Кара куурайды легалдаштыруу кайрадан талкууда

Сүрөттүн булагы, CLAUDIO CRUZ
Кыргызстанда кара куурайды легалдаштыруу маселесин талкуулаган биринчи эл аралык онлайн конференция Бишкекте шаршембиде кечинде болду. Белгилүү доктор Назаралиевдин демилгеси көп жылдардан бери талкууланып келатат жана Кыргызстандын өзүндө колдоо таба элек.
Кыргызстандагы телеканалдар өлкөнүн ар кай жеринде өскөн кара куурайды кыркып, отоп жок кылып жатышканы жөнүндө маал-маалы менен кабар таратып, көрсөтүп жатканда белгилүү нарколог доктор Жеңишбек Назаралиев аны легалдаштыруу демилгесин тажабай көтөрүп келатат. Бул маселе шаршембиде биринчи жолу эл аралык конференцияда талкууланды. Атактуу кыргыз дарыгери менен бул темада Чехиянын, Грузиянын, Украина менен Израилдин эксперттери пикир алышты. Алдын ала берилген кулактандырууда алар дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер деп аталган эле. Алардын ичинде Грузиянын парламентинин экс-депутаты Акакий Зоидзе, Украинанын кара куурай коому ассоциациясынын башчысы Александр Чижов, Праганын мурдакы мэри Павел Бэм ж.б. болду.

Сүрөттүн булагы, facebook
Назаралиев кара куурайдын арак менен тамекиге караганда зыяны аз экенин белгилеп, аны медициналык максатта колдонуу пайдалуу болорун, аны өстүрүү өлкөгө экономикалык жактан кирешелүү болорун телеканалардан чыгып, көп айтып келатат.
Кара куурайды Кыргызстанда легалдаштыруу маселесине кыргыз бийликтери олуттуу караган түрү деле байкалбайт. Буга чейин расмий деңгээлде же расмий уюмдар катышкан кайсы бир жыйында ачык талкууланган учурлар боло элек. Би-Би-Си кыргыз тараптын расмий оюн сурап, ИИМдин алдындагы баңгизаттарга, психтроптук заттарга көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин жооптуу катчысы Тимур Исаковго кайрылды.

Сүрөттүн булагы, official
"Азырынча легализация болгон бир дагы өлкө бангизаттар ачыктан ачык колдонулган учурда социумда эмне жакшы болуп кеткенин көрсөтө элек. Кылмыштуулук, саламаттык сактоо, элдин ден соолугу жана башка жагында эмне болору жөнүндө маалыматтар жок. Мындан ким утуп жатат? Албетте, өндүрүүчүлөр гана. Эгер биз жаңылышып аткан болсок, бул бир өзүнчө бакыт болсо, анда далилдегиле, көрсөткүлө жакшы тажрыйбаны. Практика менен илимде аныкталбаган нерсени Кыргызстанда киргизүү туура болбойт. Илимий маалыматтарды бергиле, биз иштешкенге даярбыз. Эгер белгилүү илимий маалымат болсо, ошол сегментте марихуананын жана кара куурайдын өзү жөнүндө эмес, андагы айрым заттарды өзүнчө бөлүп алып, кыска мөөнөттүк негизде колдонуу жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн. Тилекке каршы, бизде кара куурайды чеккендин терс гана жагын билебиз. Анын интеллектуалдык процесске, башкача айтканда баш мээге таасири күчтүү экени жөнүндө илимий маалыматтар бар. Мунун баары жалпыга белгилүү жана далилденген", -дейт Тимур Исаков.

Сүрөттүн булагы, CLAUDIO CRUZ
Кыргызстандагы башка уюмдар, анын ичинде Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат дагы мурда бул демилгеге каршы экенин билдирген. Жарандык, диний коомчулук дагы бул сунушту четке какпай койбойт.
Кара куурай деген ат менен таанылган марихуана Кыргызстанда баңги заттардын курамына кирет жана аны өстүрүүгө, товар катары жүгүртүүгө өлкөдө тыюу салынат. Баңги заттарды сатып пайда издегендер эки жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.









