You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ГКЧПга 29 жыл: Советтер Союзунун ыдырашы
1991-жылы 19-августта Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет деп атыккан түзүм (ГКЧП) Михаил Горбачевду бийликтен четтетүүгө аракет кылышкан. Комитеттин курамында сегиз киши болгону белгилүү.
Ошентип 19-августта советтик атуулдар президент Горбачев күтүүсүздөн ооруп калды деген кабар менен ойгонушкан. Башкарууну Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) колуна алганын жарыялайт. Бирок Борис Ельцин калың массанын колдоосу менен төңкөрүш уюштургандарды багынууга аргасыз кылган. Кийин төңкөрүшкө активдүү катышкандар камакка алынган. 1992-жылы ГКЧП катышуучулары амнистия менен бошотулган. Алар болсо бул аракети менен Советтер Союзун сактап калууга умутулушканын айтышкан. ГКЧПнын аракети ишке ашпай калып, натыйжада СССРдин ыдырашына жол ачты. Саналуу апталардын ичинде советтик державанын тарыхый ролу өзгөрүп, союздук өлкөлөрдүн ар бири өз жолун тандап алышты.
ГКЧПга чейинки абал кандай эле?
Горбачевдун башкаруусу маалында өлкөнүн экономикасы оор абалга кептелген. Анын реформалары пландуу экономиканы жанданткандын ордуна кайра анын уроосуна түрткү болгон дейт айрым серепчилер. СССР ыдыраганга чейин Горбачев дагы, анын тегерегиндеги экономисттер дагы кыйроонун так себебин билген эмес. Аны токтотуу үчүн эч кандай чара (монетардык, салыктык, бюджеттик ж.б.) көрүлгөн жок.
1990-жылы экономисттер Николай Петраков, Станислав Шаталин, Григорий Явлинский, кийин Егор Гайдар жана анын тобу чакан ишканаларды, иштетилбей турган жерлерди менчиктештирүү экономиканы туюктан чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деп айтып келишкен. Горбачев радикалдуу секирик жасап, базар экономикасына өтүп кетүүдөн кескин баш тарткан. Анын ой-максаты гуманндуу эле. Бирок экономика жана каржылык абал артка кулады. 1991-жылдын жайына барып Горбачевду жана анын узун сөздөрүн жактырбагандар көбөйдү.
Горбачев Батыштан каржылык жардам үмүт этип жаңылышкан. Август окуяларынан бир аз алдын Лондонго "Жетилик" менен жолугушууга келген. Андан алдын Батыш Германиядан жана Түштүк Кореядан он миллиарддаган каражат алган. Бул акчалар кумга сиңгендей жок болот. Өлкөгө административдик-саясий тартип киргизүү зарыл болчу. Анын ордуна саясий башаламандык күчөй берген. СССРдин курамындагы бардык республикаларда, Орусиянын өзүндө эгемендүүлүктү талап кылган маанай күч алды. Борбордун буйругуна баш ийбей, өз алдынча болууну эңсегендер көбөйдү.
Мына ушундай кырдаалды көрүп туруп, Горбачевдун бийликте болушун кааласа дагы АКШ администрациясы СССРге Батыштан эч кандай каржылык жардам болбойт деген чечимге келген. Батыштын союздаштары америкалыктардын пикири менен макул болгон. Ошентип президент Горбачев Лондондон СССРге кур кол кайтты.
Төңкөрүш эмнеге ийгиликсиз болду?
ГКЧП ийгиликсиз болуп калышынын негизги себептеринин бири - чечкинсиздик, эки анжылык. Алар Ельцинди чететтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган эмес жана өздөрүнүн шарттарын коео алышкан эмес.
Төңкөрүштөн бир нече ай мурун Горбачев тобокелчил саясий оюндарды жүргүздү. Ал жаңыланган Союзду түзүү үчүн Ельцин жана башка республикалардын жетекчилери менен сүйлөшүүдө катарынан саясий чегинүүлөрдү жасаган. "9+1" форматындагы сүйлөшүүлөр Горбачевдун пайдасына чечилген эмес. СССР президенти Горбачев менен Орусия Федерациясынын лидери Борис Ельциндин "жаңыланган Союз" боюнча көз караштары түпкүлүгүндө эки башка эле.
Горбачев күчтүү борбордук аппаратка ээ, жалпы шайлоо аркылуу келген президенти бар Республикалардын федерациясын түзүүнү каалаган.
