You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чек аралар жабылып, эңшерилген экономиканы алдыда эмне күтөт?
- Author, Калыйнур Калмурза уулу
- Role, журналист, Москва
Коронавирус пандемиясынын коркунучунан улам дүйнөдө көп өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен тыгыз байланыштагы өлкөлөр дагы чек арасын жаап, чектөөлөрдү киргизип жатат. Ушундай шартта Кыргызстандын экономикасында боло турган кыйынчылыктар жөнүндө экономист Алчынбек Бадылбек уулу Би-Би-Сиге ой-пикир бөлүштү.
Би-Би-Си: Коронавирус бүт дүйнөлүк экономикага таасир берип жатканын көрүп атабыз, негизинен кандай кыйынчылыктар болуп жатат?
Алчынбек Бадылбек уулу: Сovid-19 экономиканын активдүүлүгүнө түздөн түз таасир берип жатат. Бул өз кезегинде ички чыгымдардын азайышына жана мамлекеттер арасындагы соода-сатыктын кыскарышына, инвестициялар менен ишкерликтин басаңдашына алып келүүдө. Эгерде вирустун жайылышы улана берсе, андан жаманы өлүм-житим көбөйө берсе, Ухан менен Италиядагыдай абал курчуп кетсе, күнүмдүк кадимки бейпил жашоо токтоп калат. Керек болсо, эл азык-түлүк алыш үчүн үйүнөн чыга албай, вирус жайылган аймак толугу менен карантинге алынат. Дүйнөдө чукул арада саламаттыкты сактоого болгон чыгымдар эбегейсиз өсөт.
Би-Би-Си:Эми биздеги көйгөлөргө кайрылсак, Кыргызстандын экономикалык жоготуулары кандай?
Алчынбек Бадылбек уулу: Кытай менен Кыргызстандын соода алакалары абдан тыгыз, тактап айтканда, Кыргызстандын импортунда Кытай биринчи орунда турат, жоготуулар мына ушул жакта болот. Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин айтымында, акыркы эки айдын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабык болгондуктан, мамлекеттик бюджетке 2 млрд. сомго жакын бажы салыктары түшпөй калды. Эгерде бул процесс ушундай кете берсе, бул сан мындан да жогорулайт.
Бажыдан түшпөй калганын акчанын ордун толукташ үчүн мамлекеттик бюджет профицит болушу керек. Бирок, мамлекеттин чыгымдары кирешеден көп. 2019-жылдагы бюджеттин дефицити 9,9 миллиард сомду түздү. Буга кошумча бизде мамлекеттик карыз бар. Жыл сайын мамлекеттик карызды тейлөө үчүн болжол менен 300 миллион сом, башкача айтканда бюджеттин 20% чыгымдалат. Коронавирус алдынкы эки,үч айдын ичинде басаңдабаса, анда Кыргызстан экономикадагы кыйынчылыктарды өз алдынча чече ала албай калышы мүмкүн.
Би-Би-Си: Кыргыз өкмөтү ошол кыйынчылыктардын алдын алуу боюнча өзүнчө план-сценарийлерди иштеп жатканын билдирип жатат.
Алчынбек Бадылбек уулу: Азия Өнктүрү Банкы алдыда үч сценарий күтүп турат деп билдирген: эң жакшы, орточо жана эң жаман деп бөлүнөт. Эгерде коронавирус дүйнөдө бир нече айда ооздукталса, Кыргызстан үчүн эң жакшы сценарий деп эсептелинет. Ошондо да мамлекеттик болжолдуу түрдө 4 миллиард сомдой бажыдан түшчү кирешеден айрылат. Жалпы алганда 6 миллиард сомго жакын тиешелүү кирешелерден куру калат. Коронавирустун жайылышы экономикалык жана транспорттук активдүүлүккө тоскоолдук кылат. Бул өз кезегинде көп тармактардын, анын ичинде нефти базарынын солгундашына алып келет. Күйүүчү майдын арзандашы рублдун долларга карата арзандашын билдирет. Ал эми рублдун баасынын төмөндөшү биздин мигранттардын кирешесине терс таасирин тийгизет. Буга чейин болуп келгендей, эл акчасын жүгүртүүнүн ордуна сактап коюуну тандашы ыктымал. Мындай абал экономикадагы акчанын айлануусун азайтат.
Мындан башка тармактарда да солгундоолор күтүлөт. Мисалы, туризм тармагы Кыргызстандын ички дүң пайызынын 3,9% түзөт. Азия өнүктүрүү банкынын болжолдуу эсептөөсү боюнча эң жакшы дегенде Кыргызстандын туризм секторунда 0,3% азаю күтүлөт. Коронавирустун өлкөбүздүн экономикасына болгон зыяны көп, бирок ошого карабасатан Кыргызстан өз алдынча бул көйгөйлөрдүү чечүүгө чамасы жетет. Үч айдын ичинде Кытай менен болгон чек ара ачылып калса, экономикабыздагы жоготуулар жылдын аягына чейин ордуна келет.
Би-Би-Си: Ал эми эң жаман сценарийдеги экономикалык кесепеттер кандай болот?
Алчынбек Бадылбек уулу: Вирус Кыргызстанга жеткен учурда, анын жоюлушу узак убакытка созулган вариант экинчи жана үчүнчү сценарий болуп эсептелинет. Мындай учурда, көп мамлекеттер чек араларын толук жабышы мүмкүн. Албетте, көп нерсе жагдайдын өнүгүүсүнө карата болот. Бирок Кыргызстанга болгон зыяны эбегейсиз чоң болушу мүмкүн. Мындай учур Кыргызстанды өзүнүн валюта резервин колдонууга мажбур кылат.
Мисал катары Италияны алсак, Европа Биримдигиндеги мамлекеттеринин бири, дүйнөдөгү туризм сектору эн өнүккөн атактуу мамлекет. Италияда Кытайдан келген эки адамдан вирус табылып, андан кийин абдан көбөйүп кетти. Болгону 24 сааттын ичинде вирус жуктургандардын саны 1694 жеткен. Натыйжада болгон музейлер, театрлар, кино-театрлар, окуу жайлар жабылып, конференциялар баары убактылуу токтотулду. Күнүмдүк кадимки ыргактагы жашоо токтоду. Азыркы кезде Италиянын бийлиги бүтүндөй өлкөнүн карантинге алынганын жарыялады. Тактала элек маалыматтарга караганда, Италиянын туризм тармагында жоготуулар 8,3 миллиард доллар түздү.
Би-Би-Си: Кыргызстан учурдан пайдаланып, өзүнүн ата мекендик өндүрүшүнүн потенциалын бекемдеши керек болот го?
Алчынбек Бадылбек уулу: Албетте, Кытайдан келген товарларды өз өлкөбүздө өндүрүү аракетин кылсак болот. Эгерде мамлекет экономикада өнүгүүнүн альтернативдүү жолун ишке ашырса, ата мекендик өндүрүшкө салым кошуп, Кытай товарларына болгон керектөөнү азайтып, тышкы экономикалык байланыштардын жаңы жолун таап, жергиликтүү бизнес-чөйрөнүн жардамы менен көп иш бүтүрсө болот. Анда Кыргызстан бул жагынан жеңип чыкмак.