"Сиздин балаңызда ВИЧ". Кыргызстанда энелер дарыгерлердин катасы менен кантип күрөшүүдө?

- Author, Наргиза Рыскулова
- Role, Би-би-си, Бишкек
Ушул жылы жазында баласы он төрт жыл мурун ооруканадан ВИЧ жуктуруп алган 42 жаштагы келин мамлекеттик органдарды сотко берип, утуп алганга жетишти. Вирус кан куюп же ийне сайып жатканда жуккан, буга дарыгерлер күнөөлүү деген жүйөнү сот колдоду. Майрам (аты өзгөртүлдү) - келтирилген зыян үчүн жергиликтүү ченем менен алганда мынчалык чоң сумманы - 2 миллион сомду мамлекет төлөп берүүгө тийиш болгон биринчи эне. Ал эми ооруканадан ВИЧ жуктуруп алган 390 баланын ата-энелери аз эле суммада компенсация алышкан же көбү дагы эле сот чечимин күтүп отурушат.
Алардын балдары айыкпас оорунун вирусун 2006-2007-жылдары Ноокат, Кара-Суу жана Ош шаарындагы ооруканалардан жуктуруп алган. 45 бала өсүп жетиле электе эле бу жарыктан жалп өчтү. Балдардын көбү, алардын ата-энелери Вич-статус жөнүндө кийин билишти, коомчулуктун өгөйлөгөн мамилесин, басмырлоосун баштан өткөрүштү, туугандары катышпай калган учурлар да болду. Бул трагедиянын кандай болгонун азыркы күнгө чейин териштирип бүтпөй келишет.
Майрамдын мисалы сот эшигин жыртып акыйкаттыкты талап кылып зарлаган канчалаган энелерге үмүт жандырып койду.
"Балам менен күйөөмдүн ортосунда чайналдым, акыры баламды тандадым"
50 жаштагы Мира (аты өзгөртүлдү) - өзүнүн жашоосун баласы он жыл мурда ВИЧ жугузуп алганын билген күнгө чейин жана андан кийин деп бөлөт. Ошол учурда баласы төрт жашта эле. Ал ошондо ооруканадан жугузуп алган экен.
"Уулум төрөлгөнүнө он жети күн болгон, анын денеси ысып, ичи өтүп ооруканага жатып калдык. Барганда оңолбой эле ого бетер оорлошту абалы. Комага түшүп калганда, бизди «Тез жардам» менен Ош областтык ооруканасына жеткиришти. Ошол жактан айыгып чыктык. Дарыгерлерге ыраазы болгом, бирок балам өмүрү айыкпас ооруга кабылганын билген эмесмин»,-дейт Мира.

Ошол убакта анын баласы менен реанимациянын эмчектеги балдар үчүн бөлүмдө беш ымыркай жаткан экен, баарына тең ВИЧ жугуптур.
Бул дарыгерлердин же медициналык айымдардын шалаакылыгынан болгону кийин сотто айтылды. 2007-2008-жылдары Ош областында ооруканадан балдарга ВИЧ жуккан 80 учур болгонун Мира ошондо билди.
Балдардын ата-энелери анализ тапшырып, таза чыгышканда гана ооруканалар ВИЧти жуктурган булак болуп кийин аныкталды. 2005 менен 2018-жылдардын арасында элүү сот процесси башталды. Он төрт дарыгер сотто суралды, алардын төртөө областтык сотто акталып чыкты, үчөө ар кандай мөөнөткө кесилишти, калгандары шарттуу түрдө соттолду же штраф салынды. Кийин соттолгондор Жогорку Сотко арызданып, кутулуп кетишти. Мира акыйкатка жетпеди, анын баласына ВИЧ жуктурган дарыгерлер менен медициналык айымдар дагы эле ээн-ээркин иштеп жүрүшөт.
«Биздин ишибизди соттон карабай токтотуп коюшту, анткени ким күнөөлүү экенин аныктай алышпады. Бирок менин эсимде, балам комада жатып, капельница коюп жатканда 50 миллиграм менен куюп атышты, ошондо ийнени чыгарып, кайра кийинки балага сайып атышкан»,-деп элес-булас эскерет Мира.
Миранын баласы ооруп калган жылдары, областтык балдар ооруканасында иштеген дарыгерлер өздөрү айтып бергендей, региондогу бардык ооруканалар шприцтерди кайталап колдонуудан бир жолку колдонууга жаңы өтүп жатышкан экен.
Көп учурда шприцтер менен катетерлерди оорулуулар өздөрү сатып келчү, ооруканаларда көп нерсе жетишчү эмес. Мира баласынын оорусун уккан каргашалуу ошол күндү эстегенде азыр да көзүнө жаш алат. Ал убакта баласы ооруканада ичеги инфекциясынан дарыланып жаткан болчу. Анын наристе убагы бүт эле ооруканада өттү, ар бир үч айда бирден жатчу экен.
"Менин балам шумдуктуу кинолордо көрсөткөндөй болуп ооруду, анын колдору ипичке, башы чоң эле. Ал менин көз алдымда өлүп бараткандай сезилди, мен дарыгерлерге жалындым оорусун тапкыла деп. Алар ар кандай анализдерди алып атышты, ошондо бир жаш дарыгер коридордон туруп эле «Сиздин балаңызда ВИЧ бар экен» деп өкүм угузуп салбадыбы»,-дейт Мира ошол күндү эстеп, көзүнө жаш тегеренип.

