You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Гүлай: Жаткыралы дешкенде этек кирим келгенин айтып, эптеп кутулдум
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыз ала качуу кылмыш экенине карабастан, мындай көрүнүш тыйылбай келүүдө. Өткөн аптада эле ушундай окуя катталып, үч киши камакка алынды.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эки жыл мурун БУУ Кыргызстандагы 24 жашка чейинки кыздардын 13,8% күчкө салып күйөөгө берилерин айтып чыккан.
Жакында эле ала качуунун азабын тарткан кыз Би-Би-Сиге башынан өткөргөн окуясын айтып берди. Азыр соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан аты-жөнүн, өзү жөнүндө маалыматтарды жашыруун калытрууну өтүндү. Биз каарманыбызды Гүлай деп атайбыз.
Би-Би-Си: Өткөн аптада эле жашы кыркка чамалап калган киши жаш кызды ала качты деген кабар интернетке желдей тарады. Ал кишинин мурда 2-3 жолу турмуш курганы, балдары да чоңоюп калыптыр деп айтылып жатат. Гүлай, окуянын чоо-жайын өзүңүз айтып берсеңиз?
Гүлай: Күтүлбөгөн окуя болду. Буга чейин ал кишинин эжеси менен эки-үч жолу таанышып, иш тууралуу сүйлөштүк эле. Ошондон улам мени иш боюнча деп чакырып калды. Чыксам, дүкөн тараптан капыстан эле иниси чыгып, андан ары көлгө алып жөнөштү. Ала качуу деген кыздар үчүн азап эле болот экен. Көнүшүп жашап калгандар бар, бирок, ажырашып тагдыры кыйраган кыздар канча?! Ала качып бара жатканда жакшы эле эскерттим. Ал кишиге да, эжесине да жакшы эле түшүндүрдүм. Мен баары бир жашабайм, ушунчаңарда үйгө жеткиргиле, үстүңөрдөн арыз жазбайм, доомат койбойм дедим. Тиги киши болсо менден бир топ эле улуу экен. Эжеси болсо "кыз дегендин барар жери күйө" деп сөзүмө маани да берген жок. Тескерисинче, жакшы жерге баратасың, ата-энеме ысык чай куюп, кызмат кылып берсең эле болду деп туруп алды. Бир нерсеге такыр түшүнгөн жокмун. Кыз макулбу, ыраазыбы жокпу эч ким карабайт экен. Эптеп эле алып барып, көшөгөгө тыгып эле нике кыйып салса болду экен. ал жактан бир-эки эже менен сүйлөштүм. Өзүмдөн он беш жаш улуу киши менен кантип жашайм десем, илгертен келген салтыбыз. Биз ошону менен жашайбыз. Мурун деле 20-30 жаш улуу кишиге кыздарын берген дейт. Ал кезде кедей-кембагалды иштетип, карызга батса кыздарын алгандар болсо керек. Ошону салт деп алгандар бар экен. Ала качканда босогону аттадың, кетсең каргайбыз дейт экен. Кыздын убалы кимге? Мени ала качканда агам, жездем, укук коргоочу Азиза Абдырасулова эже аябай чоң жардам берди. Биз сени алып кетебиз, биз барганча өзүңдү колго алып, аябай сак тур дегендери мага чоң күч берди. Мага байкемдер милиция менен келип акыркы чечимиң кандай деп сурашты. Олтурбайм десем дароо эле алып кетишти. Баарына ыракмат, күн-түн уйку көрбөй мага жан тартышты. Кудай сактады.
Би-Би-Си: Ала качууну кылмыш, зомбулук дейбиз, бирок, эркектер эле эмес көп учурда аял кишилер өздөрү да ошого аралашып жатпайбы. Мисалы, ала качууга көмөктөшүп, керек болсо кызды алдап болсо да көндүрүп, чечүүчү ролду аялдар ойноп койгон учурлар аз эмес. Сиздин окуяда аялдардын таасири кандай болду?
