"Аккордеон Асанкалый жыттанып жатабы": атактуу обончудан калган таберик

кара түстүү аккордеону Асанкалый агабыздын шакирти Үрүстөм Термечиковдун колунда

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара түстүү аккордеону Асанкалый агабыздын шакирти Үрүстөм Термечиковдун колунда
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Шакирттеринин айтуусунда атактуу обончу, ыраматылык Асанкалый Керимбаев (1950-1999) агабыздын эки аккордеону болгон экен. Бири - кызыл түстүү, экинчиси - кара түстүү аккордеону.

Ошол кара түстүү аккордеону Асанкалый агабыздын шакирти Үрүстөм Термечиковдун колунда экен.

Асанкалый Керимбаев күтүүсүз жерден элин күйгүлтүккө салып, оо дүйнө узаганда, "эки аккордеону бар эле, ошонун бирин таберик тутуп, агабыздын обонун созолонтуп жүрөйүн" деген тейде, Үрүстөм аке көздөп издеп, кызыл түстүү аккордеону Кочкор районунда жашаган шакиртине кеткенин угат. Кара түстүү аккордеондун артынан сая кууп издеп жүрүп, акыры Түгөлбай Казаков аганын үйүнөн тапканын айтып отурса, кызык аңгеме!

Арслан Капай уулу менен Үрүстөм Термечиков

Сүрөттүн булагы, screenshot

"Асанкалый аганын аккардеону колума тийгенде, төбөм көкө жете кубандым. Сүйүнгөнүмдү көргөн Түгөлбай Казаков ага "аккордеон Асанкалый жыттанып жатабы" деп тамашалады. Мен "ооба" деп жооп бердим", - дейт Үрүстөм Термечиков. Ошол күндөн ушул күн Асанкалый Керимбаевдин аккордеонун сары майдай сактап, ээсин жоктотпой, маал-маал ойноп турат экен.

Асанкалый Керимбаевдин аккордеонун көтөргөн Үрүстөм Термечиков учурунда Рыспай Абдыкадыровун да акыл-насаатын уккан.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.