You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ойку-кайкы убадалар жана ураандар
Шайлоого аттанган партиялар көбүнчө үгүт өнөктүгүн региондордон, болгондо да ырым кылып ыйык жайлардан башташты. "Ата Мекен" партиясынын активисттери шайлоочулар менен жолугушууну Таластагы Манастын күмбөзүнө сыйынуудан, ал эми "Замандаш" партиясы Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөгө зыярат кылуудан баштады.
Анткен менен алардын шайлоо программалары көбүнчө элге жете элек, нусказы аз өкмөттүк газеталарга жаңыдан басылып чыгууда.
Ал эми жолугушуу убагында көтөрүлгөн социалдык-экономикалык маселелер, берилген убадалар канчалык эл көңүлүнө уюп жатканын айтуу кыйын, бирок көчөлөрдө илинген көрнөк жарнактардагы ураандар баягы эле популисттик убада болуп кайталанып, тескери реакцияны жаратууда. Мисалы, "Кыргызстан" партиясы төрөлгөн балага сүйүнчү акча 50 миң сом болот деген мурунку шайлоодо эле жар салган эски убадасын чаңын күбүп, кайта алып чыкты.
Ушул эле партиянын Кыргызстанга келген туристтердин санын эки миллионго жеткирүү жөнүндө урааны бул тармактын адистерин таң калтырып жаткан учуру.
"Мен кечээ жолдо баратып рекламасын көрүп калдым, туристтердин жалпы санын эки миллионго жеткиребиз деген. Эгер Европадан келе турган туристтерди эки миллионго жеткиребиз десе түшүнсө болот. А бирок бизде туристтердин жалпы саны жылына ансыз деле төрт миллионго жетип атпайбы. Ал эми көчмөндөр оюндарынын учурунда беш миллионго чыгып атты",-дейт туризм тармагы боюнча менеджер адис Максат Чакиев.
Россиянын изи
Бийликчил багытта деп аталып жаткан "Биримдик" партиясы шайлоо программаларында "Евразиялык тандоо" деген тезисти пропаганда кылууда. Бирок коомдук сайттарда катардагы шайлоочуларды мындай кой, чоң саясатты түшүнгөн адистер да түшүнө албай чайналууда. Аталган партиянын өкүлдөрү же өздөрү түшүндүрбөйт. Алардын сайттагы программасынан россиялык партиянын куйругу чыгып калганы өзүнчө бир талкууга айланды.
"Единая Россиянын" сайтындагы жана "Биримдиктин" сайтындагы текст сөзмө-сөз окшош экен, "Российская Федерация" дегенинен бери. Ал эми "Республиканыкы" кайталанма экен, президенттик кызматты жоелу, мындай тигиндей деген. "Кыргызстан" болсо тайып жыгылып атат, мурдакы сүйүнчүсүн кайра көтөрүп чыгып. "Замандаштын" программасын окуп, анын россиячыл багытта экенин билсе болот. Бирок, эң жаманы ушуну менен таанышайын деп кызыккан эл жок болуп атпайбы. Партиялар болсо өздөрүнүн мантайган футболкаларын кийип көргөзүү менен эле алек болуп атат",-дейт коомдук сайттарга байкоо салып жаткан блоггер Канышай Мамыркулова.
"Эркин шайлоонун имитациясы"
Кыргызстанда саясий партиялардын саясий багыты, программалары, идеялары шайлоодо эң биринчи маселе эмес. "Шайлоочулар партияларга туугандык, кландык же жердешчилик принциптери менен тандап добуш берет, шайлоо менен өзүнүн келечегин бир карап ойлонбойт. Бул кыргыз шайлоосунун эң башкы өзгөчөлүгү болуп саналат, -деп жазды Фейсбукка профессор Зайнидин Курманов. - Жалаң гана өз дегендерин шайлашат. Ошондуктан шайлоо бизде эркин шайлоонун өзүнчө бир имитациясы, эл стаисттин эле ролун аткарат. Ал эми шайлоо кландар чыгарган эле бүтүмдү көрсөтөт. Эгер кландар бир бүтүмгө келе алышпаса, анда алардын ортосунда кызуу кармаш болот. Ошондуктан ар бир талапкер өзүнүн кичи мекенине барып элин топтойт. Ал эми парламентке улуттук масштабдагы лидерлер эмес, бүт өлкөгө таанымал саясатчылар эмес, кайдагы бир майда-чүйдөлөр келет".
Эң башкысы, шайлоодо акчанын көбү добуштарды сатып алууга чачылат. Жер-жерлерде жең ичинен да, каратып туруп да акча таратуу фактылары болуп жатканын азыр айтпаган киши аз. Бирок акчан алганы да, бергени да билмексен болот, аларды колго чаап турчу көзөмөл органдары көрмөксөнгө салат.
Ошол эле учурда алдын ала тымызын сүйлөшүп, шайлоочуларды 2-форма менен массалык түрдө башка шайлоо участокторуна каттап жаткан фактыларга президент С. Жээнбеков өзү кабатыр болуп, 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүп чыкты. Проркуратура органдарына, башка мамлекеттик органдарга мыйзамсыз көрүнүштөргө чара көрүү талабы коюлду.
Бирок андан бери же прокуратура органдарынын же шайлоо уюмдарынын реакциясы билинбейт, ошондой оркойгон көрүнүштөрдү байкап, чара көрүп жатканын көрсөткөн маалымат, билдирүүлөр жокко эсе. (КС)