Королдордун сүйүүсү: карапайым кызды тандаган ханзаадалар

Бул аптада Таиланддын королу өзүнүн жансакчысына үйлөнүп, аны ханыша деп жарыялады. Королдор карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыздардын колун сураган дагы кандай учурлар бар?

Свадьба короля Таиланда Маха Вачиралонгкорн и заместительницы начальника его личной службы безопасности Сутхиды Тиджай

Сүрөттүн булагы, Reuters

Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн жана Сутхида Тиджай

Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн менен анын коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары Сутхида Тиджайдын нике салтанаты 1-май күнү өттү.

Король Таиланда Маха Вачиралонгкорн и его жена королева Сутхида на своей свадебной церемонии, 1 мая 2019 года. Скриншот с видео.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сутхида Тиджайды 2014-жылы Thai улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп жүргөн жеринен өзүнүн коопсуздук кызматына алып келген. Эки жылдан кийин армиянын генералы наамын берген экен. Эми ханыша даражасына көтөрдү.

Норвегиянын королу Харальд V жана Соня Харальдсен

21 жаштагы Соня Харальдсен менен Норвегиянын болочок королу Харальд V достору менен кечеде олтуруп таанышкан. Соня бай бизнесмендин кызы эле.

Королдук үй-бүлө мураскер ханзааданын чечимине каршы чыккан. Арадан тогуз жыл өткөндөн кийин, Харальд тактыдан баш тартып кетем деп коркутканда гана жаштардын никесине уруксат беришти. Нике салтанаты 1968-жылы 29-августта өткөн.

Норвежский король Харальд V и его супруга Соня Харальдсен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1991-жылы Харальд V такка олтуруп, Соня ханыша болду.

Норвегиянын такты мураскери Хокон менен Метте-Марит Тьессем Хейби

Харальд V тун уулу, мураскер ханзаада Хокон дагы атасынын жолу менен кетти. Болочоктогу король жөнөкөй бүлөдөн чыккан Метте-Марит Тьессем Хейбинин колун сурады.

Кыздын королдук аксарайдан такыр алыс чоңойгону, официант болуп иштеп, уулу менен ижарага алган батирде жашаганы көз жаздымда калган жок. Атасы бир учурда баңгизатты соодалаган деп дагы айыпталган экен.

Наследник норвежского престола Хокон и Метте-Марит Тьессем Хёйби

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Болочок королдун тандоосун бир эле хансарайдагылар эмес, бүтүндөй өлкө жактырган эмес.

Ошентип көшөрүп көнбөгөн мураскер 2001-жылы сүйүүсүнө жетип, нике салтанатын өткөрдү.

Жапон ханбийкеси Нори жана Есики Курода

Жапон императору Акихитонун тактыдан өз ыктыяры менен баш тартканы бүтүндөй дүйнөгө тараган жаңылык болду. Бирок анын жалгыз кызы сүйүү үчүн үй-бүлөсүнөн кеткенин көптөр биле беришпейт.

Принцесса Японии Нори и Есики Курода

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Анын жолдошу Есики Курода Токионун шаардык пландоо бөлүмүндө дизайнер болуп иштейт. Үйлөнгөндөн кийин ханбийке Нори күйөөсүнүн фамилиясын алып, титулунан ажырап, император бүлөсүнөн кеткен. Ага 150 млн иен (1,3 млн доллар) жөлөкпул төлөп беришкен.

Принц Гарри менен Меган Маркл

Принц Гарри королева Елизавета II небереси Уэльс принци жана принцесса Диананын уулу. Ал британ тактысына олтура тургандардын тизмесинде алтынчы.

Меган Маркл көпчүлүккө "Форс-мажорлор" (Suits) деген телесериал аркылуу таанылган. Экөөнү 2016-жылы достору тааныштырган экен. Андан кийин принц Меган Марклдын жүрөгүнө жол таап, колун сурады. Көптөгөн талкуулардан кийин эки жаш королева Елизавета II батасын алып, өткөн жылы чоң салатант менен баш кошту.

Принц Гарри и Меган Маркл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гарри менен Мегандын үйлөнгөнү чынында өзгөчө болду. Меган мурда күйөөгө чыгып, ажырашкан. Гарри Британиянын эң мыкты Королдук сарайларында чоңойсо, Меган Лос-Анжелестин орто катмар үй-үлөсүндө туулуп өскөн. (AbA)