Орусия: Үйүнө уча албай калган кыргыз мигранттарына жардам берилди

    • Author, Калыйнур Калмурза уулу
    • Role, Москва

Москвада эки күндөн бери уча албай, вокзалда түнөп жаткан кыргыз жарандары Бишкек жана Ош багытындагы чартердик каттам боюнча бүгүн мекенине учуп кете баштады. Каттамдарды Кыргызстандын өкмөтү "Аэрофлот" авиакомпаниясы менен уюштурууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу, Кыргызстан дагы эл аралык каттамдарды токтотуп, Москва багытында гана үч каттамды калтырган. Ошол себептүү, мурда билет алган жүргүнчүлөр убагында учуп кете албай, жардам сурап кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги Москвада жана башка чоң шаарларды калып калган кыргыз жарандары үчүн чартердик каттамдарды уюштуруп баштады.

Москвадан бүгүн 20-мартка билет алгандар учуп кетишти, ал жакта дагы 80 ге чукул адам күтүп калды.

"Бүгүн кары картаң, бала-чакаларды, аялдарды учурушту. Эми кийинки рейсте бизди жөнөтөбүз деп жатышат. Чынында ушул маселеге өз убагында реакция кылганына ырахмат", - дейт жүргүнчүлөрдүн бири Болотбек.

Аэровокзалдан учпай калганына кабатырланып ыйлап жаткан кыз-келиндерди да кезиктирдик. Андан ары жакта дагы бир кыздын ыйлап жатканын көрүп, сөзгө тарттык:

"Менин регистрациям 20 күнү бүтмөк. 19-мартка билет алгам. Бир күн калганда учуп кетем деп келсем, учпай калдык. Жанымда иним бар, ал көзүнөн эки жолу операция болгон. Ошол инимди чогуу алып кетип жаткам. Кечээ учпай калып, түндө суукта калдык. Аны алты айга чейин иштегенге болбойт дешкен. Суукта калганга болбойт дешкен. Түнү менен уктабай, көзүнө күч келип, эми азыр чыдай албай, көзүм оорутуп атат мен эртең келем, бүгүн да учпай калдык деп мага сумкаларды таштап кетип калды. Мен бүгүн да ушул жерде түнөйм. Бул жерде кыйналып кеттик биз", - дейт өзүн Апал деп тааныштырган кыз.

Аба майданынын администрациясы кыргызстандык жана тажикстандык жарандарды кубалабай, кайра аларга тамак уюштуруп берип, башка жардамын көрсөтүп жатат.

Жүргүнчүлөргө жардам берүү үчүн «Араван коому» деп аталган топ 21-мартка караган түнү жарандарды тамак-аш менен камсыздап, учпай калган жүргүнчүлөрдү мейманканага алып кетишти.

Ушул учурда Орусиядан Кыргызстанга кете албай аба майданында калган жарандардын саны Санкт-Петербургда 120, Москвада 70, Новосибирскиде 120 адам деп божомолдонууда.