Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча үчүнчү өлкөдө кармалгандар

Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулган он чакты киши чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандык жаранды бошотууну талап кылды. Алар кыргыз бийлиги бул окуяны көзөмөлүнө алып, кармалган жаранды өлкөгө кайтарып келиши керек дейт.

Кабарларга караганда өткөн аптада жумуш издеп Орусияга барган кыргызстандык Эсенбай Мажитов аэропорттон эле кармалган. Ал кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну. Орусиянын укук коргоо органдары ага "эл аралык издөө" жарыялангандан улам кармаганын айткан. Кыргызстандык жаранга Тажикстан издөө жарыялаган.

Тажик тарап кармалган кыргызстандык жаранды экстрадициялоо өтүнүчүн келтиргени айтылып жатат. Кыргызстандын расмийлери бул окуя көзөмөлдө экенин билдирди. Кыргызстандык басылмалар Орусияда кармалган Мажитов өткөн жылы ок атышуу менен коштолгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тартканын жазууда. Анын үйү өрттөлгөн экен.

Эске сала кетсек, өткөн айда ушундай эле маселе Тажикстан тарапта көтөрүлгөн эле. Анда Кыргызстан чек ара жаңжалдарында "адам өмүрүнө коркунуч жараткан" деген айыптоо менен тажик жарандарына Интерпол аркылуу издөө жарыяланганы тууралуу сөз болгон.

Мындан эки ай мурун Тажикстандын Ворух айылынын тургуну 45 жаштагы Фуркат Абдуфаттоев Орусия аймагынан кармалганы тууралуу кабарлар чыкты. Февралда тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Орусияга бул боюнча кат жөнөтүлгөнүн билдирип, ишти көзөмөлдөп жатканын айтты деп жазып чыккан тажик басылмалар.

Кыргыз тарап берген документке ылайык, Фуркат Абдуфаттоев 2019-жылдын 13-мартындагы чек арадагы башаламандыкка аралашып, кыргыз тарапка ок атканы айтылган. Бирок Абдуфаттоевдин адвокаттары ошол күнү ал Орусияда болгонун айтышкан деп жазды Би-Би-Синин Өзбек кызматына тажикстандык журналист.

Москвага иш сапары учурунда премьер-министр Гохир Расулзода тажик жаранынын кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирген. Басма сөз жыйынында Тажикстандын тышкы иштер министрине ушундай эле чаралар кыргыз жарандарына карата колдонулабы деген суроо жолдошкон. Министр эки тараптан тең тиешелүү органдар бул суроону талкуулап жатканын билдирген.

"Биз Тажикстандын Согдий жана Кыргызстандын Баткен облустарынын укук коргоо органдарынын ортосунда биргелешкен жумушчу тобун түздүк. Кылмыш иштери козголуп, иликтөө башталган",-деген Сирожиддин Мухриддин.

Башкортостандын Кугарчин райондук соту Фуркат Абдуфаттоевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн 2-мартка чейин камакта кармоо өкүмүн чыгарган. Абдуфаттоев чек арадагы жаңжал учурунда айылда болбогонун жана Кыргызстанга экстрадицияланса кыйноого алынышы мүмкүн деп коркуп жатканын айткан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Абдуфаттоев Кыргызстанга өткөрүлбөйт деген пикирин билдирген. Бул маселе кийин эмне болуп чечилгени беймаалым.