You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тапанчабы же телефонбу? Миннеаполистеги атышуу тууралуу эмне билебиз?
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
Миннеаполис штатынын аткаминерлери жана федералдык мекемелердин өкүлдөрү Алекс Преттинин өлүмү боюнча ачакей түшүндүрмөлөр берип жатышат. Иммиграциялык кызматтын агенти мындан үч жумача мурун эле ушул штатта башка дагы бир аялды атып алган эле.
37 жаштагы Алекс Претти Миннеаполистин көчөлөрүнүн биринде иммиграциялык кызматтын агенттери менен ишемби күнү таң эрте орун алган кагылышуу учурунда ок жеп, каза болду.
Ички коопсуздук министрлиги Преттиде тапанча болгонун, агенттер андан куралды тартып алалы деп, бирок ал каршылык көрсөткөндө өздөрүн коргоо үчүн ага ок чыгарууга мажбур болушканын билдирди. Күбөлөр, жергиликтүү чиновниктер, жана маркумдун үй-бүлөсү мындай версияны четке кагып жатышат, алар Алекс Преттинин колунда тапанча эмес, телефон болгон деп жатышат.
Республикачы-сенатор Билл Кэссиди Миннеаполистеги окуяны "аябай кооптуу" деп атап, Иммиграциялык жана бажы полициясына (ICE) жана АКШнын ИИМине ишеним "коркунучта" экенин кошумчалады.
"Федералдык жана штаттын деңгээлинде бирдиктүү жалпы иликтөө жүргүзүлүшү керек. Биз америка элине чындыкты ишенимде айта алабыз", - деди ал X социалдык платформасына жазган постунда.
Бийликтин реакциясы
Кечээ жакында президент Дональд Трамп Миннеаполистин мэри Жейкоб Фреяны жана ушул эле штаттын губернатору Тим Уолцту "козголоңго шыкактоого" айыптады. Ага чейин Трамп Миннеаполисте "Козголоң тууралуу акт" мыйзамын колдонору менен коркуткан эле.
Бул мыйзам 19-кылымда кабыл алынган, ага ылайык аскерлерди АКШ аймагында тартипти коргоо функцияларын аткаруу үчүн пайдаланууга жол ачылат.
АКШ президенттери "эгер өкмөткө каршы "мыйзамсыз тоскоолдуктар, бирикмелер же чогулуштар, же козголоңдор" АКШ мыйзамдарын "соттук териштирүү алкагында" "ишке ашырууну мүмкүн" кылбай жатса бул мыйзамды колдоно алышат.
Бул мыйзамды ишке киргизгенден кийин аскерлерге жарандык баш-аламандыктарды басуу жана мигранттарды кармап-камоого чейинки тапшырмалар берилиши мүмкүн. Буга АКШнын Коргоонуу күчтөрүнүн бир бөлүгү катары - Улуттук гвардия дагы кирет, ал өлкө аймагында чукул кырдаалдар жана табигый кырсыктар орун алганда ишке тартылат.
Бирок жыйынтыгында, Трамп Миннесотада козголоң тууралуу мыйзамды колдоонуудан баш тартып, бирок бул утурумдук баш тартуу болуп атабы же жокпу, азырынча белгисиз.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Миннеаполистеги окуяны "атайын жасалган хаос" деп сыпаттап, шаар үчүн "уникалдуу" окуя болду деди.
"Бул жергиликтүү бийлик менен кызматташкан ашынган солчулдардын аракеттеринин жыйынтыгы", - деген пост жазды ал X социалдык платформасында.
Буга чейин ал Миннесота лидерлерин алар тартип коргоо органдарына ICE-тын федералдык агенттери менен кызматташуусуна тоскоол кылып жатат деп айыптаган.
Штаттын бийликтери Преттинин өлүмүнө байланыштуу далилдерди жок кылуунун алдын алуу үчүн федералдык агенттиктерди сотко берди.
Хеннепин округунун прокуратурасы жана Кылмыштуулуккка каршы бюросу бирдикте сотко арыз беришти, аны менен катар Миннесота боюнча АКШныны округдук сотуна утурумдук чектөө токтомун киргизүү боюнча ходатайство менен кайрылышты.
Сотко арыз Ички коопсуздук министрлиги, Иммиграциялык жана бажы кызматы, Бажы жана чек ара кызматы, АКШнын Чек арага көзөмөлүнө жана "алардын тийиштүү жетекчилерине каршы берилди. Жоопкер катары АКШнын башкы прокурору Пэм Бондинин ысымы аталды.
