Жакарта: дүйнөдөгү эң тез чөгүп жаткан шаар
- Author, Mayuri Mei Lin & Rafki Hidayat
- Role, BBC Indonesian
10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта, дүйнөдөгү эң тез чөгүп жаткан шаарлардын бири. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай тездик менен кете бере турган болсо, анда 2050-жылга барып чоң шаардын бир канча бөлүгү суу астында калышы мүмкүн. Шаарды сактап калууга кеч болуп калдыбы?
Жакарта саздын үстүндө курулган. Калаа Жава деңизинин жээгинде жайгашкан жана ал аркылуу 13 дарыя агып өтөт. Ошондуктан Жакартадагы суу ташкындар таң калычтуу деле көрүнүш эмес. Бирок адистер абал кескин начарлап жатканын белгилешүүдө. Себеби кеп суу ташкын жөнүндө болгон жок, чоң шаардын чөгүп баратканы тууралу болуп жатат.

"Жакартанын сууга чөгүп баратканы олуттуу маселе," - деп билдирет аталган шаардын айланасындагы суунун деңгээлин көтөрүлүп жатканын 20 жылдан бери изилдеп келе жаткан Хери Андреас Бандунгдун технология институтунун изилдөөчүсү).
"Эгер биз изилдөөбүзгө таяна турган болсок, анда 2050-жылга карата түндүк Жакартанын 95 пайызы суу алдында калат", -дейт ал.

Учурда мындай көрүнүш уланууда - акыркы 10 жылда эле Жакартанын түндүк аймагы 2,5 метрге чөккөн. Шаардын деңизге жакын айрым аймактары эки эсе тез чөгүп, жылына 25 сантиметр жер суу алдында калууда.
Орточо эсеп менен алганда Жакарта жылына 1-15 сантиметрге чейин чөгүп жатат. Учурда шаардын дээрлик жарымы деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан.

Курч абал өзгөчө Жакартанын түндүгүндө байкалат.
Муара Бару аймагында кеңселер кароосуз калган. Убагында алар балыкчылардын ишканасы болсо, бүгүн экинчи кабаты гана жарактуу.

Имараттын биринчи кабаты сууга толгон. Айланасы бийик болгондуктан суу сыртка агып да чыга албайт. Тургандар суу алдында калган имараттарды чанда гана таштап кетишет. Негизинен имаратты кайра оңдоп-түзөөгө аракеттенет. Бирок суу көтөрүлгөн сайын, имаратты сактап калуу аракетинен майнап деле чыкпайт.
Фортуна Софиянын үйү деңиз жээгинде жайгашкан. Ал үйүнүн чөгүп жатканы байкалбаганы менен алты ай сайын дубалдарында жана пайдубалында жаракалар пайда болгонун айтат.

"Биз улам оңдоп турабыз. Усталар жер жылып, жаракалар пайда болуп жатканын айтышууда", - дейт София.
Бул аймакта төрт жылдын аралыгында бир нече жолу суу ташкыны болгон. "Деңизден келген суу бассейнди толук жаап калат. Ошондуктан болгон эмеректерибизди экинчи кабатка алып чыгууга туура келет".

Жакартанын башка аймактары да акырындап суу алдында калып жатат. Батыш тарабында жер жылына 15 сантиметрге чөксө, чыгышта он сантиметр, борбордук бөлүгүндө эки сантиметр жана түштүк тарапта бир сантиметр чөгүүдө.
Глобалдык жылуулануудан улам деңиз деңгээли көтөрүлүүдө. Абанын температурасы ысыгандыктан улам мөңгүлөр ээрип, суунун деңгээли дагы көтөрүлүүдө. Жакартанын тездик менен чөгүп жатышы адистерди тынчсыздантууда.
Ошондой эле Жакартанын тездик менен чөгүп жатышына жер астындагы ичүүчү сууларды ашыкча колдонуу дагы себеп болууда.
Жер алдындагы суулар туур эмес пайдаланып, аны ашыкча колдогондо сордурулган суу боштук жаратып, жер чөгүп жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Катардагы тургундардан баштап, ири ишкерлерге чейин жер астынан суу сордурганына байланыштуу абал курчуду.
"Ар бир тургундан баштап өндүрүүчүлөргө чейин жер астындагы сууну пайдаланууга уруксат берилет", - деп билдирет Хэри Андреас. Маселе алардын көрсөтүлгөн нормадан ашыкча алганында.

Сүрөттүн булагы, AFP
Жашоочулардын айтымында, бийлик сууга болгон муктаждыкты чечип бере албагандыктан башка жол жок. Адистер Жакартанын 40 пайызы гана суу менен камсыз болгонун белгилешет.
Жакартанын борборунда Хендрини аттуу ишкер бар. Ал ижарага батирлерди берет. Ишке батирлерине 10 жылдан бери сууну жер алдынан сордуруп жеткирет. Шаардын тургундарынын көбү Хендри сыяктуу ыкманы колдонуп, суу алышат.
"Өкмөт таза суу менен камсыз кылат деп ишенгенден көрө өзүбүздүн эле корообуздагы сууну иштеткен жакшы. Батирлерге көп суу сарпталат."

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз суу сордуруу көйгөйү бар экенин жакында эле мойнуна алды.
Май айында Жакарта шаарынын бийлиги Жалан Тхамрин көчөсүндөгү 80 үйдү текшеришкен. Аталган көчөдө бийик имараттар, ири соода түйүндөрү жана мейманканалар жайгашкан. Текшерүү учурунда 56 имараттын өзүндө жер астынан суу сордурган түтүктөрү бар экендиги жана 33дө мыйзамсыз суу сордурулары аныкталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакартанын губернатору Аниес Басведандын айтымында, сордурулган сууну өлчөө үчүн ар бир колдонуучуда уруксат кагазы болушу зарыл.
Жер алдындагы сууну кайра толтуруу ыкмалар бар, бирок ал абдан кымбат. Токио элүү жыл мурун жер чөгүп жаткандыктан, айтылган технологияны ойлоп чыккан. Ошондой эле Жапон өкмөтү жер алдындагы сууну пайдаланууга чектөөлөрдү киргизген. Бул кадамдан кийин абал оңолгон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бирок Жакарта бул ыкманы колдонгусу келсе, биринчи кезекте тургундарга таза сууну башка жол менен жеткириши зарыл. Адистер дарыя, суу сактагычтарды тазалап чыгууга он жыл мөөнөт керек экенин айтышууда.

Сүрөттүн булагы, Biro Pers Setpres
Жакарталыктар болсо шаар суу алдында калышы мүмкүн экенин кабыл алышкандай. "Бул жерде жашоо коркунучтуу. Тобокелчиликти тургундар кабыл алышкан", -дейт Фортуна София. (AT)
Макаланы даярдагандар: Том де Соуза, Арвин Сурприяди, Дэйвиз Сурая жана Лебен Аса.













