Байлык жана чиновниктер

Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктердин кирешесин декларациялоо өнөктүгү аяктап, айрым категориядагы кызматкерлердин, негизинен чоң чиновниктердин, депутаттардын киреше булактары жана байлыктары массалык маалымат каражаттарына жарыяланууда.

Бул өз кезегинде коомчулукта ар кандай маанай жаратып, кызуу талкууга жем таштап келет. Башка мамлекеттерде чиновниктердин коомчулук алдында кирешелерин ачыктоо системасы кандайча жолго коюлган?

"Дүйнө чабыт" рубрикасын саясат таануучу, журналист Бакыт Орунбеков жана коомдук ишмер Алмаз Окин алып барат.