You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина: Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр аяктады, Киев менен Харьковго сокку урулду
- Author, Дирбейл Жордан
Украина Орусиянын түнкү аба соккуларынын жаңы толкунун айыптады. 24-январга караган түнү болгон чабуулдардан бир адамдын өмүрү кыйылып, 23 киши жаракат алды. Бул соккулар Украина, Орусия жана АКШнын Бириккен Араб Эмираттарындагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнүнүн алдында болду.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига "ырайымсыз" чабуулду Орусиянын президенти Владимир Путин буйрутма кылганын билдирип, ал "биздин элге эле эмес, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да сокку урду" деп билдирди.
Жума күнү Орусия, Украина жана АКШнын делегациялары 2022-жылы Кремль коңшу өлкөгө басып киргенден бери биринчи жолу Абу-Дабиде үч тараптуу сүйлөшүүлөргө чогулган.
Бул сүйлөшүүлөр ишембиде күндүз жыйынтыкталды. Азырынча андан кандай майнап чыкканы белгисиз.
Бир булак бул сүйлөшүүлөрдө айрым жылыштар болгонун, бирок аймак маселеси чечиле электигин Би-Би-Сиге билдирди.
Украинанын борбору Киевдин мэри ишемби күнү таң эрте шаарга жасалган чабуулда бир адам каза таап, төртөө жаракат алганын маалымдады. Ал эми Харьковдун мэри орус аскерлеринин соккуларынан калаада 19 адам жабыркаганын айтты.
Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүндө Сибига түнкү чабуулдар "Путиндин орду Тынчтык кеңешинде эмес, атайын трибуналда экенин далилдей турганын" айтты.
Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Путин дүйнөлүк чыр-чатактарды токтотууну көздөгөн Тынчтык кеңешине кошулуу чакыруусун кабыл алганын билдирген. Бирок Путин муну тастыктаган жок.
Киевдин мэри Виталий Кличко жаракат алган төрт адамдын үчөө ооруканага түшкөнүн Телеграмга жазды.
Ал борбор калаанын маанилүү инфраструктурасы талкаланганын, 6 миң имарат жылуулуксуз калганын кошумчалады.
Украинанын айрым аймактарында температура -12Cге чейин төмөндөдү. Владимир Зеленский соңку соккулардан кийинки билдирүүсүндө: "Орустардын негизги бутасы энергетикалык инфраструктура болду", - деди.
Өткөн жумада да Орусия Киевдин энергетикалык инфраструктурасына сокку урган. Бул жагдай Зеленскийди алгач Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумга сапарын жылдырууга мажбур кылган.
Харьковдун мэри Игорь Терехов ишемби күнү таңда болгон чабуулда өлкөнүн чыгышындагы калаада 19 адам жаракат алганын билдирди. Чабуулда төрөт үйү жана жер которгон адамдар үчүн курулган жатакана жабыркаган.
Орусия Украинанын аймагынын болжол менен 20% ээлеп турат. Анын ичинде чыгыштагы Донбасс аймагынын айрым бөлүктөрү да бар. Кремль Украинанын чоң аймагынан баш тартышын талап кылууда. Бирок Украина буга макул эмес.
Давостогу жыйында Зеленский: "Баары жер тууралуу. Бул азырынча чечиле элек маселе",-деди
Ал келишимге жетилген учурда АКШ Украинага бере турган болочоктогу коопсуздук кепилдиктери боюнча Трамп менен мунаса тапканын айтты.
Ал толук маалымат берген жок, бирок кол коюудан мурда аны АКШ Конгресси жана Украина парламенти талкуулай турганын кошумчалады.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр башталганына бир күн калганда АКШнын атайын өкүлү Стив Виткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Москвада Путин менен жолугушту.
Төрт сааттык жолугушуудан кийин Кремлдин жардамчысы Юрий Ушаков: "Владимир Путин Украина кризисин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө Орусиянын чын ниети бар экендигин баса белгиледи", - деди.
Бирок ал "Анкорижде макулдашылган формуланын негизинде аймак маселеси чечилбесе, узак мөөнөттүү келишимге жетишүү мүмкүн эмес" деп билдирди.
Өткөн жылдын август айында Трамп менен Путин Алясканын Анкориж шаарында согушту токтотууну талкуулоо үчүн жолугушкан. Аны улай Орусияга Донбассты алууга, 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялаган Крым жарым аралын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү мунаса табылган.
Зеленский Луганск жана Донецктен турган жана 12 жылдан бери жарым-жартылай Орусия көзөмөлдөп турган Донбасстан баш тартууга каршы чыккан.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнөн кийин Украинанын делегациясын жетектеген Рустем Умеров социалдык медиада: "Жолугушууда Орусиядагы согушту токтотуу параметрлери жана татыктуу, ошондой эле узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө багытталган сүйлөшүү процессинин андан аркы логикасы талкууланды", - деп жазды.