Миллиардерлер жашаган 20 шаар: бул тургундар үчүн жакшы жаңылыкпы?

Гонконг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы Гонконгдо 20дан ашуун миллиардер катталган.
    • Author, Фернандо Дуарте
    • Role, BBC

Эгерде сиз Гонконгдо жашаган болсоңуз, балким Ли Ка-шинг тууралуу уккан чыгарсыз. 90 жаштагы бизнесмен дүйнөдө эң бай адамдардын катарында 23-орунда турат. Анын байлыгы 37,7 миллион долларга бааланган.

Ка-шинг транспорттон баштап финансылык кызмат көрсөтүү, электр энергиясы жана коммуналдык компанияларга чейин ээлик кылат.

Ли Ка-шинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ли Ка-шинг Гонконгдогу эң бай адамдардын катарында 23-орунда турат.

Миллиард - бул Кытайда жайгашкан автономиялуу аймактагы байлыктын бир чети гана. Эл аралык Wealth X деп аталган каржы компаниясынын дүйнөдөгү байлык тууралуу жарыялаган жылдык отчетуна таянсак, Гонконг жер жүзүндөгү миллиардерлердин саны боюнча Нью-Йорктон кийинки орунда турат. Учурда Гонконгдо 93 миллиардер жашайт. Алардын саны 2016-жылдан бери жыйырма бирге көбөйгөн.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, планетадагы эң бай он шаардын жарымы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жайгашкан. Ал шаарларда жер жүзү боюнча чоң социалдык теңсиздик катталган. "Миллиардерлердин" саны көбөйүшү менен планетабызда байлык дагы көбөйгөн. Байлык 2017-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 2754 адамга бир миллиард доллар же андан да көп акча туура келээри белгилүү болгон.

Миллиардерлердин жалпы байлыгы 9,2 триллион долларга жеткен. Ага Германия менен Жапониянын ички дүң продукциясын кошкондо да жетпейт.

"Адилеттүү" теңсиздикпи?

Миллиардерлердин көбөйүшү менен алардын социалдык теңсиздикке тийгизген таасири тууралуу серепчилер коңгуроо кагууда. "Оксфам" бейөкмөт уюмунун салык төлөө жана чириген байларга карата салыкты көзөмөлдөө боюнча жылдык отчетунда кирешедеги айырмачылыктын этикалык жана моралдык жактары каралган. Дагы бир уюм миллиардерлердин көбөйүшү боюнча кээ бирлеринин оң жактарын белгилеген.

Амбанинин 1 миллард долларлык үйү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиядагы эң бай адам Мукеш Амбани. Ал Мумбайдагы бул 27 кабаттуу үйдө жашайт. Мумбай шаарынын калкынын жарымы жакырчылыкта жашайт.

Америкалык "Форбс" деп аталган бизнес журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү миллиардерлерди 72 өлкөдөн кезиктирүүгө болот. Кытай, Индия жана Гонконгдо алардын саны башка өлкөлөргө караганда эки эсе көп. Азиянын миллиардерлер клубу кеңейип, тарыхта биринчи жолу Түндүк Америкадан ашып өттү. Учурда Түндүк Америкада 727 миллиардер болсо, Азияда алардын саны 784кө жеткен.

Пекин университетинин изилдөөлөрү көрсөткөндөй, 2016-жылы калктын эң бай 1 пайызы Кытайдагы жалпы байлыктын үчтөн бирине ээлик кылган. Калктын эң жакыр 25 пайызынын байлыгы араң 1 пайызга жеткен.

Миллиардерлер жашаган 20 шаардын ичинен 19-орунда турган Африка континентиндеги өлкөлөрдө 44 миллиардер бар. Алардын жалпы мүлкү 93 долларга бааланган.

Эгер алардын баары чогулуп, бир өлкөнү түптөшсө, анда ал мамлекеттин ички дүң продукциясы (ИДП) Африкадагы 54 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээлемек. Түзүлгөн ошол мамлекеттин ички дүң продукциясы ар бир адамга 2,11 миллиард долларды түзмөк. Эл аралык валюта фондунун маалыматына таянсак, 2017-жылы Африкада орточо ИДП ар бир адамга 1825 доллардан туура келген. Бирок Индияга караганда байлардын саны тезирээк өскөн. 90-жылдардын ортосунда "Форбс" журналынын "белгилүү байлар" боюнча тизмегинде индиялык эки миллиардер болгон. 2016-жылы алардын саны 84кө жеткен. Дүйнөлүк банктын 2016-жылдагы маалыматына таянсак, Индияда 280 миллион адам жакырчылыкта жашайт.

Ли Ма

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Серепчилердин айтымында, Кытайдагы "Али Баба" интернет-коммерциялык компаниясынын негиздөөчүсү Ли Ма сыяктуу миллиардерлердин көбөйүшү жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизет.

Өнүгүү

АКШнын Эмгек статистика бюросунун изилдөөлөрүнө караганда, 2009-2013-жылдардын ортосунда Кытайда кайра иштетүү секторундары ири фирмалардын өсүшү менен айлык маяна үч эсеге өскөн.

Экономисттердин изилдөөлөрүндө, ишкерлер негиздеген ишканаларда орточо эсеп менен жылына 80 миң адам жумуш менен камсыз болот. Мындай жумуш орундарын түзүү мураскер миллиардерлерге жана өлкө активдерин сатып алгандарга караганда көп.

Кытайдагы жумушчу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда кайра иштетүү секторундары ири фирмалардын өсүшү менен айлык маяна үч эсеге өскөн.

"Оксфам" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Ребекка Гоулэнддин Би-Би-Сиге билдиришинче, экономикасы тездик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдө банктар чириген байлардын пайда болушуна себепкер болгон. Жакыр жашаган коомго алардын дээрлик жардамы тийбеген. Мисалы, Нигерияда Африка боюнча эң бай адам чыкканы менен аталган өлкөдө өтө жакыр жашагандар көбөйгөн.

Нигериядагы үй-бүлө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нигерияда Африкадагы эң бай адам чыкканы менен аталган өлкөдө өтө жакыр жашагандар көбөйгөн.

2015-жылы Вилланова университетинин жана Колумбия университетинин америкалык академиктери Сутирта Багчи жана Ян Свейнар 1987-2002-жылдардагы 23 мамлекеттен миллиардерлерди изилдешип, саясий байланыштары аркылуу байыгандар экономиканын өнүгүүсүнө "карама-каршылык" жаратарын аныктаган. Буга салыштырмалуу бир нече адамдын колуна топтолгон байлык жана бийлик мамлекеттин саясатына жана кызыкчылыгына каршы көбүрөөк кедергисин тийгизиши мүмкүн.