Музыка дүйнөсүнө ыңкылап жасаган талант: Бетховендин 250 жылдыгы

Portrait of Ludwig van Beethoven when composing the Missa Solemnis', 1820. Stieler, Joseph Karl (1781-1858). Found in the collection of the Beethoven-Haus, Bonn.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен музыканы көңүл ачуу эмес, идея менен сезимдерди камтыган искусство катары көргөн
    • Author, Уиллиам Маркез
    • Role, BBC News Mundo

1824-жыл 7-май, Вена шаары. Ак сөөк аристократтар жана шаардын маданий элитасы Венанын Императордук жана Королдук театрына чогулуп, Людвиг ван Бетховендин "Тогузунчу симфониясын" биринчи жолу угушкан. Бул тарыхта калган эң маанилүү окуялардын бири болуп калды.

Албетте, көптөр бул күндү чыдамсыздык менен күткөн. Анткени белгилүү композитор жана дирижер көп жылдан бери симфония жаза элек болчу. Залкар музыкант 12 жылдан бери театр сахнасына дагы чыкпай калган.

Ошол күнү улуу маэстро, тарыхтагы эң чоң оркестр менен бирге сахнага чыкты.

Drawing of Beethoven conducting an orchestra

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховендин буркан-шаркан стили көптөрдү таң калтырган, бирок ал "музыка менен бирдей кыймылдап жатканын" айткан

Тарыхый окуяда симфониянын форматы дагы биринчи жолу өзгөрүп, адамдын үнү дагы коштолгон. Бетховен оркестрды кумарланып башкарып, денеси толугу менен кыймылдап, колдору менен тынымсыз жаңсап турду.

"Тогузунчу симфонияга" ушунчалык сүңгүп кирип кеткен Бетховен чыгарма жыйынтыкталганда дагы колдорун жаңсай бергени айтылат. Ошондо уламыштарга ылайык, оркестрдын солистти контральто Каролина Унгер залкар музкантка басып келип, аны токтобой кол чаап жаткан көрүүчүлөрдү көздөй бурган.

Бул учурда Бетховендин кулагы укпай калган.

Эсте калган кеч

Period engraving of Beethoven on stage, conducting the Ninth Symphony

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен дүлөй болуп калганына карабастан эң мыкты чыгармаларды жазган

Оксфорд университетинин профессору, "Бетховен: тогуз бөлүктөн турган турмуш" китебинин автору Лора Тунбриж бул окуянын бир нече башка версиясы бар экенин айтат.

"Симфониянын ачылышында ал сахнага чыккан. Бирок жанында башка дагы дирижер турган. Себеби, бул учурда Бетховендин кулагы укпай калган эле. Ошондуктан аны ишенимдүү дирижер деп атаса болмок эмес. Айрым уламыштарга ылайык, залда отургандар симфониянын бир бөлүгүндө токтобой кол чабышкан. Алар ошол бөлүктүн кайталанышын каалаган. Тарыхый кеч башаламандык менен коштолушу мүмкүн эле. Себеби композитор жана дирижер дүлөй, симфониянын өзү абдан татаал жана ал доордо музыканттарга репетицияга убакыт берилчү эмес. Ошондуктан концерт кынтыксыз өткөнү көптөгөн окумуштууларды таң калтырат",-дейт окумуштуу.

Көңүл ачуу эмес, музыка бул искусство

Composite image of the front cover of "Beethoven: a life in nine pieces" and a portrait of Laura Tunbridge

Сүрөттүн булагы, BBC/Richard Strittmatter

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оксфорд университетинин профессору Лора Тунбриж "Бетховен: тогуз бөлүктөн турган турмуш" китебин Бетховендин 250 жылдыгына арнап жазды

Ошол түн Бетховендин даңк менен трагедиясын көрсөттү.

Залкар музыкант 250 жыл мурун Германиянын Бонн шаарында төрөлгөн. Анын так туулган күнү белгисиз болгону менен, Бетховен 1770-жылы 17-декабрда чиркөөдөгү жөрөлгөгө катышты деген архивдик маалымат болгондуктан аны 16-декабрда туулган деп келишет.

Бетховен жаш кезинде Наполеондун жүрүштөрүнө күбө болгон. Жалпы Европа үчүн бул жылдар саясий башаламандык менен белгилүү. Балким дал ушул себептен Бетховендин мүнөзү дагы татаал жана карама-каршылык менен коштолгондур.

