Өзбекстан Казакстанга Кыргызстандан 14 эсе көп кийим сатты

Тигүү
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казакстандын статистикалык комитетинин эсебинде, 2020-жылы өлкө импорттогон кийимдин көлөмү боюнча Өзбекстан Кытайдан кийинки экинчи орунга чыкты. Кийимди эң көп алып кирген жети өлкөнүн катарында Кыргызстан да бар. Бирок Казакстан менен экономикалык биримдикте экенин эске алганда, анын экспорт көлөмү сезилээрлик эмес.

2020-жылы Казакстан Кытайдан 44,6 миң тонна, Өзбекстандан 13 миң тонна, Орусиядан 10,1 миң тонна, Түркиядан 5,5 миң тонна, Бангладештен 1,1 миң тонна кийим-кече алган. Ал эми бул беш өлкөдөн кийинки орунда Кыргызстан туруп, 894 тонна же 2,5 млн долларлык кийимди Казакстанга эскпорттогон. Ал эми акыркы болуп Казакстан Беларустан 393 тонна чамасында товар алган.

Казакстан менен Орусияга тигүү тармагынын продукцияларын чыгарууда Өзбекстан Кыргызстандын олуттуу атаандашы экенин ишкерлер буга чейин эле коңгуроо кагып келет.

"Дордой" базарындагы айкел
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дордой" базарындагы айкел

"Доллар кымбаттагандан бери чийки заттар бизге абдан кымбат келип жатат. Бирок товарыбыздын баасын көтөрө албайбыз. Эгер товарды кымбаттатсак, жаныбызда Өзбекстан турат. Алардын баасы арзан, бирок сапаттуу чыгарат. Анда биз кардарыбызды жоготобуз. Ошондуктан азыр биз киреше табыш үчүн эмес, өзүбүздү сактап туруу үчүн гана иштеп жатабыз", - деди Бишкектеги ири тигүү цехинин жетекчиси Амина Калмамбетова.

Ал эми "Дордойдогу" ишкерлердин көбү мурдагыга салыштырганда Кытай менен Түркиянын товарын эмес, өздөрү тигип сатып калышкан. Анткени тигип сатуу даяр келген товардан арзаныраак болгондуктан өтүмдүү. Көбүнесе Казакстан менен Орусияга экспорттошот. Соодагерлер аталган базарда Өзбекстандын товары жылдан жылга көбөйүп келатканын айтып чочулашат. Андан сырткары казак, орус соодагерлери арасында түз эле Өзбекстанга ооп бараткандары да арбын экен.

Эксперттер Кыргызстан кийимдин татаал түрлөрүн тигүүгө, сырье өндүрүүгө өтүш керек дешет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттер Кыргызстан кийимдин татаал түрлөрүн тигүүгө, сырье өндүрүүгө өтүш керек дешет

"Биздин базарды Өзбекстандын балдар үчүн тигилген кийимдери эбак эле ээлеген. Алардыкы арзан болгондуктан атаандаштыкка биздикилер туруштук бере албайт. Мен эркектердин спорт шымдарын тикчүмүн. Эми Өзбекстандан так ошондой шымдар келе баштады. Алардыкы арзан, сапаты жакшы. Алар кездемени да өздөрү чыгарат. Ушул жагдай бизди тынчсыздандырат. Казакстандагы кардарлабыз түз эле Өзбекстандан алып сатып жатабыз дейт", - деди "Дордойдо" соода кылган Махабат Тургунбай кызы.

Кыргызстан Эвразия экономикалык биримдиктеги өнөктөштөр катары Казакстан менен Орусияга өз ишкерлерин коргогон сунуштарды киргизиш керектигин экеперттер айтып келатат. Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапарында бул маселени коёбу жокпу белгисиз.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан товар өткөрүү ЕАЭБге кошулганга чейинки мезгилден да оор болуп кеткенин айтууда.

Бакыт Дегенбаев ар бир жаран жергиликтүү товарды сатып алса өндүрүштү колдойт дейт

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакыт Дегенбаев ар бир жаран жергиликтүү товарды сатып алса өндүрүштү колдойт дейт

"ЕАЭБдин аймагында товар реалдуу жеңилдик менен өтсүн деп сүйлөшүш керек. Бул бийлик чынында иш бүтүргүсү келип келбегенинен көз каранды. Сапарда расмий бийлик башка сөздү сүйлөшү мүмкүн. Мисалы, мурда кыргыз-өзбек чек арасында биздин картошканы өткөрбөй маселе чыкканда мен Өзбекстанга баргам. Министрдин орун басары менен бир үстөлдө отуруп сүйлөшүп жатсам, баары жакшы, маселе жок чек ара иштеп жатат деди. Мен анын көзүнчө эки-үч ишкерге чалдым, чек арадан өтө албай турушканын, кандай тоскоолдуктар бар экенин айтышты. Жолугушууга маалыматы менен барыш керек, ал формалдуу өтпөш керек. Түздөн түз тиешеси бар ишкерлер менен сүйлөшүп алып, реалдуу көрүнүш колунда болуш керек", - деди Абакиров.

Өнүрдүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев жогоруда аты аталган өлкөлөр чийки заттын баарын өзү өндүргөндүктөн товарды арзаныраак чыгарат деп эсептейт. Экинчи жагынан, кийимдин бардык түрүн чыгарган өлкөлөрдүн артыкчылыгы көп, мисалы, Бангладеш, кандай татаалдыктагы болбосун кийимдерди тигет.

"Эми бул абалды кандай кылыш керек? Кыргызстанда жакшы тигүү тармагы түптөлүп калды. Компанияларга кайсы багытта жардам беришибиз керек? Сөз жок, ыкчам түрдө кездеме, фурнитура өндүрүшүн колго алыш керек. Ошондо экспортто биздин бизнес өзүн жакшы көрсөтө алмак", - деген Дегенбаев жергиликтүү өндүрүштү колдоого элди да, бийликти да үгүттөп келет.

"Легпром" ассоциациясынын айтымында, 2020-жылы тигүү цехтеринин басымдуусу жабылууга, жок эле дегенде кыскарууга туш болду. Биримдик аларды колдоо үчүн өкмөттөн жеңилдетилген кредиттер зарыл деп санайт. Өлкөдө жумуш менен эң көп чакан жана орто ишканалар камсыздайт.

Жеңил өнөр жайдын экономикадагы үлүшү баалуу металлдар өндүрүшүн кошпогондо 7 пайызды түзөт. Анын 80 пайызы тигүү тармагына туура келет.