Жаңы Зеландияда жүздөгөн киттер жээкке боюн урган

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жаңы Зеландияда 400гө чукул кит жээкке боюн уруп өлгөн.
"Волонтерлор окуя болгон жерге келгенде жээкке чыгып калган киттердин көбү өлүп калган экен",-деп билдирди өлкөнүн табиятты коргоо департаменти.
Киттердин мындай массалык түрдө өзүн өлтүрүүсү бул өлкөдө катталган мындай окуялардын эң масштабдуусу болуп калды.

Сүрөттүн булагы, AP
Департаменттин маалыматына караганда, Голден-Бей булуңунда жээкке боюн урган киттердин саны 416. Алардын дээрлик 70 пайызы өлгөн. Департаменттин кызматкерлери волонтерлор жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте тирүү калган киттерди куткарууга аракет кылууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Киттердин аман калгандарын куткарууда көп кыйынчылыктар болуп жатат. Аларды ачык деңизге коео берүүгө өлгөн киттердин оор денелери тоскоолдук кылууда. Бирок ошого карабастан департаменттин өкүлдөрү тирүү калган киттердин көбү сууга түшүрлгөнүн кабарлады.
Киттердин өзүн өзү массалык түрдө өлтүргөн учурлары көп катталат. Алар жээкке чыгып калган маалда куткаруу иши кыйынга турат. Өткөн жылдын январь айында Индиянын Тамилнад штатында жүзгө чукул кит жээкке өзүн ыргыткан. Жергиликтүү тургундар болгону 30 китти гана аман сакташкан.
Киттердин эмнеге жээкке боюн ураары тууралуу окумуштууларда так пикир жок. Айтылган теориялардын бирине таянсак, бир же бир нече кит кырсыкка учураганы тууралуу белги бергенде киттердин баары артынан барышы мүмкүн.








