Коронавирус шартындагы Курман айт

Жаңы курулган мечит
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги мечит

Мусулмандар үчүн ыйык саналган Курман айт майрамы белгиленип жатат. Бул жылы коронавирус илдетинен улам көп өлкөлөр айт намазын чогулуп окуганга уруксат берген жок. Кыргызстанда дагы Курман айт майрамын үйдө белгилөө чакырыктары айтылган.

"Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт-таалай каалайм. Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин",-деп айтылат президент Сооронай Жээнбековдун элге жолдогон куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

"Жыл башынан бери дүйнөнү каптаган пандемия баарыбызды сыноого салып, оорунун арты менен көптөгөн жоготуулар болуп, адамзаттын жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болду. Кыргызстан дагы бул илдеттин запкысын тартып, ар бирибиздин кабыргабызды кайыштырып, арабызда бир катар асыл момун мусулман бир туугандарыбыздан, аалымдарыбыздан айрылдык. Алардын жаткан жерин бейиштик кылып, Жараткан Алла Таалам өз рахматына алсын. Азыркы маалда илдет менен алышып жаткан бир туугандарыбызга шыпаа берип, эртерээк сакайып, арабызга кошулсун. Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келээрин эсибизден чыгарбайлы. Ал күчүбүз барында колубуздан курмандык чалуу келбесе дагы жакын адамдарыбызга, туугандарыбызга жакшы сөзүбүздү арнайлы",-деди Кыргызстан муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Кыргызстан муфтий Максатбек ажы Токтомушев

Сүрөттүн булагы, muftiyat.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан муфтий Максатбек ажы Токтомушев

Кыргызстанда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айт жана Курман айт майрамдары жалпы майрам катары кызыл менен белгиленип, жыл сайын эс алуу күнү деп жарыяланып келүүдө. Жыл сайын кайрымдуулук уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан жүздөгөн мал-жандыктар курмандыкка чалынып, кайрымдуулук иретинде балдарга, карылар үйүнө, колунда жок бүлөлөргө таратылып келген. Быйыл деле ушундай кайрымдуулук аракеттери уланууда.

Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустун жайылуу коркунучу болгонуна байланыштуу майрамды белгилөө үчүн чогулбай, ар ким өз үй-бүлөсү менен тосушун сунуштады.

Ал эми Кыргызстанга коңшулаш Өзбекстанда Курман айт күнү жана дем алыш күндөрү өлкөдө унаа каттамдары токтотула турганы эскертилген.

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустун 662 жаңы учуру белгилүү болуп, 14 бейтап кайтыш болгон. Өлкө боюнча жалпысы болуп вирусту жуктуруп алгандар 35805 кишиге жетти. (AbA)