Боюн жээкке уруп 380 дельфин өлдү: кумдан сууга сүйрөгөн куткаруучулар

Дельфиндер

Сүрөттүн булагы, BILAL RASHID/REUTERS

Тасманияда жээкке боюн урган кара дельфин-гринддердин көбүн аман алып калууга мүмкүн болгон жок. Болжолу 380 дельфин-гринддер өлгөн.

Австралия тарыхында мындай масштабдуу окуя болгон эмес эле. Бир нече күн ичинде жээкке 470 чамалуу дельфин боюн урган.

Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду. Куткаруучлар дагы отузун аман алып калууга аракет кылууда.

"Алар дале тирүү, жээктеги тайыз сууда турат. Биз аларды куткарып калабыз деп үмүттөнүп турабыз. Бирок убакыт өткөн сайын алардын шайы ооп жатат",-деди тасмандык бийликтин өкүлү Ник Дека.

Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду

Сүрөттүн булагы, TASMANIA GOVERNMENT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду

Жээктеги дельфин-гринддерди дүйшөмбү күнү байкап калышкан. Бул чөлкөмдө мындай окуялар мурдатан катталып келүүдө. Акыркы жолу кит сымалдар жээкке боюн урган окуя 2009-жылы катталган. Анда жээкке 200 чамалуусу чыгып калган эле.

Тасманиялык куткаруучулар Маккуори-Хедс булуңунан дельфиндердин үч үйүрүн көрүшкөн. Бул чөлкөмгө кургак аркылуу да, суу аркылуу дагы баруу татаал. Ошентсе да жетип барган 40 куткаруучу кечээ жээкке чыгып калган дельфиндерди терең сууга түшүрө баштаган эле.

Кара дельфиндердин узундугу жети метрге чейин жетет, салмагы үч тоннага чейин

Сүрөттүн булагы, RYAN BLOOMFIELD/REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара дельфиндердин узундугу жети метрге чейин жетет, салмагы үч тоннага чейин

Куткаруу операциясына катышып жаткан биологдордун айтымында, айрымдарын аман алып калууга мүмкүн болбой калышы мүмкүн. Анткени алар абдан көлөмдүү жана өтө ыңгайсыз абалда жатып калышкан. Жергиликтүү тургундарга жээкке барбоо тууралуу эскертүү беришти. Анткени куткаруучулар жетиштүү санда деп айтылды.

Map

Эмне үчүн боюн жээкке урат?

Кит тукумундагылар эмне үчүн жээкке боюн ураарын илим аныктай элек.

Киттер жана дельфиндер жээке боюн урган учурлар көп

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киттер жана дельфиндер жээке боюн урган учурлар көп

Жыл сайын Австралия жана Жаңы Зеландияда миңге чейинки кит тукумундагылар башка аймактарга сүзүп кетишет. Окумуштуулар суу жаныбарлары лидерин ээрчип сүзөрүн айтышат. Ар бир үйүрдө тыгыз социалдык байланыштар бар. Ошондуктан бир эле учурда жээкке көп сандагы киттер боюн урат.

2018-жылы Жаңы Зеландияда 200 чамалуу дельфин-гринддер жээкке боюн уруп өлгөн. (AbA)