Блог: Султан Раев жана эл каттоо

Бишкектеги темир жол бекети
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

1989-жылкы эл каттоого каттоочу болуп катышып калдым. Фрунзенин Гагарин көчөсүнөн жогору, Бах көчөсүнүн күн батыш жагы, "Попеновка" деп аталган аймактагы элди каттап чыгуунун милдетин жүктөп коюшту.

Бир чоң сумканы көтөрүп алып, күндө көчө аралап, ар бир үйгө баш багам да, кагаз-кугазды жайып коюп, тургундардын бирден тизмелеп эсебин алам. Пасханын маалы эле. Кээ бир үйлөргө кирсең, орустар аракты чанып, самогон ичип аткан болот. Алардын жоросунун үстүнөн чыксаң, айрымдары стаканга самогондон толтура куюп, "студент, тартып ий!" деп кыйнагандары болор эле. Анда аракты оозго алчу эмесмин. Ичпей кутулам. Аты-жөнүн айтканга жарабай калгандары болоор эле, антип ылжып мас болгондоруна соолуккан учурун болжоп, кийин кайрылып барам.

Ошондо таң калганым, ошончо элдин ичинде бир кыргыз жок! Расмий статистика боюнча, Фрунзенин калкынын 20-22 пайызын кыргыздар түзөт деп айтылчу. Ошол 20 пайызга жетип алганыбызга деле бирөөлөр каниет кылса, бирөөлөр астыртан нааразы болуп, бирок ачык-айрым үн ката алышчу эмес. Фрунзенин ошол бөлүгүн - Попеновканы каршы-терши жөө-жалаңдап аралап жүрүп, "ылгый эле орус, месхет түрктөрү, украин экен, бул аймакта 20 пайыз кыргыз жок экен," - деп калдым.

Бир күнү Хоперская көчөсүндөгү чакан үйгө келдим. Дарбазаны каккыладым. Мен чамалуу эле кыз чыкты. Кыргыз экенин дароо тааныдым. Келгендеги жагдайымды түшүндүрүп:

-Атыңыз ким? - дедим.

-Сагын, - деди.

-Сагын, олтуруп жазганга ылайыктуу жер керек,- дедим. Ичкери киргизди. Бир тегерек үстөлү бар экен, ошол үстөлдүн үстүнө чоң начальниктен бетер кагаз-кугазды жайып таштап, анкеталарды толтура баштадым. Үй ээсинин дайнын жазуудан башташым керек эле, "Сагынмын" деген кызды маңдайыма отургузуп коюп, "кожоюндун фамилиясы ким?" - дедим.

-Раев,- деди.

-Аты ким?- дедим.

-Султан! - деди.

Султан Раев

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев

Султан Раев деген баштооч жазуучунун жазгандарын, чыгармаларын окуп жүрчүмүн. Кыргызда бир эле Султан Раев бар экенинен шек санабастан туруп, "жазуучу, журналист Султан Раевпи?" - дедим. "Ооба," - деди Сагын. Ошол ирмемден баштап, маңдайымда анкетанын суроолоруна жооп берип жаткан кожойкени дароо "эже" дегенге өттүм.

Бир ай жүрүп, кыргыздын бир бүлөсүн тапканыма, каттоого алганыма бир эсе сүйүнсөм, бир эсе килейген эле мааледен 20 пайыз кыргыз чыкпай калганына ичим таарыды.

Сүйүнгөнүм, Султан байке калдайып, жалгыз 20 пайыз кыргыздын ордун толтуруп, 20 пайыз кыргызга жалгыз татып жүргөн экен. Ич таарыгандык да кетти, себеби, ошондон он жыл өтүп-өтпөй кыргыздар Бишкектин калкынын 52 пайызын түзүп калдык.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.