You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сүрөттөр сүйлөйт: Кыргызстан Октябрь революциясына чейин жана андан кийин
Кыргызстандын мамлекеттик архивинен алынган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз. Бул сүрөттөрдө 1917-жылдагы Октябрь ревоюциясына чейинки жана андан кийинки Кыргызстандагы урунттуу учурлар чагылдырылган.
Орусиядан жер которуп келгендер менен жергиликтүү кыргыздардын жолугушуусу. Сүрөттүн так датасы көрсөтүлгөн эмес. Октябрь революциясына чейинки жылдар. Орусия падышачылыгы Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясатын XX кылымыдын башында күчөткөн деп белгилейт тарыхчылар. Айрым маалыматтарга караганда орус дыйкандарын көчүрүү иштерине 1896-1916-жылдары 237 млн 310 миң 236 рубль жумшалган экен. 1916-жылы орустар Түркстандагы жалпы калктын 6 пайызын түзгөн экен.
1917-жылдын 31-декабрындагы Пишпектин Эмен паркындагы митинг.
Кытайдан качып келген дунган жамааты тарабынан салынган мечит. Ал 1901-жылы бир да мык кагылбастан, кытайлык архитектор тарабынан тургузулган. Бул жер учурда Караколдун борбордук мечити болуп саналат. Азыркы Каракол шаары 1889—1922 жана 1939—1992-жылдарда Пржевальск деп аталган.
Сүлүктү шаары. Сүлүктүдө 1868-жылдан тартып эле көмүр казуу өндүрүшү колго алына баштаган. Кыргызстандагы совет бийлиги 1918-жылы биринчилерден болуп орногон аймак.
1924-жылдын 7-ноябрындагы Пишпектеги демонстрация.
Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл. 1984-жылга чейин бул жерде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиуму жайгашкан. Учурда бул имарат Кыргызстандын Жогорку Сотуна тиешелүү.
Бишкектеги Правда көчөсү. Азыр бул көчөнүн аты Султан Ибраимовдун атын алып жүрөт.
Чоң Чүй каналынын курулушу. Чоң Чүй каналы совет мезгилиндеги Кыргызстандагы эң ири курулуштардын бири болгон. Чүй өрөөнүн суу менен камсыздоо максаты менен түзүлгөн долбоор 1940-жылдын 10-майында башталган.
Каналдын курулушуна 40 миңдей киши тартылган. 1941-1945-жылдардагы согуш учурунда дагы курулуш таптакыр токтоп калган эмес. Дээрлик 150 чакырымга созулган каналдын курулушу 1950-жылдардын этегине барып гана бүткөрүлгөн.
Фрунзе политехникалык институту жана коомдук спорт аянты. 1955-жылы тартылган сүрөт. (AbA\SA)