Ельцин болсо "келечек көз карандысыз Орусияда" деп түшүнгөн. Ошондуктан кеңешчилери менен 1776-жылдагы Түндүк Америка штаттарынын үлгүсүндөгү, алсыз номиналдуу президенти бар же анысы жок деле конфедерация түзүүнү талап кылган. Мындай болгондо Орусия артыкчылык кылып, эл аралык жолугушууларда Горбачевдун эч кандай деле ролу болмок эмес. Ельцин Прибалтика өлкөлөрүнө тез арада көз карандысыздык берүүнү дагы талап кылган. Ошол эле маалда Украина "Союзда" Орусия менен бир болот деп эсептеген.
Горбачев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ельцин эмне кааласа, ошонун баарын алган. Союздук келишимдин финалдык версиясында Горбачев постунда калганы менен Орусияга "көз карандысыздык" берди.
Ельцин союздук өкмөттү жана Жогорку Советти таратууну каалаган. 1991-жылы 30-июлда премьер-министр Валентин Павловду, КГБ жетекчиси Владимир Крючковду, ИИМ жетекчиси Борис Пугону жана коргоо министри Дмитрий Язовду кызматтан алууну талап кылган. Ельцинди Нурсултан Назарбаев колдоп чыккан. Горбачев буга макул болот.
Иш жүзүндө кеп СССР президентинин реалдуу бийлигинен баш тартуусу тууралуу жүрүп жаткан. Күч түзүмдөрүн башкаруу, каржылык жана эконмоикалык башкаруудан айрылып жатпайбы. Ал эми бул бийлик келишим боюнча республикалардын лидерлерине, биринчи кезекте Ельциндин колуна өткөн. Жыйынтыгында ГКЧП айрым Горбачев, Ельцин жана Назарбаевдин келишимин "антиконституциялык кутум" деп атаган. Кийин бул келишим тууралуу сүйлөшүүнү КГБ жазып алып, ГКЧП аракетине негизги себеп болгонун Ельцин менен Горбачевдун айтканы бар. Бирок СССР акыркы күндөрдү жашап жатканы аларды "жашыруун тыңшабай" эле белгилүү эле. Горбачев убада кылган Федералдык демократиялык мамлекет кумдан курулган аксарай сыяктуу эле болуп калды.
ГКЧПнын негизги кыймылдаткычы КГБ жетекчиси Крючков менен президенттик аппараттын башчысы Валерий Болдин болгон.
ГКЧП жетекчилери басма сөз жыйынында чекинсиз, калдастаган абалда көрүнгөн. Янаев өзүнө ишенбеген абалда олтурган.
Крючков жана башка ГКЧП мүчөлөрү Ак үйдүн алдындагы чогулгандарды күч менен таратып, Ельцинди камакка алууга барган эмес. Мунун бир нече себептери айтылып жүрөт. Куралдуу күчтөр тартипти колго алууда ишенимдүү болгон эмес.
Аянтка киргизилген аскерлерге Ельциндин чакырыгы менен чыккан жаалданган жаштар кол салып, аскер техникаларына бөтөлкө ыргытышкан. Жыйынтыгында үч жаран каза тапты. Мунун өзү аскерлерге жана Язовго катуу таасир эткен окуя болду. 21-августтун таңында коргоо министри жыйын өткөрүп, ГКЧПдан чыкканын, баш калаадан аскер күчтөрүн чыгарып кетерин жарыялады.
"Август путчунда" классикалык аскер төңкөрүшүнүн белгилери бар. Бирок тергөө комиссиясынын материалдарында ГКЧПнын башка мүчөлөрүнө караганда, ошол кездеги коргоо министри Советтер Союзунун маршалы Дмитрий Язовдун күнөөсү аз болгону: кутум уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышпаганы жана акыркы учурларда гана ага аралашканы айтылат. Ошол эле маалда акыр аягына чейин ал күмөнсүп, баш-оту менен аралашпаганы белгиленет.
23-августта теле аркылуу миңдеген советтик жарандар СССР президенти Горбачев Ельциндин алдында "пешка" болуп калганына күбө болду. Орусия парламентинин жыйынында ошол маалда дале КПСС генералдык катчысы болуп турган Горбачевдун көз алдында Ельцин Коммунисттик партияга тыюу салган буйрукка кол койду. Ал бүтүндөй министрлер кабинетин отставкага кетирүүгө Горбачевду мажбурлады. Горбачев өкмөтү жок президент болуп калды. СССРдин толугу менен жоюлушу үч айдан кийин болду. (AbA)