Гүлай: Аялдар мындайда "чоң иш" кылат экен. Кызды ала качканда жеңеси, эжеси алып чыгып берет. Сыйлап коёбу же акча берип алдап коёбу дейм. Менин окуямда ошол кишинин эжеси кылды. Ал мени алдап алдып чыгып, иш сунуштап, алып барып ишти көргөзүп кайра эле жеткизип коёбуз деди. Алып чыккан да ошол, үйүнө алып барган да ошол. Бул жерде эжесинин күнөөсү көбүрөөк. Андан көрө сени иниме таптым деп ачык айтпайбы? Сүйлөшүп көргүлө, тааныш, жакса алып баралы сөйкө салалы же кулдук уруп үйүңдөн алып кетели десе болот да. Машинадан түшкөндө, көшөгөгө киргенде, нике кыябыз дегенде аялдар, кемпир-кесектер баарын чечет экен. Сен макулсуңбу жокпу нике кыйганга шашат экен. Мындайда дендароо болуп калат экенсиң. Ишенчээктигимден пайдаланышты. Эгер мени ошол жакта кандай болсо да алып калабыз дешсе анда өзүмө-өзүм кол салгандан кайра тартпай болчумун. Ошол жерден сөөгүм чыкса да макулмун деп чечим чыгаргам.
Муну да окуңуз:
Би-Би-Си: Сизди ала качканда укугун коргойбуз деп дароо аракет көрүшкөн экен. Жөнөкөй сөз менен айтканда, артыңыздан куугун бара жаткан. Ошого карабай, ошончо кыска убакытта эле нике кыябыз дештиби?
Гүлай: Ала качкандан кийин кандай десем, ач карышкыр байкуш козуга кол салгандай эле болот экен. Нике кыйдык деген менен мен аны кабыл албайм. Мыйзам боюнча бала менен кыздын паспорту керек экен, күбөлүк алгандан кийин анан нике кыят экен. Аны мен келгенде уктум. Жеңелери эмне кылалы деп, сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Мени алып барган эжеси эмне болсо мага айт деген эле. Жеңеси келди, мен андан Нургүл эжени чакыргыла сөзүм бар деп сурандым. Ал келди. Эмне болгонун айтып бергенден да уялып жатам. Бирок айтып берейин. Эжесине этек кирим келип жатат деп айттым. Канча күн деп сурады. Үч күн дедим. Ал "макул" деп чыгып кетти. Ошол нерсе мени куткарып калды.
Би-Би-Си: Буга чейин сүйлөшкөнүм бар деп айтып калдыңыз. Ал бул окуяны кандай кабыл алды, сизге көмөк көрсөттүбү?
Гүлай: Ооба, сүйлөшкөн жигитим бар. Күздө тоюбуз болмок. Ал үч күн бою чалыптыр. Мен кечээ ага баарын айтып бердим. "Олтуруп калбай, келгениң жакшы болуптур. Сага тийген жокпу",-деп сурады, тийген жок дедим. Ал керек болсо намысыңды тепселеп койсо да алмакмын деп айтты. Ал 3-4 күндө тууган-уругун биздикине жиберем деди. Ал мага ишенээрин айтты, кабатыр болбо, буюрса баары жакшы болот деди.
Би-Би-Си: Сиз сыяктуу азап тарттым деген кыздар башында арыз жазып, көп өтпөй эле кайра доом жок деп арызынан баш тарткан учурлар бар эмеспи. Сизди ала качкандарга мыйзам чегинде чара көрүү жагы териштирилүүдө. Сиздин чечимиңиз кандай болот?
Гүлай: "Баарын силер чечесиңер, силердин гана колуңарда" деп ата-энеси ыйлап-сыктап үйгө келиптир, акча сунуштаптыр. Кызыңыз арызын кайра алсын дептир. Ошону эмнеге мурда ойлонгон эмес? Ала качуу жаман экени ушул балдар камалса башкаларга сабак болот деген үмүттөмүн. Аягына чейин ушул ойдо турамын. Мен арызымды албайм.