Чет жердеги кыргызстандыктардын жагдайы оорлошобу?

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи сапка чыкты. Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек миграциясында жүргөнү айтылып жүрөт. Алардын аз гана бөлүгү мекенине кайтып келди.

Орусияда акыркы суткада 10500 дөн ашык адамдан вирус тастыкталды. Бул өлкөдө өлүм саны төмөн болгон менен вирус тездик менен жайылып жатат.

Анын ичинде эң жогору көрсөткүч Москвада. Шаар мэри массалык түрдө элден экспресс-тест аркылуу анализ алышарын билдирди.

Москвада убактылуу иштеп, жашаган Айсулуу экинчи жолу учак билетин алмаштырганы жатат. Карантин чаралары улам жылып, каттамдар ишке кире элек.

Айсулуу эпидемия башталгандан бери жумушу токтобогон жолдуу мигранттардын бири.

"Меники кеңсе болгон үчүн жабылган жок. Тазалап иштейм. Батирде чогуу тургандардын баары эле жумушу жок калган болчу. Карантин чаралары жумшартылгандан бери айрымдары нөөмөт менен иштеп жатышат. Эки бала дагы деле жатат. Жумуштан беткап менен колкаптарды берген, ошолорду тагынып жүргөндүктөн, коркпой эле бир үйдө чогуу жашап жатабыз. Үйгө кетишим керек эле, эми учак каттабаса билетимди дагы жылдырам", - деди ал Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып.

Тойчу аттуу кыргызстандык Москванын четинде убактылуу иштеп жатат. Би-Би-Си аны менен апрелде байланышканда, Орусияга барып иштей баштаганына бир ай болгон эле.

"Москванын сыртына келип иштеп жатам. Жумуштагы жетекчим дачасында кичине ремонт иштер бар деп алып келген. Негизги жумушубузда 30-40 кыргыз иштейт элек, баары жумушсуз жатат. Кече дагы үчөөнү чакыртты. Майдын аяктарына чейин болуп, шаарга кайтабыз. Баары коронавируска жараша болот. Карантин алынса, мурунку жумушумда иштей берем. Бирок кайра катуу чектөөлөр кирет деген дагы сөздөр жүрүүдө. Анда эптеп Кыргызстанга кетиш керек болот. Азыр бул жакта жумушсуз калган балдар абдан көп", - деди ал Би-Би-Сиге.

Орусияда коронавирус диагнозу коюлган кыргызстандыктардын саны 100дөн ашты. Үйлөрүндө жатып, эсепке алынбагандар алда канча көп болушу мүмкүн. Москванын жетекчилиги да жалпы вируска кабылгандардын саны расмий эсептен жогору болушу ыктымал экенин айтууда.

Ал тапта Казакстан аркылуу өтүүнү көздөп, Соль-Илецктеги орус-казак чек арасына келген жарандар ошол жерде калууда. Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Бирок карантин чаралары калгандыктан чек аралары көпчүлүк үчүн жабык.

12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков пандемия башталгандан бери 22 өлкөдөн 9196 кыргызстандык алып келингенин айтты.

Министрликтин маалыматына ылайык, 15-майда Түркиядан 330 жаран учуп келди. 14-майда Майндагы-Франкфурт шаарынан Германиянын чартердик каттамы менен 59 жаран келди, алардын 48и авиакомпанияда иштегендер болсо, 11и мурда билет сатып алгандар. Ушул эле күнү Жапония менен Түштүк Кореядан 43 жаран келди.

Катар менен Кувейттен 107 адам 14-майда ТИМ уюштурган аба каттамы менен келди. Министрлик жарандардын баары обсервацияга жаткырылганын айтууда.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөргө да оор иш түшүп жатканын кошумчалап, жардамга муктаж мекендештердин тизмеси тынымсыз жаңыланып жатканын айткан:

"Өкмөтүбүз тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарына Орусиядагы элчилигибиз, Дубай шаарындагы консулдугубуз жарандарыбыздын хостелдерде жашоосун төлөп берүү маселелерин чечип, аларды тамак-аш менен камсыздап жатат".

Министр 12-майга карата Кыргызстанга алып кетүү өтүнүчү менен 58 мамлекетте 8700дөн ашык кыргызстандык кайрылды деди.

Коомдук тармактарда АКШ, Европа, Араб өлкөлөрү жана башка жерлерден жумушсуз, тамак-ашсыз калганын айтып, визасы бүтүп, алып кетүүнү суранган кыргызстандыктар байма-бай чыгууда.