"Бүгүнкү доо арыздар таянган далилдерде жоопкер тарап жана алардын көрсөтмөлөрү менен аракет кылгандар атышуу болгон жерден далилдерди тартып алып, мамлекеттик органдарга аларды карап чыгууга мүмкүнчүлүк берген эмес" - деп айтылат Хеннепин округунун прокуратурасынын арызында.
"Федералдык агенттер мыйзамдан улук эмес, Алекс Претти дагы, албетте, андан төмөн эмес",- деди Миннесотанын башкы прокурору Кит Эллисон.
Инцидент тууралуу эмне белгилүү?
Атышуу ишемби күнү эртең менен Миннеаполисттин чыгыш тарабындагы Николет-авенюсунун 26-көчөсүндө жергиликтүү убакыт менен 9.05 орун алган.
Чек ара патрулунун командири Грег Бовино агенттер иммиграциялык мыйзамдардын сакталышын камсыздоо боюнча "максаттуу" операция жүргүзүп жатканда Претти аларга "9-миллиметрдик жарымавтомат" тапанча менен жакын келгенин айтууда.
Бовино Претти тапанчасы менен тап бергенби же жокпу тактаган жок, бирок агенттер аны коопсуздандырууга аракет кылып, ал "катуу каршылык көрсөткөнүн" айтты. Командирдин айтымында, мындан кийин чек ара патрулунун кызматкери "өзүн коргоо максатында ок чыгарган".
Ок жаңыргыча тартылып алынган видеолордо Претти агенттерди көчөнүн ортосунда туруп алып, телефонго тартып атканын көрүүгө болот. Арткы планда ышкырык жана өтүп бара жаткандардын кыйкырыктары угулат.
Бир ракурстан агент бир аялды түртүп жатканы көрүнөт. Камера Преттиге бурулганда ал ал аялды ийнинен кармайт, андан кийин агент экинчи аялды түртмөлөйт. Ошол эле маалда Претти колун сунуп, ал аял менен агенттин ортосуна арачылык кылат.
Андан кийин агент анын көзүнө бир нерсе чачыратат. Претти жүзүн буруп, бир колун асманга көтөрөт. Экинчи колу менен телефонун кармап тургансыйт. Курал көрүнбөйт.
Башка ракурстан тартылган дагы бир видеодо агент Преттини колунан тартып, анан башка агенттер ага жардамга келишет. Преттинин жерге ныгырышып, анын үстүнө кеминде алты агент чыкканын көрүүгө болот. Агенттердин бири аны башка чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Башка офицер, мушташка жакын келип, тапанчага окшош нерсе кармап, артка жылат. Ал автомобилди көздөй жылганда, анын жанында турган башка агент бир нече секунддан кийин ок чыгарат.
Агенттер жерде жаткан эркек кишиден ары секирип, атышуулар уланат, баары болуп 10 октун үнү угулат.
Преттиде курал болгонбу?
Инцидиент түшүп калган видеону CNN анализге алган, ага ылайык федералдык иммиграциялык кызматтын бир кызматкери Преттиден ок атышууга чейин эле тапанчасын тартып алганын көрүүгө болот.
Күбөлөр тартып алган видеодо агенттердин бири Преттини кармап турган башка офицерлердин жанына келип, тапанчасын тартып алып атканын көрүүгө болот, ал тапанча Ички коопсуздук министрлигинин маалыматында айтылган тапанча болушу мүмкүн.
Агент Преттинин кийимдерин аңтарып жатканда башкалары "анда тапанча бар экен" деп кыйкырганы угулат, офицер колуна тапанча алып, бери чыга бергенден кийинки бир нече секундда ок жаңырат, андани кийин дагы кеминде тогуз жолу октун үнү жаңырат.
"Мен азыр көрүп жаткандан видеодон улам, ок чыгарууга негиз болгон дегенге окшошпойт - дейт Филадельфия жана Вашингтондун полициясынын мурунку комиссары Чарль Рэмси. CNN тартипти сактоо маселелери боюнча серепчиси катары ал бул ою менен видеону көрүп бүтүп бөлүшкөн. - Жигит тротуарда жатат...алар болсо ага дале ок чыгарып жатышты".
Видеолордо Преттиден тапанчаны тартып алган кызматкердин колунда ага чейин эчтеке болбогону көрүнөт. CNN көрүп чыккан видеолордо Преттиден куралды тартып алган офицер башкаларга ал тапанчаны алганын кабарладыбы же жокпу билинбейт.
Бирок атышуудан кийин бир мүнөттөн кийин Преттинин денеси көчөдө кыймылсыз жаткан маалда, видеодо бир адамдын "тапанчасы кана?" деп сураганы угулат. Преттиден куралды тартып алган кызматкер ага жакын келип, "тапанча менде" дейт.