Бетховен Германияда туулуп-өскөнүнө карабастан аны Вена шаарынын эң мыкты музыканты катары таанышкан. Бул шаарда залкар музыкант аталуу оңой эмес. Дал ушул шаарды Вольфганг Амадей Моцарт, Жозеф Гайдн, Франц Шуберт жана Антонио Вивалди өзүнүкү санаган.

"Бетховен музыка дүйнөсүндө ыңкылап жасап кетти десек жаңылышпайбыз. Ал музыка идея жана сезимдерди камтыйыт деген көз карашы менен чыгармаларын бир гана көңүл ачуу эмес, андан терең, маанилүү экенин жеткире алды. Бетховен музыканы искусствого айланткан залкарлардын бири",-дейт профессор Тунбриж.

Ошол эле учурда Бетховенди өзүмчүл, ачуусу чукул, нарциссист, чоң муштум, сезимдерин түшүндүрө албаган алкоголик болгону айтылып келет.

"Бул Бетховендин романтикалык мифи. Аны кыйналып, ичиндеги шайтандар менен күрөшүп жаткан, кулагы укпай калган бечара, чыгармачыл адам катары көргүбүз келет",-дейт Тунбриж.

Чынында, залкар музыкант чыгармаларын баарынан бийик койгону талашсыз. Ал кыйынчылыктарга карабастан ушундай музыканы жарата алганы азыр деле таң калыштуу.

Бетховендин саламаттыгы

Bust statue of Beethoven

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен көп жылдар бою катуу ооруган

Ооба, Бетховендин мүнөзү оор болгонун көптөр белгилешет. Бирок бул киши көп жылдар бою ооруп, туура эмес дарыланган учурлар дагы болгону аныкталган.

Заманбап технологиянын жардамы менен окумуштуулар Бетховен кандай илдетке чалдыкканын жана эмне себептен дүлөй болуп калганын изилдешти. Албетте, бул жагдай дагы анын мүнөзүнө жана чыгармачылыгына таасир эткен.

Британиялык нейрохирург Хенри Марш Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын "Бетховенди териштирүү" документалдык тасмасында залкар музыкант чалдыккан илдеттерге диагноз койгон.

Дарыгердин айтымында, Бетховен "ичеги-карындын сезгенүүсү, ич өткөктүн оор түрү, Уипплдин оорусу (ичеги илдети), депрессия, сымап менен уулануу жана гипохондрияга" кабылган.

Бетховен көз жумганда (1827-жылы, 27-мартта) белгилүү дарыгер Иоганнес Вагнер аутопсия жасап, музыканттын ашказаны шишип кеткенин, боору дагы жабыркаганын жазган.

Etching of Beethoven on his death bed.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен көз жумгандан кийин аутопсия жүргүзүлгөн

Бетховендин үй-бүлөсү алкоголизм менен күрөшкөнү бегилүү. Композитордун чоң-энеси, атасы дагы алкоголизм менен ооруган.

Профессор Тунбриж ошол заманда аристократтар вино көп ичкендиктен, Бетховен дагы вино ичкенин айтат. Калифорниядагы Сан Хозе университетинин окумуштуусу Уиллиам Мередит Бетховендин чачынын бир талын изилдеп, вино менен сымап уулануусунун байланышы бар экенин аныктаган.

Сымап менен уулануу неврологиялык илдетке алып барышы ыктымал.

Бетховен эмне себептен укпай калган?

Ludwig van Beethoven, illustration from a cigarette card album, author unknown, preserved at the Pictures of German History collection

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кулагы укпай калганда Бетховен: "Ушундай деңгээлге жетип кемчилигим бар экенин кантип мойнума алам?"-деген

Окумуштуу Мередит Бетховен ичеги ооруларынан улам кулагы укпай калышы мүмкүн экенин айтат.

Андаш тышкары Мэриленд медициналык мектебинин окумуштуусу Филип Макковиак Бетховен тубаса сифилис илдетинен дүлөй болуп калышы мүмкүн дейт.

Ошол жылдары Америкадан Европага жайылган илдет көптөрдү кыйнаган. Бирок бул пикирге нейрохирург Хенри Марш кошулбайт.

Photograph of the Heiligenstadt house where Beethoven sought shelter.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен Хайлигенштадттагы үйүнөн дүлөй болуп калганын биринчи жолу инисине жазган

Залкар музыканттын кулагы 1797-1798-жылдары катуу болуп бара жатканы белгилүү. Дарыгердин кеңешин угуп, Бетховен 1802-жылы Вена шаарынан тынч деп саналган Хайлигенштадт шаарчасына көчүп барган.

