You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзгөндө айдоочулардын жол талашы өлүм менен аяктады
Өзгөн районунда жол талаша кеткен эки жарандын ортосундагы чыр адам өлүмүнө алып келди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын малыматына караганда, 24-январда Өзгөн милициясына аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесине учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында ушул эле күнү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен 1993-жылы туулган Х. уулу С. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди" деп айтылат Ош облустук милициясынын маалыматында.
Тергөө амалдарынын алгачкы жыйынтыктарына ылайык, маркум менен шектүүнүн ортосунда автоунаа жолун талашуудан улам пикир келишпестик чыккан. Жаңжал учурунда шектүү учтуу нерсе менен каршылашына сокку урган.
Социалдык тармакта тараган видеолордо эки киши кубалашып, аларды бир канча адам ажыратууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Кыргызстанда айдоочулардын жол талашып, бири-бирине күч колдонуусу буга чейин да бир канча ирет катталган. Адистер мындай көрүнүштү "жолдогу агрессия" деп аташат. Андай учурлар кайгылуу аяктаган фактылар да бар.
Буга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа сүйүүчүлөрдүн арасында айдоо маданиятын жогорулатууга багытталган комплекстүү иш-чараларды өткөрүп жатышканын айтышкан.