиссиянын айтымында, Масктын билдирүүсү биржада олку-солку абал жаратып, инвесторлорго олуттуу сокку урду.
Мындан улам SEC акциялары биржада сатылып жаткан кайсы гана компания болбосун, аны Масктын башкаруусуна тыюу салабыз, керек болсо айппыл төлөтөбүз деп жатат.
7-августта Илон Маск бир акцияны $420 сатып алышыбыз мүмкүн деп жазган. Бул сумма акциянын базар баасынан 20 пайызга жогору болгон.
Мындай билдирүүдөн кийин Тесланын баалуу кагаздары 11 пайызга кымбаттап, бирок бат эле кайра түшүп кетти. Жалпысынан алганда, анын Твиттердеги сөзүнөн кийин Tesla акциялары 20 пайызга арзандады.
New York Times гезитиндеги булактардын айтымында, Tesla директорлор кеңешиндегилер буга абдан нааразы болуп, Маск эч нерсени кеңешпегенине ачууланып жатышат.
Август соңунда Маск күтүлбөгөн жерден компанияны биржадан чыгарып кетүү оюнан кайтты. Акционерлердин көпчүлүгү Tesla баалуу кагаздары биржада сатыла беришин каалаганын айтышканда, Маск чечимин кайра өзгөрткөн.
"Мен кече эле директорлор кеңеши менен сүйлөштүм. Аларга Тесланын коомдук компания бойдон калышы жакшы жол деп айттым. Алар болсо чечимимди колдоду", -дейт Илон Маск. (ErA)