You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз-казак чек арасында тыгын: "Хоргоско" жол ачуу амалыбы?
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү дагы деле оор болуп жатат. Укугубуз тебеленди деген айдоочулар суткалап жатышканын айтууда. Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Унаалардын жай өтүшү эмнеге байланыштуу?
"Бул жерге келгенде эле стресс болосуң. Үй-бүлөңө эптеп бирдеме таап келейин десең, баш катырган кырдаал башталат. Демек, бул жерде тургандар, биз, киши эмес экенбиз да?! Биздин укугубузду ким коргойт? Таап барганың бир күнгө жетет дагы, кайра ишке жөнөйсүң", - деген айдоочу Николай үмүтүн үзүп эле отурганын айтат.
Кыргыз-казак чек арасында мындай абал жаңы жылдын башынан бери уланууда. Би-Би-Си чек арага барганда үч-төрт күндөп кезекте турган айдоочулар бар экен. Алар азык-түлүк сыяктуу товарлар жеңил кирип, ТНП же тиричилик торвалары менен Орусияга кетчү жүктөргө чектөө болуп жатканын айтышты.
"Мен транзиттик товар ташыбайм, жүгүм ТНП да эмес, Казакстанга эле алып баратам, бирок баары бир күткөнгө туура келет. Бир күн мурда келгемин. Эмнеге аркы тарап бизди киргизгиси келбейт билбейм", - деп сөзүн улады Николай.
Тиричилик товары менен бараткандар четте өзүнчө токтоп, бир канча суткалап күтүшөт. Анткени күнүнө мындай жүгү бар унааларды бештен коё берип жатышат экен.
"Транзиттик товарлар Казакстанга эч тиешеси жок. Бизди текшербей, жада калса документти карабай түз өткөрүш керек. Бирок булар жүктүн баары аткезчилик жол менен Казакстанда калып калат деп ойлошот", - деди башка айдоочу Бахрам Тажибаев.
Ал эми чек арачылар унааларды токтоосуз өткөргөнгө аракет кылып жатканын айтууда.
"Укуктук ченемдерге ылайык, биз ар бир унааны 10 мүнөттөн жарым саатка чейин текшеришибиз керек. Ага карабай биз ар бирин беш мүнөткө чейин өткөргөнгө аракет кылып жатабыз. Бирок аркы тарап жай өткөргөндүктөн көпүрөдө жана башка жактарда тыгын пайда болуп жатат. Ары жактан машиналар өтмөйүнчө биз да өткөрө албайбыз. Биз тарапта тыгын пайда болгондун себеби ошол", - деди Би-Би-Сиге Чек ара кызматынын чек ара бекеттерин кароо башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Жалбиев.
Казакстандын максаты эмне же жүйөөсү кандай?
Казакстан унаадагы товар менен декларациясындагы товар дал келсе, эч кандай дооматсыз өткөрүп жатабыз деп келатат.
"Кыргызстандан Орусияга бараткан транзиттик жүк ташуучу унааларга эч кандай текшерүү жүргүзүлбөйт. Унаалардын товар тууралуу документтери сканэрден өткөрүлөт. Бул көп болсо 3-5 мүнөттү алат. Андан кийин унаалар өз багытында жөнөтүлөт", - деди Би-Би-Сиге Казакстандын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин бөлүм башчысы Жандос Азимканов.
Казакстан 2019-жылы Кыргызстандан транзиттик жүк алып өтөм деген унаалардын 94 пайызы Казакстанда калганын айтууда. Мындан мамлекет бир млрд тенгеге чукул киреше албай калганын билдирди. Ошондуктан шектүү унааларга кайда баратканын көрүп туруу максатында электрондук пломба илүүнү талап кылууда.
"Күнүнө бир-эки унаага гана коюлат. Жалган транзиттин алдын алуу максатында ушундай чаралар колдонулат", - дейт Жандос Азимканов.
Казакстан ошондой эле унаадагы товар документте башкача көрсөтүлгөн учур көп дейт.
Чек ара бекетинен кийин эле киреше чогулткан комитеттин турганы Евразия экономикалык уюмдун мыйзамдарына канчалык дал келет?
"Бул абсолюттук түрдө дал келбейт деп айтсак болот. ЕАЭБдин эрежелери боюнча ал жерде чек арачылардын көзөмөлү гана болуш керек. Алар баңгизатты, курал-жарактарды текшериш керек. Башка эч бир көзөмөл ал жакта турушу мүмкүн эмес", - деп жооп берди Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров.
Маселенин түйүнө тереңдеби?
Казакстан расмий комментарийде жүктөр тоскоолдуксуз өтүп жатат деген менен, айдоочулар тескерисин айтышууда. Алардын чек арачыларга дооматы жок.
"Импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгы төлөнөт. Ал бажы төлөмүнөн сырткары чогултулат. Биздин оюбузча, ушул нерсе үчүн атаандаштык жүрүп жатат. Казакстандагы "Хоргос" базарына миллиарддаган доллар инвестиция салынган. Тилекке каршы аны актай албай жатышат. Ошондуктан бизден өткөн жүктөрдү алар алгысы келет. Бул нерсени айрым айдоочуларга "биз аркылуу киргиле" деп ачык эле айтышкан", - деди министр орун басары Эльдар Алишеров.
Алишеров Казакстан соода атаандаштыгында адилетсиз кадамга барганын айтууда. Ал мындай маселе акыркы эки жылдан бери кайталанып келатат дейт.
Өкмөт башчылардын, алардын орун басарларынын жолугушуулары жыйынтык бербей келет. Керек болсо эки тараптын президенттери да жолуккан.
Кыргызстан маселе эми Дүйнөлүк соода уюумунун жана ЕАЭБдин жыйындарында каралат деп күтүп жатат.
"Ак-Тилектен" суткасына 300гө чейин жүк ташуучу унаа өтүп келген болсо, азыр жүзгө да жетпейт.
Ал тапта унаалар башка тарапка агылып,"Кордай " өңдүү өткөрмө бекеттерде тыгындарды пайда кылууда.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кызматташтык, достук тууралуу бир канча келишим бар. Ал эми ЕАЭБдин эрежесине ылайык, аймакта товар эркин жүгүртүлүш керек.