Тапанча
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги социалдык желелерде Преттиге таандык делген тапанчанын сүрөтүн жарыялады. Ошондой эле анда ок-дарысы менен эки окчонтою болгону кабарланат, өздүгүн тактаган документтери болгон эмес.
Бовино журналисттерге муну "тигил адам болушунча чыгымга учуратып, тартип коргоо органдарын массалык түрдө өлтүрүүнү каалагандай кырдаалдай" көрүнгөнүн билдирген. Ал кошумча эч кандай далил келтирген эмес.
Миннеаполис полициясынын жетекчиси Брайан О'Хара басма сөз жыйынында Претти куралдын мыйзамдуу ээси болгонун жана аны алып жүрүүгө уруксаты болгон сыяктуу экенин айтты. Полиция Преттинин буга чейинки болгон бузуулары - туура эмес жайда машина токтоткондугун үчүн айып пул алганы экенин тактаган.
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги социалдык желелерде Преттиге таандык делген тапанчанын сүрөтүн жарыялады. Ошондой эле анда ок-дарысы менен эки окчонтою болгону кабарланат, өздүгүн тактаган документтери болгон эмес.
Бовино журналисттерге муну "тигил адам болушунча зыян келтирип, тартип коргоо органдарын массалык түрдө өлтүрүүнү каалагандай кырдаалдай" көрүнгөнүн билдирген. Ал кошумча эч кандай далил келтирген эмес.
Миннеаполис полициясынын жетекчиси Брайан О'Хара басма сөз жыйынында Претти куралдын мыйзамдуу ээси болгонун жана аны алып жүрүүгө уруксаты болгон сыяктуу экенин айтты. Полиция Преттинин буга чейинки болгон бузуулары - туура эмес жайда машина токтоткондугун үчүн айып пул алганы экенин тактаган.
Ички коопсуздук министрлиги да Алекс Преттиге тийиштүү куралдын сүрөтүн жарыялады. Министр Кристи Ноемге кийинчерээк, Претти тапанчасы менен ары-бери булгалаганбы, тактоочу суроолор берилди.
"Тартипти коргоо органдарынын операциясына жолтоо кылганы ортодон чыга калган адамдар болду жана алар биздин кызматкерлерге кол салды. Алар даярдыгына жараша жооп кылып, кызматкердин өмүрүн сактоо үчүн чараларга барды. Мен плакат менен эмес, курал, патрондору менен келген бир дагы бейпил демонстрантты билбейт экем", - деди министр.
Миннесотанын губернатору Тим Уолц федералдык агенттердин аракеттерине күбө болуп же документтештирген адамдар кандай тобокелчиликтерге барып жатышкандыктарын түшүнөрүн айтты:
"Кудайга шүгүр, кудайга шүгүр, бизде видео бар. DHS айтымында, бул жети баатыр жигит батальондун кысмагына туруштук беришти же дагы бир ушундай нерсеге барды. Бул болбогон нерсе, адамдар. Болбогон нерсе жана калп" .
ICE кандай ыйгарым укуктуу ?
АКШнын полиция башкармалыгынын ыйгарым укуктарынан ICE агенттерине тийиштүү ыйгарым укуктар айырмаланат. Кызматтын агенттери АКШда мыйзамсыз жүрөт деп шектеген адамдарды токтотуп, кармап, камай алат. Бирок үйдүн ичине кирип барып, же жеке менчик жайга баш багууга аларга соттун ордери талап кылынат.
Айрым учурларда, агенттер АКШнын да жарандарын да кармоого укуктуу, эгер алар ICE агенттерине жолтоо кылып же аларга кол сала турган болсо буга жол берилет.
Иммиграциялык жана бажы полициясынын (ICE) кызматкерлеринин күч колдононушу АКШ Конституциясы тарабынан, АКШ мыйзамдары жана Ички коопсуздук министрлигинин жеке принциптери менен жөнгө салынат.
Кошмо штаттарынын Баш мыйзамына ылайык, тартип коргоо органдары "өлүмгө алып келүүчү күчтү, эгер ал адам аларга же башкаларга олуттуу коркунуч жаратса же зомбулуктуу кылмыш жасаса" колдоно алат. Бул тууралуу Вандербильт университетинин юридикалык мектебинин Кылмыш адилеттилиги программасынын директору Крис Слобогин эскертет.
Бирок АКШнын Жогорку Соту кырдаалды убагында аңдай албай, ошол учурда чечим кабыл алган кызматкерлерге дайым ырайым кылып келет.
