Р.Казакбаев: Биринчи маселе саясий мамилелер боюнча

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына келди. Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан сырткары орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугат деп кабарлады президенттин расмий сайты. Ошондой эле Орусиянын бизнес-коомчулугу, ал жакта эмгектенген кыргызстандыктар, студенттер менен жолугушмакчы.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапар учурунда карала турган негизги маселелер тууралуу Би-Би-Сиге маек курду.

Р. Казакбаев: Бул биз үчүн өтө маанилүү сапар болуп саналат. Анткени президентибиздин алгачкы иш сапары. Орусиянын президенти В.В.Путин андан соң премьер-министр М.Мишустин, В.Володин, В.Матвиенко баштаган эң жогорку жетекчилери менен жакындан таанышуу. Эң биринчи маселе - саясий мамилелер боюнча пикир алмашуу болот. Андан соң экономикалык маселеге келсек, мурунку келишимдердин аткарылышы боюнча. Кыргызстанга Евразия өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар жеңилдетилген насыясы, ошондой эле жылына Кыргызстан үчүн жардам катары келген грантты алуу. Ошондой эле "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын алуу. Мындан сырткары келишимдерге кол коюу. Эл аралык маалымат коопсуздугу боюнча келишим бар. Ага тышкы иштер министрлери кол коёт. Айыл-чарбабыз өндүргөн жер-жемиш, эт, азык-түлүктөрдү Орусияга экспорттоо боюнча келишимге кол коюлат. Коргоо министрлери 2021-2025-жылдардагы мамилелер үчүн кол коё турган келишим бар. ЕАЭБге чыгып жаткан товарларды маркировкалоо боюнча келишимге дагы кол коюлат. Мындан башка дагы экономикалык маселелер каралат. Эң орчундууларынын бири газдын баасы. Учурда газ үчүн төлөнүп жаткан 150 доллар деген бааны төмөндөтүп, 120 мүмкүн болсо 100 долларга чейин арзандатсак, сом менен төлөгүдөй болсок деген план бар. Министрлер алдын ала кетишкен. Алар ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алды. Ал боюнча министрлер өздөрү дагы кенен айтып берет.

Би-Би-Си: Акыркы учурларда Орусия менен алака солгундай түшкөнү тууралуу айрым эксперттик пикирлер айтылууда. Бул канчалык негиздүү айтылган пикир?

Р. Казакбаев: Бул пикирге кошулбайм. Биз ачык, көп тараптуу, туруктуу, мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгына карата тышкы саясатыбызды жүргүзөбүз. Биринчи кезекте стратегиялык өнөктөшүбүз - Орусия. Тил, маданият алакабыз өтө тыгыз болгон коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, жаныбыздагы стратегиялык өнөктөш маанисине ээ болгон Кытай мамлекети менен мамилелерди кеңейтип жатабыз. Мындан сырткары коопсуздук, билим берүү, жаңы технологияларды өздөштүрүүдө, демократиялык процесстерди бекемдөө жана өнүктүрүүдө АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттер менен дагы кызматташтык жүрүп жатат. Орусия менен акыркы алты айда мамиле солгундап жатабы дегенге кошула албайм. Биздин мамилелер андан дагы тереңдеп, кеңейип жатат деп айтсам болот. 10-октябрга чейин болгон кыска мөөнөттөгү саясий кризисте Орусия бийлиги, президенти В. Путиндин жана анын атайын өкүлү болуп Кыргызстанга келген Дмитрий Козактын Кыргызстандагы саясий туруктуулукту орнотууга өзгөчө салымы болду. Биз ага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул сөздөр шайлоодон кийин дүйнөнүн көп мамлекеттери, абройлуу эл аралык уюмдардан, чыгыш, батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери шайлоонун таза өткөнүн белгилеп, куттукташпадыбы. Балким, ошону эске алып айрым аналитиктер ошондой божомолдорду кылышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Президенттик шайлоодон кийин Казакстандын президенти К.Ж.Токаев шайлоодогу жеңиши менен Садыр Жапаровду куттуктап, телефон аркылуу жылуу пикир алышуу болгону маалым. Дал ошол сүйлөшүүдө Садыр Жапаров президент катары алгачкы расмий сапарын Казакстандан баштай турган болду деп маалымат тараган. Ак Ордонун сайты дагы муну расмий жазган эле. Азыр Казакстандагы айрым бир интернет колдонуучулар президент Садыр Жапаровдун алгачкы сапары Орусияга багытталганына көңүл бурууда. Тышкы иштер министри катары кандай түшүндүрмө берет элеңиз?

Р. Казакбаев: Инауграциядан кийинки сүйлөшүүлөргө баарыбыз күбөбүз да. Орусия президенти В.Путин ага чейин эле чакырган. Орусия союздаш жана стратегиялык өнөктөш мамлекет болгондуктан алардын элчилери чакырышат. Бул адатка айланып калган. Алар биринчилерден болуп чакырган. Пандемияга байланыштуу техникалык, экономикалык, каржы жардамдары, эки тараптуу, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы боюнча маселелер туруп калгандыктан президентибиздин биринчи сапары Орусияга деп белгиленди. Туура, Касым-Жоомарт Токаев менен телефондук сүйлөшүү болгон экен. Мен ал сүйлөшүүгө катышкан жокмун. Ал жерде Касым-Жоомарт Кемелович, биринчилерден болуп келип кетиңиз деген экен. Ошондо биринчи расмий сапарымды бир тууган казак калкыбыздан баштайбыз деген жооп болгон экен. Расмий сапар. Протоколго келсек, биринчи расмий сапар Каакстанга болот. Кудай буюрса азыр марттын башында деп так белгиленип жатат. Орусиядан келээрибиз менен Казакстанга расмий биринчи сапар болот. Дагы бир тактап кетейин, биринчи чакыруу Орусия президенти В. Путин тараптан түшкөн. Ошондой эле Касым Кемеловичти билесиздер, эл аралык масштабдагы такшалган дипломат. Биринчи расмий сапарыңыз менен бир тууган Казакстанга келип кетиңиздер деген. Ушундай чакыруу Өзбекстан президенти Шавкат Мирамоновичтин атынан дагы болгон. Буюруса кезек-кезеги менен сапарларыбызды улантабыз.