Кыргыз-тажик чек арасы: талкууга түшкөн тажикстандык дипломаттын жообу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайым айтышуу орун алды
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Такталбаган кыргыз-тажик чек арасы мамлекеттердин расмий жетекчилеринин бири менен дипломатын кайым айтыштырды.

Тажикстандын дипломаты жазган сөздөр "Фейсбукта" кызуу талкууланып жатат. Кыргызстандыктар менен тажикстандыктар чек ара, жер жана эки өлкөнүн саясатына чейин талашып тартышып жатышат.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта "Фейсбукта" Ворух боюнча узун пост жазган. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин "Тажикстан менен Ворухту алмашууга даярбыз" деген сөзүнө комментарий берген.

Баткен

"Ворух бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга ылайык анклав болгон эмес... Тажиктерге өздөрүнүн эле жерин кайра анын өзүнүн аймагынын башка бөлүктөрүнө алмашууну сунуштоонунун кереги жок!", - деп жазган дипломат.

Расмий Дүйшөмбү Ташиевдин сөзүнө комментарий берген жок.

Ташиев Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдөн келгенден кийин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо тууралуу 26-мартта маалымат жыйынын өткөргөн. Анда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кыргыз-тажик чек арасында эң орчундуу жер Ворух экенин айткан. Ал боюнча Тажикстанга эки сунуш беришкенин билдирген.

"Биринчи сунушубуз -анклавды мыйзамдуу түрдө чегин ченеп, анклавдын кеңейишин токтотобуз, - деген Ташиев. - Бирок анклавга өз аймагыбыздан пайдалануу үчүн гана, кирип-чыгууга Ак-Сайды айланып өтө турган жол беребиз. Экинчи сунушубуз - биз анклавды алмаштырганга даярбыз. Анын аянты болжолдуу 12 300 гектар. Ошончо жерди Лейлек, Баткен районунун башка жерлеринен бергенге даярбыз. Кайсы жерлер экени тууралуу да тизмени берип койдук. Тажик тараптан жооп келе элек".

Баткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткен

Камчыбек Ташиев 31-мартта Хамрохон Зарифи мырзанын билдирүүсүнө жооп берди.

"Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды урматтуу кесиптешим Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө тапшырдым. Болду, биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир дагы сөз жок", - деп жазган Ташиев.

1-апрелде тажик дипломаты Ташиевге жооп берип, "сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын экинчи тарап менен макулдашпай туруп кантип маалымат жыйынында жарыялаганга болот" деди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин чечип алганын кубаттаган Борбор Азия боюнча орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов Тажикстан менен мындай жумушту жасоо алда канча оор болоорун айтты.

Баткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткен

Ал кыргыз-өзбек чек арасын региондогу өлкөлөр "улуу агасы" - расмий Москвасыз өз алдынча чечкени алардын көз карандысыз болуп жетилген көрсөтөт деп баса белгиледи.

"Кыргыз-тажик чек арасында да ушул сыяктуу олуттуу маселени чечиш керек. Тажик тарапта да протесттик күтүүлөр пайда болуп жатат. Бул албетте кайгылуу. Ошондуктан лидерлердин саясий эркине көз каранды. Кыргыз-өзбек кызматташуусу Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы бийлик алмашуунун натыйжасы экенине көңүл бургум келет. Кыргыз-тажик чек ара маселеси менимче, көбүрөөк талаш-тартыш менен чечилет. Анткени эки тараптын бир жагында гана маселени чечүүнүн кандайдыр бир жаңы жолун издеген бийлик алмашты", - деди Дубнов Би-Би-Сиге.

Бир канча убакыттан бери токтоп калган өкмөттүк комиссиянын кеңешмеси 2021-жылы мартта жанданды. Камчыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген тажик делегациясы Согди облусунда жолукканын өкмөт 18-мартта кабарлады.

Өкмөттүк комиссиянын кеңешмеси 2021-жылы мартта жанданды

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкмөттүк комиссиянын кеңешмеси 2021-жылы мартта жанданды

Кыргыз-тажик чек арасында конфликт, анын ичинде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып келет. Мындай окуялардын арты тыйылбай, эпидемия, карантинге карабай 2020-жылы да улам кайталанып турду.

24-майда Ворухтун тургундары менен чектеш Кыргызстандын Мойнок деген жеринде чыр чыккан. Тажикстан менен Кыргызстан бирин-бири аймактарына мал жаюу аракетинде, ок атууда айыптаган.

8-майда Баткендин Чек айылында эки эл жер талашып чырдашып, аскерлер асманга ок чыраган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарап гранатомёттон кыргыз чек арачылары менен жарандарын көздөй атты деп элчиге нота берген.

2020-жылы майда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолуккан. Январда вице-премьер-министрлердин деңгээлинде сүйлөшүү болгон. Президенттер 2019-жылы октябрда Ашхабадда КМШнын жыйынында сүйлөшкөн. 2019-жылы июлда Сооронбай Жээнбеков Имомали Рахмон менен чектеш райондордо жолугуп, аны Ысык-Көлдө тоскон.

Кыргыз-тажик чек арасы 976 чакырым, такталганы 520 чакырым.