Ички коопсуздук министрлигинин 2023-жылдагы директивасында федералдык кызматкерлер "адам өлүмүнө алып келчү куралды зарыл убакта" гана, "мындай курал колдоно турган объект аларга же башкалардын өмүрүнө коркунуч же олуттуу жараат алып келчү маалда" колдоно алары айтылат.
Ички коопсуздук министрлигинин 2023-жылдагы директивасында федералдык кызматкерлер "адам өлүмүнө алып келчү куралды зарыл убакта" гана, "мындай курал колдоно турган объект аларга же башкалардын өмүрүнө коркунуч же олуттуу жараат алып келчү маалда" колдоно алары айтылат.
Алекс Претти деген ким?
37-жаштагы Алекс Претти АКШ жараны, Иллинойсто төрөлгөн, Висконсин штатындагы Грин-Бэйде чоңойгон, бала чагында футбол, бейсбол ойноп, женил атлетикага кызыкчу, бойскаут болчу, хордо ырдачу.
Анын үй-бүлөсүнүн айтымында, ал Миннесота университетине 2011-жылы тапшырган, биология, коом жана айлана чөйрө боюнча бакалавр билимине ээ болгон. Илимий кызматкер болуп иштеп, анан университетке медициналык кызматкердин дипломун алуу үчүн кайтып барган.
Маалыматтар боюнча, Претти каршылык акцияларына январда Рене Гуддун ICE агенттеринин колунан каза болгондон кийин кошулган.
Преттинин кесиптештери жана тааныштары аны активдүү эс алганды жакшы көргөн, тоодо велосипедди жакшы көргөн адам катары эскерип айтып беришти.
Претти Миннеаполистеги ардагерлер үчүн бейтапкананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө медициналык кызматкер болуп иштечү, деп айтылат анын үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө. Алар Associated Press агенттигинде АКШ президенти Дональд Трамттын шаардагы иммигранттарга карата катаал чаралары аны абдан түйшөлткөнүн айтып беришкен.
Преттинин апасы анын уулу Трамптын администрациясы экологиялык жоболорду жокко чыгарганына да тынчсызданганын да айтып берди.
"Адамдар жерди булгап жатканы анын жинин кашайтчу",- деген Сьюзан Претти AP агенттигине.
Ал уулу "жаратылышты сүйгөнүн", кайда барбасын итин чогуу алып жүргөнүн эскерип берген. Ошондой эле Алекс өз өлкөсүн жакшы көргөнүн, бирок аны адамдар эмнеге айлантып жатканын жек көргөнүн да айтып берген.
AP Претти Жоул аттуу итин абдан жакшы көргөнүн, бирок ал бир жыл мурун өлүп калганын да жазды.
Маркумдун үй-бүлөсү анын тартипти коргоо органдары менен эч маселеси болбогонун, жол кыймылын бузгандыгы үчүн айып пулдары эле болгонун айтып берген. AP соттук жазууларды текшерип, ал соттолбогонун да аныктап чыккан.
Висконсинде жашаган Преттинин ата-энеси уулуна каршылык демонстрациялары маалында сак болушу керектигин эскертишкен.
"Биз бул туурасында аны менен эки апта мурун сүйлөшкөнбүз: каршылык билдирсе болот, бирок конфликтке, келесоолук иш-аракеттерге барбоосун айтканбыз, - деген агенттикке анын атасы Майкл Претти. - Ал мага, аны билерин айткан. Ал аны билчү".
Анын ата-энеси уулу менен акыркы жолу ал каза болордун алдында, эки-үч күн мурун сүйлөшкөнүн эстешет, анда ал гаражында кантип ремонт жасаганын айтып берген.
AP жазгандай, ремонтту латынамерикалык жаран жасап берген, Преттинин ата-энеси Миннеаполисте болуп жаткан окуяларды эске алып, уулу ага эмгек аксынан тышкары дагы кошумча 100 доллар берип коюусун айтышкан.
Преттинин үй-бүлөсү анда тапанча болгонун, бирок анда Миннесотада курал алып жүрүүгө уруксаты да болгонун айтып беришкен. Бирок алар уулунун тапанчаны көтөрүп жүргөнү тууралуу маалыматы жоктугун да айтышкан.
Претти Демократиялык партиянын тарапкери болгон жана 2020-жылдагы Миннеаполистеги Жордж Флойдун полиция тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин орун алган көчө митингдерине да катышканын анын мурунку жубайы AP агенттигине айтып берген.
Анын айтымында, Претти каршылык акциялары маалында тартип коргоо органдарына кыйкырышы мүмкүн адам эле, бирок ал эч качан агрессивдүү болбогонун эскерип берген.