CCCРдин тыңчысы болуп, жоопко тартылбаган америкалык окумуштуу

1949-жылы 29-августта СССР экинчи "атомдук державага" айланган. Советтер Союзу РДС-1 бомбасын ийгиликтүү сынаган.

Батыш мамлекеттери СССРдин сыноосуна таң калган болчу. Алардын атайын кызматтары Советтер Союзу 1953-жылга чейин өзөктүк курал жасоого мүмкүнчүлүгү жок экенине ишенген.

Эң кызыгы, СССР атомдук бомбага америкалык окумуштуу Теодор Холлдун жардамы менен жеткен. Ал мамлекеттик сыр деп саналган жашыруун маалыматты Совет бийлигине жөнөткөн.

Советтер Союзунун маалымат берип турган башка да агенттери болгон, бирок алардын ичинен Теодор гана жоопко тартылбай, таптаза кутулуп кеткен.

Анда Гарвард университетинде билим алган Теодор Холл кантип тыңчыга айланды эле жана ал кантип из жашырган?

РДС-1 өзөктүк бомбасы АКШнын "Fat Man" же "Семиз жигит" атомдук бомбасына окшоштугу жөн жерден эмес. Дал ушул бомбаны АКШ 1945-жылы 9-августта Нагасаки шаарына таштаган.

Өзөктүк куралдын дизайны "Манхэттен долбоорунан" Советтер Союзуна жеткирилип турган. АКШ, Британия менен Канада өзөктүк курал долбооруна "Манхэттен" деген каймана ат беришкен. Кийин аны "Манхэттен долбоору" деп атап калышкан.

Мамлекеттик сыр

Ал доордо маалыматты жашыруун кармоо абдан маанилүү болгону калетсиз. 1945-жылы жарыяланган макалада "Манхэттен долбоору" жөнүндө саналуу гана адамдар билгени айтылат. Алардын арасында Теодор Холл дагы бар болчу.

1915-жылы 20-октябрда туулган Холл Америка экономикалык кыйынчылыкка туш болгон учурда өскөн. Ага карабастан Холл математика менен физика тармагында гений болуп таанылган.

Окумуштуу 16 жашында эле Гарвард университетине чакырылып, 1944-жылы аны ийгиликтүү бүткөн. Анын жетишкендиктерине АКШнын бийлиги көңүл бурбай койгон эмес. "Манхэттен долбоору" башталып жатканда эле Холл ишке чакырылган.

1943-жылы Теодор Холл жашыруун Лос-Аламос лабораториясында мамлекеттик сыр катары саналган "Манхэттен долбоорунда" ишин баштаган.

Коммунист досу

Американын атайын кызматтары бир маалыматты көз жаздымда калтырган экен. Теодор Холл Гарвардда окуп жатканда университеттин марксист уюмуна кошулган. Анын бир бөлмөдө жашаган досу Сэвил Сакс коммунизмге берилген, Орусиядан жер которгон иммигранттын уулу эле.

Сакс Теодор Холлду совет агентине айлантып, өзөктүк курал боюнча жашыруун маалыматты өзү ташыган.

1944-жылы декабрь айында жаш окумуштуу Лос-Аламос лабораториясынан биринчи жашыруун маалыматты совет бийлигине жеткирген. Анда атомдук бомбанын жасалышы боюнча маанилүү информация бар эле.

"1944-жылы атомдук куралдын монополиясына жол берилсе, анын кесепети оор экенин көп ойлодум",-деп жазган Теодор Холл 1997-жылы New York Times гезитине. Ошондон эки жылдан кийин Холл рак илдетинен көз жумган.

Окумуштуу СССР дагы өзөктүк куралга жетсе, эки тарап бири-биринен кооптонуп согушка барбайт деп ойлогон.

"Ал учурда Советтер Союзу душманыбыз эмес, АКШнын өнөктөшү болчу. Алар нацисттер менен катуу кармашкан, адамдык жоготууларына карабастан согушун уланткан. Алар Батыш өлкөлөрдү дагы сактап калды десе болот",-деп жазат Холл.

СССР Теодор Холлго "Жаш окумуштуу" деген каймана ат койгон. Холл совет бийлигине техология, өзгөчө бомбаны алыстан жардырууу ыкмасы жөнүндө маалымат жеткирип турган.

Шифр маалымат

АКШ менен СССР Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өнөктөш болгону менен бири-бирине тыңчылык аракеттерин токтоткон эмес.

Кызыгы, Вашингтондун советтерге каршы "Венона" каймана аты менен белгилүү болгон тыңчылык аракеттери 1943-жылы февраль айында эле башталган. 1946-жылы декабрь айында АКШ НКВД колдонгон шифрдалган маалыматтын коддорун окууга жетишкен.

Ошол айдан тарта СССР "Манхэттен долбооруна" тыңчылык кылганы Вашингтонго билинип калган.

1950-жылы Теодор Холл докторлук диссертациясын жазып жатканда Федералдык иликтөөлөр бюросу окумуштууну кармап кеткен. Шифрдалган маалыматта Москва Холлду агент катары атаган.

1949-жылы Лос-Аламос лабораториясында иштеген германиялык физик Клаус Фукс мамлекеттик сыр катары саналган маалыматты душманга өткөрүп бергенин мойнуна алган. Ал эми Теодор Холл менен Сэвил Сакс дооматтарды четке кагып, эч мойнуна албай коюшкан.

Британияга болгон сапар

Камакка алынган башка тыңчылар Теодор Холл менен Сэвил Сакс жөнүндө эч сөз кылган эмес. Аларды совет агенти катары көрсөткөн эч далил жок болчу. Холл "Манхэттен долбоорунан" кийин Советтер Союзу менен байланышын үзгөн.

АКШнын расмийлери Москванын шифрдалган маалыматын сотто колдонуудан баш тарткан, себеби Вашингтон аны ачыкка чыгаргысы келген эмес.

Холл түрмөгө отурган эмес, тыңчылык кылганы үчүн өлүм жазасына дагы тартылган жок. Ага карабастан, окумуштуу коопсуздугунан чоочулап, Чикагодон Нью-Йоркко көчүп барып, 1962-жылы Кембридж университетинде ишке киргенине байланыштуу Британияга журт которгон.

Окумуштуу 1984-жылы пенсияга чыгып, аялы менен тынч жашоосун уланткан. 1996-жылы Орусия мурдагы жашыруун маалыматтарды ачыктаганда Холлдун аракеттери жалпы коомчулукка белгилүү болуп калган.

Бул жылдары СССР ыдырап, Холлдун тыңчылык кылганын далилдеген кишилер, анын ичинде Сэвил Сакс дагы жок эле.

"Айрымдар мени тарыхты өзгөрттүң деп айтышат. Балким, тарых өзгөрбөсө, өткөн 50 жылда өзөктүк согуш болмок. Мисалы, 1949-жылы же 1950-жылдардын башында Кытайга атомдук бомба ташталмак. Эгерде мен ага тоскоолдук жаратсам, анда айыптардын баарын мойнума алам",-деген Холл New York Times гезитине берген маегинде.

74 жыл мурун Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба ташталгандан бери өзөктүк курал колдонула элек. Теодор Холл буга "бөгөт койгондордун бири менмин" деген ой менен дүйнөдөн кайтты.