Муфтият Курман айтты үйдө белгилөөгө чакырды

Курман айт

Сүрөттүн булагы, BBC INDONESIA

Кыргызстан боюнча мечиттерде, стадион же аянттарда айт намазы окулбайт. Мусулмандар дин башкармалыгы Курман айтты үйдө майрамдоого чакырды.

Айт намазы жамаат менен окулчу намаз болгондуктан үйдө да окушпайт. Пандемияга байланыштуу ушуну менен 2020-жылы экинчи айт намаз окулбай турган болууда.

Кыргызстанда Курман айттын биринчи күнү 31-июлга туш келет. Мусулман коомчулуктарында аны белгилөө үч күнгө чейин созулат.

Курман айтта жакыны каза болгон адамга багыштап мал союп, Куран түшүрүү салты калыптанган. Аксы районунун жашоочусу Роза айылда мындай үйлөрдө кадимкидей айттык өткөрүлүп, эл чогулуп жатканын айтты.

"Таякебиз каза болгондо чогулдук. Жергиликтүү бийлик мал сойдурбаганга, элдин аз чогулушуна аракет кылды. Бирок балдары болушкан жок. Эртең айттыгында чоң мал союп, кадимкидей эл чакырышат. Киргенде антисептиктерди коюп коюшат. Бишкектен, башка алыс жактан туугандары, куда-сөөк келген үчүн беткап менен барып жатабыз", - деди ал.

Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустун жайылуу коркунучу болгонуна байланыштуу майрамды белгилөө үчүн чогулбай, ар ким өз үй-бүлөсү менен тосушун сунуштады.

"Коронавирустун жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элдин коопсуздугу, саламаттыгы үчүн Курман айтты үйдө белгилесек. Бири бирибиздикине айттап барбай, кумандыкты үйдө чалып, Куран окуп, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, дуа кылышыбыз керек. Бизде үймө үй кыдырып айттаган адат бар, бири бирибиздин ден соолугубузга зыян келтирбешибиз керек, ден соолук - бул аманат. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар", - деди башкармалыктын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

2018-жылдагы Айт намазы, Бишкек

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылдагы Айт намазы, Бишкек

Ушундай эле чектөөлөр коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да бар. Казакстанда жалпы карантин чаралары 3-августта жумшарат. Ал эми Өзбекстан чектөөлөрүн 15-августка чейин узартты.

Казакстан курмандыкка союлчу малдарды ташууга да көзөмөл киргизээрин кабарлаган.

Өзбекстанда Курман айт президенттин жарлыгы менен бекитилет. Президент мамлекеттик органдарга коопсуздук чараларын сактап, майрамды көзөмөл алдында уюштуруу тапшырмасын берди.

Кыргызстанда 10-июлдан бери мечиттерде жума намазды окуганга борлбойт. Ал эми Казакстанда 5-июлда тыюу салынган.

Курман айт мусулмандардын эки ири майрамынын бири. Ал Меккеге зыярат аяктаган учурда белгиленет. Бирок пандемияга байланыштуу быйыл Сауд Арабия чет жерден зыяратчыларды кабыл алган жок.

Мусулмандар дин башкармалыгынын фатфа бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу курмандык чалуу тууралуу Каусар сүрөөсүнүн 2-аятында айтылат дейт:

"Ошондой эле пайгамбарыбыз ар бир үй ээси жыл сайын курмандык чалсын деп айткан. Курмандык чалуу Ислам дининде колунда бар адамдар үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Анын мааниси ушул дүйнөдө жашап жатканыбызга, тирүү жүргөнүбүз үчүн шүгүр келтирүү, кетирген каталарыбызды кудай кечирсин, пайгамбарыбыз Ибрагимдин сүннөтүн жандандыруу болуп саналат".

Курман айт шаарларда аянттарда окулуп, жүздөгөн мусулмандар катышып келген.