Талкууга калган өтүнүч: Путин Жапаров менен телефондо сүйлөшөт

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видео жыйынында сүйлөгөн сөздөрү коомдук тармактарда талкууга түштү.

Бул анын эл аралык чоң жыйынга биринчи жолу катышуусу гана эмес, лидерлер менен жарыяланган биринчи байланышы. Жергиликтүү айрым басылмалар кызматка келгенден бери анын биринчи жолу галстук тагынганын да жазышты.

Садыр Жапаров Кыргызстанда бийлик тынч өткөрүлүп берилгенин, азыр бардык мамлекеттик органдар толук иштеп жатканын жана легитимдүү экенин айтты.

Ал Кыргызстан Орусия менен алакага артыкчылык берээрин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан баардык эл аралык милдеттерин, мурда кол койгон эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерин аткараарын баса белгиледи.

"Кыргыз Республикасы Евразиялык интеграция боюнча Россия Федерациясынын дайыма ишеничтүү өнөктөшү болот. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү багытын такай улантабыз. Кызматташтык боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен сизден аларды телефон сүйлөшүүсүндө талкуулоо мүмкүнчүлүгүн суранам", - деди Садыр Жапаров ШКУнун видео жыйынында Путинге кайрылып жатып.

Түрдүү пикир жараткан акыркы сөзү эле. Жыйынга төрагалык кылган Владимир Путин өз сөзүндө телефондон сүйлөшө турганын билдирди.

Путин Садыр Жапаров айткандай, Кыргызстанда стабилдүүлүк болушун каалап, ал узакка созулса, туруктуу болсо деген оюн айтты. Анан сырткары кызматташтыкка кайрылды.

"Сиз токтолгон ифраструктурага көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилегим келет. Биздин Кыргызстан, Кытай, Орусия менен долбоорлорубуз бар. Мен сиз айткандай саясаттын үзгүлтүксүздүгү иш жүзүндө уланышына үмүт кылам. Орусия өз кезегинде сиздерди колдоо үчүн, айрыкча ушундай аракетиңз үчүн баардыгын жасайт", - деген Путин аталган маселелерди телефондон талкуулашарын кошумчалады.

Саясат таануучу Эркайым Мамбеталиева сөз менен жасаган иш дал келбесе коомдук тармакта саясатчылардын талкууга түшүүсү улана берет дейт. Ал бүгүнкү жетекчилер күндө ар түрдүү билдирүүлөр менен чыгып жатканын жана аны башка мамлекеттер деле байкап турганын белгиледи.

"Кыргызстандагы саясатчылар, өзүн саясатчымын деп эсептегендер саясат эмне экенин, тышкы мамиле жана мамлекеттик башкаруу эмне экенин өзү үчүн аныктап алышпайт деп ойлойм. Анан бийликке келсем эле башкарам дегенде ушундай маселелер чыгат", - деди Мамбеталиева.

Кыргызстандын жаңы бийлигин башка мамлекеттер тааныган жок деген сындар көп айтылып жатат. Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланганда Өзбекстандын гана өкмөт башчысы куттуктады.

ЖКнын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү депутат Абдывахап Нурбаев парламенттин мөөнөтү өтүп, шайлоолор жылдырылганына байланыштуу кайрадан шайлоолор болгонго чейин башка өлкөлөр этият мамиле кылып жатат деп божомолдойт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга, Түркияга барды. Нурбаевден ушул сапарлардын натыйжасы тууралуу оюн сурадык.

"Эми барып азыркы бийлик силер менен иштешет, кызматташканга даяр деп айтып келди, кыскасы ошол болду да. Бизде толук кандуу шайлоолор болгонго чейин кичине этияттанып турушат го. Орусия биздин негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Алардан мунайдан көз карандыбыз, көп мигранттарыбыз бар", - деди Нурбаев.

Ушул сыяктуу визиттерди Садыр Жапаровдун тышкы мамилелер боюнча кеңешчиси, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да жасаганы кабарланган.

Ал эми Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн күнү белгиленбегенин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиришти.

Өкмөт башчы, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин коерун, 14-ноябрга чейин кызматын тапшырарын жарыялаган.