You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан: коронавирустун жаңы эки учуру аныкталды
Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында өлкөдө жаңы аныкталган дагы эки учур катталганы айтылды.
Алар менен байланышта болгон кишилер аныкталып жатат, дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги. Экөө тең кичи ажылык сапарга барып келген 60 жаштагы аял жана эркек киши. Ноокат районунда жашай турганы белгилүү болду.
Ошону менен Кыргызстанда жаопы 16 кишиден вирус аныкталды.
Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал
Өткөн апта соңунда Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-марттан баштап киргизилгени жаткан өзгөчө кырдаалдын жол-жобосун түшүндүрдү.
"Бардык аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилип жатат. Тактап айтканда, бул өзгөчө абал эмес - өзгөчө кырдаал болуп саналат. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-турумуна, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Зарылдыгы жок башка жакка чыгууга, эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат",-деди К.Боронов.
Бишкекте болгон Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүтүн өлкө боюнча 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыялоону премьер-министрге сунуш кылды. Кыргызстанда коронавирустун он эки учуру катталып, Сузак районунда, Ноокат районунда жана Баткен районунун үч аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги инфекция жуккан дагы жаңы учурлар аныкталганын билдирди. Алардын баары Сауд Арабиясына кичи ажылык зыяратка барып келген.
Министрдин орун басары Толо Исаковдун маалыматы боюнча, "коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталып", жалпы саны он эки кишиге жетти.
"Коронавирус жугузуп алгандардардын бешөө Сузак районунда, бирөө Баткен облусунун тургуну. Учурда алар ооруканага жаткырылып, булар менен байланышта болгондор аныкталууда",-деди басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков.
Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
"Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады",-деп кабарлады өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Буга чейин вирус Сауд Арабиясына кичи ажылык зыяратка барып келген Ноокат жана Сузак районунун тургундарынан табылган.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 20-мартка карата маалыматы боюнча, өлкө аймагында 410 адам обсервацияда, 1251 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө; 1309 адам 14 күндүк карантинден чыгышты. Саламаттык сактоо министрлиги жатак орундардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын жети жүзү өлкөнүн түштүк аймагында.
Коронавируска чалдыккан 16 адамдын жарымы аялдар, жарымы эркек кишилер деп айтылды. Алардын жаш курагы 45тен 75 жашка чейин.
"Улгайгандардын айрымдарында кант диабети сыяктуу кошумча дарттары бар. Бул жарандардын бардыгы изоляцияга алынып, тийиштүү тартипте дарыланып жатат",-деп айтылат расмий маалыматта.
Үч күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус катталган. Расмийлер коронавирус Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганын ырастаган эле. Кечээ дагы жаңы үч учур катталып, Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, айрым айылдарга кирип-чыгууга чектөөлөр кирип, жолго тосмолор коюлган.
Ош шаарында коомдук транспорко чектөөлөр кирип, азык-түлүк базарларынан башка базарлар убактылуу жабылууда. Кишилердин маасалык чогулуусуна тыюу салынды. Ысык-Көл облусуна кирген жолго дагы посттор коюлуп, унаа жолдон каттаган кишилерди текшерет.
Чет жерде калган жарандарды алып келүү
Ал ортодо Жарандык авиация агенттиги Орусияда жана Дубай, Дели шаарларынан учуп келе албай калган кыргызстандыктарды кайтаруу аракеттерин көрүп жатканын кабарлады.
"Республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган, учууларды "Аэрофлот", "Урал аба каттамдары", "Fly Dubai" ж.б. ишке ашырат",-деди аталган агенттик.
"12 каттам учуп келет, 22-мартка - 8, 23-мартка 5 же 6 каттам мерчемделди. Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын КР жаранын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз", - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу көп өлкөлөр эл аралык каттамдарын токтотуп,бир катар өлкөдөн жарандар келе албай калып, өкмөткө даттанышкан эле. Орусияда үч жүз ашуун киши, Египет жана Бириккен Араб Эмираттарынан 150 чамалуу кыргыз жараны уча албай калганы айтылган эле. (AbA)
- Коронавирус: Кыргызстан эки районго өзгөчө кырдаал абалын киргизди
- Умрадан келгендер үй карантинине алынган эмес
- Жаңы илимий ачылыш: коронавирустан адам кантип айыгып жатат?
- Covid-19: дүкөндөрдөгү ажиотаж. Эмне үчүн кишилер дүрбөлөң түшүүдө?
- Жаңы илимий ачылыш: коронавирустан адам кантип айыгып жатат?
- Covid-19: Зарылчылык болбосо сыртка чыкпагыла!