Кыргыз-казак соодада бири-бирин айыптап жатат

Акыркы эки күндө кыргыз-казак чек арасында эки өткөрмө бекет ачылды. Бирок мунун алдында эле эки өлкөнүн расмий органдары чек арадагы маселе боюнча бири-бирин айыптады.

11-июнда кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекети Казакстандын демилгеси менен ачылды. Бирок ал жерден бош унаалардын өтүүсүнө гана уруксат берилип жатат. Бир күн мурда "Чалдовар" унаа жол өткөрмө бекети ачылган.

Чек ара кызматынын маалыматында, буга чейин Чүй аймагы боюнча жалгыз иштеп жаткан "Ак-Тилек" бекетиндеги унаалар саны салыштармалуу азая баштады. Буга чейин 300дөн ашып жатса, бүгүн 150 чамалуу болуп калды.

"Кыргыз-казак чек арасында төрт автожол өткөрүү жайлары иштеп жатат. Булар Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Кең-Булуң" жана Талас облусундагы "Чоң капка". "Ак-Тилек" жана "Чоң капкадан" жарандар жана оор жүк ташуучу каражаттар өткөрүлүүдө", - деди Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.

Акыркы бир нече аптадан бери уланып келаткан кыргыз-казак чек арасындагы маселе Евразия экономикалык комиссиясын 9-июндагы жыйынында каралганын Кыргызстандын мамлекеттик органдары билдирди. Экономика министрлиги жарыялагандай, аталган орган Кыргызстандан өтчү ЕАЭБ товарларына ашкере текшерүүлөрдү жоюну, чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү, ЕАЭБге тиешеси жок бардык текшерүүлөрдү алууну, тез бузулчу товарларга "жашыл коридор" ачууну Казакстандан сурады.

Бирок комиссия сайтына жыйында коронавируска чара көрүү жөнүндө сөз болгонун эле жазды.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Кыргызстанга 10-июнда жооп кайтарды. Ал жүктөрдү ачык, айкын өткөрүүнү сунуштап келатканын, Кыргызстан муну жоопсуз калтырганын билдирет.

Казакстандын бул министрлигинин маалыматында, 2019-жылды башынан 2020-жылдын июнь айына чейин Кыргызстандан Казакстанга 80 миң унаа кирген. Арасынан 1547си гана текшерилгенде, анын 1505и же 98% салык мыйзамдарын одоно бузган. Мунун натыйжасында Казакстан 5 млн доллар киреше албай калган.

Кыргызстандын Экономика министрлиги мунун алдында Казакстан ЕАЭБдин макулдашууларын аткарбай жатат деген билдирүү тараткан. Министрликтин маалыматында, эки өлкөнүн өкүлдөрү чек арага барып текшергенде жүк ташуучу унаалар казак тараптан кармалып жатканы көрүнгөн. Март-май айларында унаалардын чек арадан өтүүсү 2,5 эсе жайлаган, өткөн жылы ушул мезгилде 85 миң 800дөн ашык машина өтсө, быйыл 32 миң 300дөн көп унаа гана өткөн.

"2020-жылдын 24-январынан тарта азыркыга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекети иштебей турат. Казак тарап көмүскөдөгү соода менен күрөшүп жатабыз деп, Кыргызстандын экспортун, анын ичинде айыл-чарба продукцияларын атайын бууп жатканы айдан ачык", - деп билдирет Экономика министрлиги.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети тараткан билдирүүдө Кыргызстан Казакстанга экспортун 10 эсе аз деп көрсөткөн. "Алардын (Кыргызстандын) маалыматы боюнча Казакстанга экспорт 2019-жылдын тогуз айында 18 млрд тенгени түзгөн, биздин маалыматыбызга ылайык 186 млрд тенге. Товарлардын баалары төмөн көрсөтүлгөнүн жана жалган транзитти эске алганда айырма мындан да чоң чыгат", - деген Казакстандын комитети.

Алар ошондой эле Кыргызстан Казакстан менен Орусияга чыгарган Кытай товарынын көлөмү мамлекеттин расмий импортунун санынан эки эсе чоң дейт. 2019-жылы Кыргызстан Кытайдан 75 миң тонна товар алган болсо, Казакстан менен Орусияга 149 миң тонна чыгарганы айтылат.

Экономика министрлиги Казакстандын статистикалык маалыматы туура эмес экенин айтууда. Министрликтин билдиришинче, КРдин жана Евразия комиссиясынын расмий маалыматына ылайык 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга экспорту 337,5 млн долларды түзгөн. Министрликтин эсебинде Казакстан Кыргызстандан импортун 251,9 млн доллар деп жатат.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети 9-июнда ушул маселени талкуулады.

Депутаттардын "чек арадагы маселени чечүүгө кандай чара көрө аласыңар" деген суроосуна жооп берип жатып экономика министри Санжар Мукамбетов Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясындагы эки министрин чакыртып алса болот деди.

Бул комитеттин мурдагы жыйынында кыргыз-казак чек арасында маселе чечилмейин биримдик боюнча беш мыйзам долбоорун кароодон баш тартышкан эле.

Аталган чек арада текшерүүлөр, тыгындар улам пайда болуп келген көйгөй.