Хрущев, Брежнев, Горбачев, Дудаев Кыргызстанга качан жана эмнеге келген?

СССРдин башкаруучуларынын ичинен Сталинден кийинки жетекчилердин баары Кыргызстанга ар кайсыл учурда келип кетишкен. Ошондой эле эл аралык деңгээлде таанылбаган айрым тарыхый инсандар тууралуу архивдик кызыктуу сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.

КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущев Кыргызстанга келип, Ленин орденин тапшырып жатат. Анын жанында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев. 1964-жыл.

КПСС БКнын генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев менен Кыргыз ССРинин КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев. Брежнев Кыргызстанга 1970-жылы Орто Азия республикалары боюнча сапарынын жүрүшүндө Кыргызстанда беш күн (3-7-сентябрь) жүрүп кеткен. Фрунзе шаарынан сырткары ал Ысык-Көлгө да барып эс алган.

Чеченстандын биринчи президенти Жохар Дудаев 1992-жылы Бишкекте өткөн кыргыздардын дүйнөлүк биринчи курултайына катышкан. Аны коштоп жургөндөр: СССРдин эл артисти Махмуд Эсамбаев, Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бекмамат Осмонов.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев Бишкекте өлкөнүн саясий элитасынын алдында сүйлөп жатат. Бул анын президент кызматындагы акыркы расмий сапары болуп калды. 1991-жылы 5-ноябрь.

Жазуучу Казат Акматов 1990-жылы түзүлгөн Кыргызстан Демократиялык кыймылынын теңтөрагасы болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин сессиясында Кыргызстандын биринчи Президентин шайлоодо Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү Өкмөт үйүнүн алдында ачкачылык уюштурган. 1990-жыл, октябрь

Аскар Акаев Кыргызстандын Президенти болуп шайланып, Жогорку Кеңеште ант берип жаткан учуру. 1990-жыл, 27-октябрь.

Бул сүрөттөрдүн айрымдары Кыргызстандагы алгачкы эркин басылмалардын бири -«Майдан» гезитинин фото сүрөтчүсү Бакыт Асанбаевге таандык.