Кыргызстан: коронавирустун рекорддук көрсөткүчү

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 100 учуру аныкталганын билдирди.

Вирус жуктуруп алгандардын теңинен көбү Бишкек шаарында - 57 киши. Ал эми Чүй облусу менен Ош шаарында - 11, Нарын -9, Ош облусунун аймагында алты кишиден табылган. Талас облусу - 3, Ысык-Көл облусу - 2, Жалал-Абад облусунда -1 бир кишиден аныкталган.

Соңку расмий маалыматтар боюнча өлкөдө жалпы катталгандар саны 2472 киши. Алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болуп, 1844 киши айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган 597 бейтап дарыланып жатканын ырастады. Алардын ичинен 6 киши жандандыруу бөлүмүндө экени белгилүү болду.

Өлкө карантин чараларын майдын башынан тарта жеңилдете баштаган. Бишкек мэриясы тургундар этияттык чараларына көңүл бурбай жатканын эскертүүдө.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков дагы бул маселеге көңүл бурууга чакырган эле. "Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз»,-деди президент.

Ошондой эле коомчулукта кайдыгер мамиле болуп жатканын сынга алды.

"Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле".

Президент илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгилеген.

Дүйнөдө саламаттыкты сактоо адистери эпидемиянын экинчи толкуну болобу же жокпу деген суроо азыр күн тартибинен алынды дейт. Эми ал качан жана кандай болушу мүмкүн деген суроо турат. Айрым өлкөлөрдө вируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатканы байкалууда.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 8 миллион

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 8 миллионго жетти. Айрым өлкөлөрдө вирустун тарашы кайрадан өсүп жатат.

Бээжиндин 21-районуна карантин чаралары кирип, борбордук ири базардан чыккан жаңы учурларды токтотуу аракети көрүлүүдө.

Индиянын бийлиги 18-июндан тарта баш калаа Делиде күнүгө 18 миң тест өткөрө турганын билдирди. Баш калаада вирус жуктуруп алгандар 40 миңден ашты. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Делинин ооруканалары бейтаптарга толгон. Шаар бийлиги 500дөй темир жол вагонун бейтаптар үчүн даярдоого буйрук берди. (AbA)