Арстандай айбат күткөн Кыргызстан, Американын дөө-шаалары жана буурчак шорпо

Боинг-747 на стоянке

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Кыргызстандын өнүгүп-өсүп кетишине огожо болобу деген ойдо чет өлкөдөн көп эле белгилүү кишилерди алып келдим. Британия, Ирландия, Сингапур, Индия, Түркия, Малайзия, Литва, Венгрия жана башка өлкөлөрдөн кимдерди гана чакырып келип, коноктогон жокмун. Ошолордун ичинен америкалык достор менен болгон окуя өзгөчө эсте калып, ошону айтып бергим келип туру.

Американын атактуу басылмаларынын бири жазмакчы, алакандай Кыргызстан арстандай айбат күтүп ("mice with lion's roar"), инвестициялык бедели алыс-жуук өлкөлөрдүн көңүлүн кадыресе буруп турган мезгил эле.

Реза Райен аттуу таанышым Кыргызстанга генерал Колин Пауэллди, 2001-2005-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысы болуп турган кадимки Пауэллди (Colin Powell) алып келем деп калды.

"Пауэлл келип, кайсы-бир бизнесс долбоорго аралашса, инвесторлорду тартууга шыкак берет",- деди. Ишенген жокмун. "Колин Пауэлл Кыргызстанга келип коймок беле?",-деп ойлодум.

Биз Колин Пауэллди чакырып келгиче Кыргызстанга атактуу сенатор, Америка саясатынын алпы Боб Доул (Bob Dole) озунуп келип калды. Азыр жашы жүзгө таяп калган Боб Доул ошол кезде токсонго барып калган эле. Учурунда Американын президенттиги үчүн да, вице-президенттиги үчүн да ат салышып көргөн кишинин Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кол кабыш кылганы келип бергени жакшы эле жышаан деп ойлойм. Анын карапайым эл арасындагы кадыр-баркын ушундан да билдим, учактын бизнесс-класс тарабынан эконом-класска баш бакканда, америкалык жүргүнчүлөр ордуларынан какая турап калып: "улутка өтөгөн кызматыңыз үчүн үлкөн ыракмат, сэр!" (Thank you, sir, for your service to our nation!"),-деп кыйкырып, сый-урмат көрсөтүп жатышты. Ошондон эки күндөн кийин "Хаят" мейманканасында маалымат жыйынын берди, Кыргызстандагы инвестициялык климат өтө жагымдуу экенин айтты.

Америка саясатынын алпы Боб Доул жана жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америка саясатынын алпы Боб Доул жана жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев

Ооба, инвестициялык климат чындап эле жагымдуу болгон экен, аңгыча Райен досум Америка саясатынын дөө-шааларынан саналган Пол Вольфовичти ( Paul Wolfowitz ) чакырып келди. Дүйнөлүк Банктын мурдагы президенти, АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары, Иракка кол салуу маалындагы Американын коргоо министринин орун басары Вольфович мырзаны Кыргызстандагы көп бизнесс-долбоорлор, анын ичинде көмүр кендерин иштетүү долбоорлору кызыктырган эле.

Сүйлөшүүлөрү аяктаганда, Вольфовичти кечки тамакка чакырдык. Жеңил эле шорпо каалап жатканын айтты. Райен мырзага мурдагы келишинде "Капитан Немо" кафесинин буурчак шорпосу жагып калган экен, ошол жерди сунуш кылды. Тоголок Молдо -Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеге бардык. Бирден буурчак шорпо заказ кылдык.

"Кыргызстан стабилдүүлүктү сактай алабы?",- деди Вольфович мырза. Дүйнөлүк саясатты калчап, Иракка будуң-чаң салып, Саддам Хуссейндин түбүнө жеткен ишмерлердин бири катары атак күткөн кишиден бул суроону укканымда чындап таң калдым. Сөздү улаш үчүн эле тамашалап сурап жаткандай туюлду. "Жакынкы Чыгыштын картасын чийип койгон кексе киши Борбор Азиянын деле келечегин туюп турса керек", - деп ойлодум ичимде.

"Албетте, Кыргызстан стабилдүүлүктү сактай, инвестициялык климат андан-ары оңолот", - деп ооз көптүрдүм. Кыргыз арагынан да, кыргыз коньягынан да элүү грамм сунуш кылдым. Ичпейт экен. Буурчак шорпону түгөттүк да, жылуу коштоштук.

Тилекке каршы, Вольфовичтин тобу чыгынып ишке киришкенче, өлкөнүн инвестициялык рейтинги төмөндөгөндөн төмөндөп отурду. Колин Пауэллди алып келиш мүмкүн болбогондой деңгээлге төмөндөдү окшойт. Анткени, бир курдай сингапурлук инвесторлор да көмүр кенине кызыгуу артышып, алардын салам-дубайын айтканы "Кыргызкөмүрдүн" башчысына кирсем, мекеменин башчысы:"Кыргызстанга инвесторлордун кереги жок! Өз күчүбүзгө таянып иштейбиз! Биз инвесторлордон кутулуу саясатын жүргүзүшүбүз керек!" -дебеспи.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.