You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бурулайдын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыз ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүндө киши колдуу каза тапкан 20 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту өкүм чыгарды.
Сот Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган Марс Бөдөшевди "кыз ала качуу" жана "адам өлтүрүү" беренеси менен 20 жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучулардын бири Акмат Сейитов "кылмыш кылууга көмөк көрсөткөн" деп, жети жылга эркинен ажыратылды.
20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын трагедиялуу өлүмү бүтүндөй кыргызстандыктарды нес кылган. Коомчулукта укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан тарта, эркектердин жоопкерчилиги, адамдык баалуулуктардын бузулуп жатышына чейинки маселелер козголгон талкуулар болду. Өлкө бийлиги дагы бул маселеге коңул буруп, күнөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылган.
"Өкүм чыгып, 20 жыл дегенден кийин эле Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев "өкүм менен макул эмесмин, даттанабыз" деп айтты. Бирок ал жөнүндө кеңири сүйлөшө алган жокпуз. Анткени менин башка сот жараяным бар эле. Эртең Аламүдүн райондук сотунда ушул эле окуя боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн сот башталат. Ошол жерде кийинки кадамдарыбыз тууралуу сүйлөшөбүз",-деди жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова.
Ушул жылдын 27-майында Бурулай өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул окуя боюнча өзүнчө соттук териштирүү жүрүп жатат. 23 милиция кызматкерин административдик жоопкерчиликке тартышкан.
Бурулайдын образы - кыз ала качууга каршы күрөштүн символу
Күлүмсүрөп, баео, ишенчээк көздөр менен карап турган Бурулайдын сүрөтү өзү окуган окуу жайдын жатаканасындагы дубалга түшүрүлдү. Кыргызстанда анын образы - аялдарга каршы зомбулукка жана кыз ала качууга каршы күрөштө символ болуп калды.
"Негизги максат Кыргызстандагы кыз ала качуу жат көрүнүштү жокко чыгаруу, токтотуу максатында жүргүзүлгөн акциянын деңгээлинде жүрдү. Биз ойлойбуз Бурулайдын ушул сүрөтү Кыргызстандагы кыз ала качууга каршы күрөштүн символу катары жаштардын элесинде калышы керек деп ойлойм",-деп айтып берген Бишкек медициналык окуу жайынын директорунун орун басары Мырзатай Шатманалиев.
"Бешинчи кызым эле, эң кичүүсү эле. Медокуу жайында окуйт эле. Быйыл окууну бүтмөк. Кызым оор, жоош кыз эле",-дейт Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев.
Бурулайдын өлүмүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда 24 жашка чейинки кыздардын 13 пайыздайы күчкө салып күйөөгө берилери белгилеп, буга каршы күрөшүүгө үндөгөн эле.
Кыргызстан мындан төрт жыл мурун Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, кыз ала качууну кылмыш деп тапкан. Бирок ошого карабастан бул көрүнүш тыйылбай келүүдө.