ТИМ: эки тарап бардык аскердик аракеттерди токтотууга макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жергиликтүү убакыт менен саат 20:00 чек ара аймагында бардык аскердик аракеттерди токтотуп, жаңжалга тартылган күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашты.

Ошондой эле ТИМ тараткан билдирүүдө жакын арада кыргыз-тажик күч түзүмдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айтылат. Анда абалды мындан ары жайгаруу жолдору талкууга алынат.

Министр Руслан Казакбаев менен Тажикстандын ТИМи Сироджиддин Мухриддин тараптарды чагымчыл аракеттерге алдырбай, сабырдуулукка чакырды.

"Саат 23.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын натыйжасында жабыркагандардын жалпы саны 51 адамга жетти. Жалпы 3 адам каза болду: эки учур Баткен облустук ооруканасында, бир өлүм учуру Баткен облусунун Лейлек районунда 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду",-деп кабарлады Саламаттык сактоо министрлиги.

Тажик тарап чек арадагы жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирген.

Ал тапта Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Казан шаарында Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзод менен жолукту.

Алар Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт аралык кеңешинин жолугушуусунда Татарстанда жүргөн. Тажик тарап жыйынга конок катары катышууда. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулайт деп айтылды. Премьер-министр Мариповдун тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул штаб чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди башкарат.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрүп, кырдаалды тынч жол менен чечүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн айткан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңжалда бир кыргызстандык каза таап, 26 киши ар түрдүү жаракат алган. Тажикстандын медиа булактары болсо эки жаран жаракат алганын кабарлашууда.

28-апрелде "Головной" (суу бөлүштүрүү) тилкесиндеги электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алды.

Өткөн апталарда эле ушул Баткендин Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүлүүчү жайда чыр-чатак катталган эле.

Жаңжал катталган аймак тууралуу буга чейин Кыргызстанда талкуулар болгон. Премьер-министр У.Мариповдун талапкерлиги парламентте каралып жатканда, ал чек ара райондорундагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатып каналдын башын коңшу өлкөгө "алдырганын" айткан.

"Баткенде Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар", - деген өкмөт башчы 3-февралда. Анын билдирүүсүнөн кийин Баткендин жергиликтүү тургундары Мариповду айткандары боюнча түшүндүрмө талап кылышкан. Анын кайра билдирүү менен чыкканына карабай айрым жарандар Бишкекте да каршылык акциясына чыгышкан эле.

Марипов өкмөт башчылыкка талапкер катары дагы, Кыргызстандын мекенчил жараны катары дагы бир маселени айтып коюу ниети болгонун билдирип, кийин видео кайрылуу таратты.

"Муну ошол жерде жашаган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айылындагы, Ак-Сай айылына кошуна турган, башкы суу тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы тууралуу, андан сырткары Ак-Суу дарыясы тууралуу сөз болгон. Менин ниетим ушул болгон. Бирок тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөмүн. Менин оюмча, ушул маселени биз келечекте биздин өлкөнүн кызыкчылыгына, мыйзамдын чегинде чечүүбүз зарыл", - деди Марипов өкмөттүн расмий баракчасы 7-февралда тараткан видео кайрылууда.

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак, анын ичинде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып келет. Мындай окуялардын арты тыйылбай, эпидемия, карантинге карабай 2020-жылы да улам кайталанып турду. Быйыл жыл башынан бери бир нече жолу чыңалуу жараткан окуялар болду.