Азыркы убакта ал ВИЧтен мурункудай коркпой калды, бирок ошол убакта Миранын билгени - «ВИЧ-жыйырманчы кылымдын чумасы» деп телевизордон укканы эле. Бул илдет андан алыс, жетпечүдөй сезилген. Мира турмушка эрте чыкты, алыскы тоолуу айылда күйөөсү менен жер иштетип оокат кылып келишти.
"Дарыгердин сөзүн укканда бирөө мени башка койгондой болуп бүт дүйнөм аңтарылып кетти. Көрсө мен эс-учумду жоготуп коюпмун, эсим келгенде баламдын палатасында жатыпмын, дарыгерлер тегеректеп ВИЧтен өлбөйт эч ким деп сооротуп атышыптыр",-дейт сөзүн улантып Мира.
Бирок эң чоң кыйынчылык алдыда турду. Миранын күйөөсү баланын оорусуна аны күнөөлөдү. Анын өзүнүн таза анализдерине да ишенбеди. Баланы ооруканадан, реанимациядан жакшы карабадың деп күнөөлөп, баланы мамлекет карасын деп талап кылды. (Баланын атасы да, энеси да, башка балдары да ВИЧтен таза - bbcrussian эскертүүсү).
«Биз урушуп аттык, эки ай күрөштүк, мен аны дарыгерлерге алып барып жолуктуруп, түшүндүрүп аттым. Бирок анын оюн өзгөртө албадым, акыры баламды тандашка туура келди. Ошондон бери ал өзүнүн балдары менен бир да жолу көрүшө элек, балдарына жолукса бир оору жугуп калчудай болуп",-дейт Мира.
Ошентип Мира балдары менен өзү жалгыз калат, иш издеп Ош шаарына көчүп келет. Балдары ооруканадан ВИЧ жуктуруп алган башка балдардын дагы энелеринин башында ошондой кыйынчылык болду. Көбүнүн күйөөсү таштап кетти, туугандарды карабай калды, элден чыкты.
2011-жылы алардын бир тобу парламент имаратынын алдына чыгып, оорулуу балдарын алып кеткиле деп депутаттардан талап кылышты. Ошондо кенемте иретинде энелерге бирден уй беришкен.
Мира баласына пособие алганы социалдык жардам алуу бөлүмүнө кайрылганда, анын көйгөйүн күйөөсү экөө жашаган айылдын эли бүт укканын ошондо түшүндү.
"Мен документтерди жаздырганы кайта келгенде эсеп китепчесиндеги менин каттоом үстүнөн шыбалып, дагы бир нерсе жазылганын көрүп калдым. Менин көзүмө карабай, качып кызыктай сүйлөшүп атышты, артыман күбүр-шыбыр болуп. Эч убакта ушунчалык кемсинген эмесмин",-дейт Мира.










