Сот Шайлообек Атазовду, Кубанычбек Кадыровду үй камагына чыгарды

Бишкектин Биринчи май районду соту 24-январда Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандыктар" беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовду үй камагына чыгарды. Ушул эле күнү сот "бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровду да үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Булардан тышкары, "массалык башаламандыктар" беренеси менен кармалган дагы бир шектүү (К.Н.К.) үй камагына чыкты.

Аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Сот аны канааттандырганын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Былтыр 22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган. Алардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, саясатчы жана ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев жана башкалар болгон.

Ички иштер министрлиги камалгандар "зомбулук, талкалоо, өрттөө менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көргөнүн" айтып маалымат тараткан.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагып, тергөө абагында алардын укуктары бузулуп жатканын билдиришкен.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-январда алардын бөгөт чарасын карап, 17-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырган чечимин чыгарган.