Дал ошол шаардан биртуугандарына дүлөй болуп калганы боюнча кат жолдоп, өз өмүрүн алуу жөнүндө ойлонуп жатканын айткан.

"...алты жыл мурун илдетке туш болдум. Жөндөмсүз дарыгерлер оорумду күчөтүштү. Эми баарынан алыс, кылмышкердей эле жашынып жашашым керек болуп калды. Башка кишилерге жолосом эле, илдетимди алар байкап калат го деп коркунучтуу сезим пайда болот",-деп жазган Бетховен.

Дүлөй болуп калганына карабастан Бетховен чыгармаларын жаза берген.

Улуу композитор жөнөтпөй калган каттарынын бири, көп жылдан кийин жарыяланган:

"Көп музыканттар эңсеген жана аз сандагы музканттар жете алган деңгээлге чыгып, кемчилигим бар экенин кантип мойнума алам?"

1818-жылы Бетховен толугу менен дүлөй болуп калганы белгилүү. Бул учурда ал башкалар менен калем жана кагаз аркылуу баарлашып калган.

Буркан-шаркан толкундай болгон күч

Photo of old hearing aids used by Beethoven

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен музыканы угуу үчүн колдонгон аспаптар

Турмуштагы кыйынчылыктарга карабастан Бетховен чыгармаларын жарата берди.

Профессор Тунбриж Бетховен бир туугандарына жазган каттарында "музыка мени сактап калат", "чыгармаларым жашоомо маани берет" деп айткандарын белгилейт.

Бетховен чыгармаларын пианинодо жазган жана ар түрдүү аспаптарды колдонуп, музыканы угууга аракет кылган.

Бирок залкар композитордун эң күчтүү куралы - анын мээси эле.

"Музыканттар чыгармаларын элестете аларын эстен чыгарбоо керек. Бетховен бала кезинен бери эле чыгармаларын элестетип, кийин кагазга түшүрүп келген. Балким ал сырткы дүйнөнү укпай калгандыр. Бирок ички дүйнөсүндө музыканы уга берген, чыгармаларын элестете берген",-дейт профессор Тунбриж.

Paintin of Beethoven in the countryside, found in the Collection of Philharmonie de Paris, France.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эгерде кулагыңыз укпай калса музыканттын энергиясын карап, чыгарманы элестетүүгө болот"

Кулагы укпай калса дагы Бетховен чыгармаларын жаңы дэңгээлге чыгара алды. Анын музыкасында буркан-шаркан толкундай болгон күч байкалат. Айрым заманбап эксперттер Бетховендин кулагы укпай калганы, анын талантын өөрчүттү деген пикирде.

"Эгерде кулагыңыз укпай калса музыканттын энергиясын карап, чыгарманы элестетүүгө болот", -дейт Британиялык профессор Ричард Эйрз.

Ричард Эйрз дагы дүлөй. Ал Бетховенден эргүү алып, өз чыгармаларын жаратып келет.

Чынында, Бетховендин музыкаларындагы темалар так, чыгармасында толкундай болгон ритм бар. Эйрздин айтымында, Бетховен чыгармасы аткарылып жатканда музыканттардын кыймылын, энергиясына байкоо салган.

Үмүт

Original music from Beethoven's 9th Symphony

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховендин "Кубанычтын одасы" чыгармасы анын саясий жана социалдык идеологиясын камтыйт

Бетховендин карама-каршы мүнөзү дагы чыгармаларында байкалат. Ооба, анын өзүмчүл болгонун далилдеген фактылар көп. Бирок профессор Тунбриж Бетховен "андан кыйла терең болгонун" айтат.

Мисалы, композитор белгилүү "Кубанычтын одасы" чыгармасын турмушундагы оор учурда жазган. Себеби ал келечекте үмүт бар кенин сезген, дейт профессор Тунбриж.

"Ошол үмүт композитордун өлүмүнө чейин өчкөн жок. Аны эч ким четке кага албайт",-дейт окумуштуу.

Painting of Beethoven's funeral in Vienna.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бетховен 1827-жылы 26-мартта 56 жашында көз жумганда Вена шаарында залкар музыкантты акыркы сапарга узатуу үчүн кылкылдаган эл чогулган