Рубль кескин арзандады, Кыргызстанга таасири

Дем алыштардан кийин Орусияда апта рублдун арзандашы менен башталды. Коронавируска байланыштуу арзандап жаткан рублдун кунун Орусиянын ОПЕК менен натыйжасыз сүйлөшүүлөрү кескин ылдыйлатты.

Орусиянын мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн уюму - ОПЕК, анын ичинде Сауд Арабия менен мунайдын өндүрүшүн азайтуу боюнча сүйлөшүүсү майнапсыз аяктады. Мындан улам, мунайдын баасы, артынан рублдин куну түштү.

ОПЕК менен Орусия мунай өндүрүшүн дагы кыскартууну келише албай койгону боюнча бири ирин айыптап жатышат. Ал эми Орусиянын энергетика министри Александр Новак өндүрүштүн жаңы көлөмүн турмак, мурдагы келишимди да сактап кала алышпаганын айтты.

Орус өкмөт өкүлдөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн көзөмөлдөө боюнча мурдагы келишимди жок дегенде ушул жылдын жарымына чейин аткарып турууну сунуштаганын айтышты. Венадагы сүйлөшүүлөр натыйжа бербегенден кийин эми ким каалаганча өндүрүп, базарда атаандашмай болушту.

Рублдун арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этет?

Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү.

Экономика боюнча эксперт Умбриэль Темиралиев рублдун баасы төмөндөй берсе, дароо болбосо да Кыргызстанга таасир этет дейт:

"Эмнеге дегенде, Кыргызстан мунайдан, курулуш материалдарынан тарта, мигранттар которгон акчага чейин Орусияга байланып калган. Ал жактан бизге жылына эки млрд доллардан ашык каражат келип турат. Бирок сом эртең эле түшөт же товарлар кымбаттайт дегенге болбойт. Анткени ар бир нерсе белгилүү убакытты алат".

Темиралиев эл дүрбөлөңгө түшүп, сомду чет жердик валютага алмаштырып салуу туура эмес деп эсептейт.

Улуттук Банк дагы сомдун баасы боюнча такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Эксперт рублдун арзандашы жергиликтүү өндүрүшчүлөргө да таасирин тийгизээрин белгиледи.

"Биздин товарлар көбүнчө Орусия менен Казакстанга сатылган үчүн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциялары алардыкынан кымбат болуп калышы мүмкүн. Анткени жеткирүү жана башка кошумча чыгымдары бар. Рубль менен сомдун ортосундагы айырма узак убакытка чейин сакталса, анда биздин товарларга атаандашууга кыйын болуп калышы мүмкүн", - деди Темиралиев Би-Би-Сиге.

Кыргызстандын валюта базарында абал туруктуу

Улуттук Банк 9-мартта билдирүү таратып, валюта базарында абал туруктуу деди. Анын эсебинде, доллардын сомго карата баасы жыл башынан бери 0,49 пайызга өстү. Январда бир доллар 69,5 сом болсо, 9-мартта 69,85 сомду түздү.

Ал эми 10-мартта Бишкекте акча алмаштыруу жайларында сом долларга карата арзандаганын байкоого болот. Доллар 72 сомдон сатылууда.

Улуттук Банк валюталардын баасы кескин өзгөрүп кетсе жөнгө саларын, ал үчүн куралдары жетиштүү экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эл аралык резерви да жетиштүү - 6-мартка карата анын көлөмү 2 400,15 млн доллар. Бул Кыргызстандын дээрлик беш айлык импортун жабууга жетет.

"Эл аралык резервдердин запасы жана Улуттук Банктын интервенция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү валюта базарында туруктуулукту кармоого жол берет", - деп айтылат башкы банктын билдирүүсүндө.

Орусияда доллар 4,2 рублга кымбаттады же бир доллар 72,8 рубль болду. Ал эми евронун баасы 5 рублга өсүп, 82,5 рублга жетти. Бул Москвада биржа ачылгандагы баалар. Анын алдында Орусиянын Банкы чет жердик валютаны сатаарын жарыялады.

Жума күнү биржа жабылып жатканда доллар 68,5, евро 80 рубль болчу.

Орус акчасы төрт жылдан бери мынчалык баага түшө элек болчу.