You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Казак-кыргыз ортосунда чечилбеген маселе жок": президент Жапаров Нур-Султанга келди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.
Нур-Султан шаарында С.Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугат.
Президенттин басма сөз кызматы иш сапары учурунда Жапаров "Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушаарын" жазды.
Иш сапардын алдында президент Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине кеңири маек куруп, Казакстан менен Кыргызстан ортосунда "чечилбеген көйгөйлөр жок" деп айтты.
"Баары жакшы. Майда маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечип алабыз",-деген С.Жапаров. Деген менен соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кызматташтык, достук тууралуу бир канча келишимдерге, ЕАЭБдин эрежесине карабастан эки өлкө ортосундагы чек арадан кирип-чыгуу, соода жүгүртүүдө чоң маселе жаралып келүүдө. Чек аранын Кыргызстан тарабынан оор жүк тарткан унаалар чек арадан өтө албай туруп калган учурлар көп катталды.
Казак тарап жүктөлгөн товар менен декларацияда көрсөтүлгөнү дал келсе, маселе болбой турганын. Кеп бул жерде жалган транзит менен жүк алып өткөндөрдү ачыкка чыгаруу экенин айтканы бар. Кыргыз тарап болсо Казакстан соода атаандаштыгында адилетсиз кадамга барып жатат деп айыптаган. Өткөн жылы кыргыз-казак чек арасындагы маселе Евразия экономикалык комиссиясын 9-июндагы жыйынында каралганын Кыргызстандын мамлекеттик органдары билдирген.
Экономика министрлиги жарыялагандай аталган орган Кыргызстандан өтчү ЕАЭБ товарларына ашкере текшерүүлөрдү жоюуну, чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү, ЕАЭБге тиешеси жок бардык текшерүүлөрдү алууну, тез бузулчу товарларга "жашыл коридор" ачууну Казакстандан сураган. Бирок комиссия сайтына жыйында коронавируска чара көрүү жөнүндө сөз болгонун эле жазды. Кийин Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Кыргызстанга жооп кайтарды. Анда жүктөрдү ачык-айкын өткөрүүнү сунуштап келатканын, Кыргызстан муну жоопсуз калтырганын билдирген.
Кыргыз тарап болсо "импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгы төлөнөөрүн, ал бажы төлөмүнөн сырткары чогултуларын" айтып, ушул нерсе үчүн атаандаштык жүрүп жатат деп белгилеген. Казакстандагы "Хоргос" базарына миллиарддаган доллар инвестиция салынган. Тилекке каршы аны актай албай жатышат деген эле айрым эксперттер.
"Бизде ЕАЭБде, ЖККУда, ШКУда, КМШда көп маселелер бар. Бирок ошол бардык маселелерде казак менен кыргыздын кызыкчылыктары төп келет. 90% маселелерде эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей. Ошол убакта кызыкчылыктарыбызды бирдей коргогонго турабыз. Позицияларыбыз да дайыма бирдей. Биз ЕАЭБде дагы, ШКУда дагы бири-бирибиз менен кеңешип иш кылып жатабыз. Бул ишибиз мындан ары дагы улана бермекчи",-дейт С.Жапаров.
Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы дагы бир маселе суу пайдалануу боюнча.
"Суу маселеси боюнча биздин өзүбүздө проблемалар башталды. Анткени баарыңыздар жакшы билесиздер, дүйнө жүзүндө суунун жетишсиздиги башталбадыбы. Ошого байланыштуу эгерде бүгүнкү күн менен кете берсек, анда эмки жылы биздин Токтогул суу сактагычында катастрофалык деңгээлге жете турган акыбалга келип калдык. Ошондуктан биз азыр Өзбекстандан, Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз. Казакстан Республикасы жакында 900 млн кВт — 1 млрдга жакын кВт электр энергиясын бизге бере турган болду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себебин айтайын, эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизге элибизди электр энергиясы менен өзүбүз камсыз кылууга туура келет. Эгерде биз азыр Өзбекстан менен Казакстандан импорт ала албасак, анда вегетациондук мезгилде биз сиздерге суу бере албай калабыз. Анткени Токтогул суу сактагычында суу азайып кетет. Эгерде биз өзүбүз электр энергиясын өндүрө баштасак, анын аягы ушундай болуп калышы мүмкүн. Демек, биз энергияны Казакстан менен Өзбекстандан импорттошубуз керек. Бул баарыбызга пайдалуу. Натыйжада, өтүп жаткан мезгилде коңшу мамлекеттердин алдындагы милдеттенмелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз",-деди бул маселеге пикирин билдирген президент Садыр Жапаров.
Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер 1993-жылдан бери суу бөлүштүрүү маселесин оңдуу чече албай келүүдө. СССР урагандан тарта суу башындагы Кыргызстан, Тажикстан менен суу этегиндеги Казакстан жана Өзбекстан ортосунда суу маселесине байланыштуу талаш-талкуу, түшүнбөстүктөр бар. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык максатта гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.
Дүйнөлүк жана жергиликтүү адистер чөлкөмдөгү суу Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү экенин баса белгилешүүдө. Түпкү максат - аймактагы суу ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү жана туура пайдалануунун жолун табууда турат.