"ВСП+" Кыргызстанга эмне берди?

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Брексит" темасы дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турган чакта, кыргыз-британ соода алакасы тууралуу Британ парламентинде учкай сөз болду.
Лорддор палатасынын мүчөсү Виконт Вейверли "ВСП+" программасы тууралуу сөзүнүн башында Кыргызстандын Улуу Брианиядагы элчиси Эдил Байсалов ишин жигердүү баштаганын айтып, Британия "Брекситтен" кийин да Кыргызстан менен соода алакасында жеңилдиктерди сактап калышы керек деди.

"ВСП+" программасы кыргызстандык ишкерлер арасында жакшы белгилүү болгону менен ал толук кандуу иштебей жатканын сынга алгандар бар.
"Кыргызстан 2016-жылы Европа Биримдигинин "ВСП+" деп аталган программасынын колдонуучусу деген статусту алган. Бул аталган биримдиктин атайын комиссиясынын чечими менен кабыл алынып, жыйынтыгында, Кыргызстан Европанын 28 өлкөсүнө товарларын сатууда эч кандай бажы төлөмү коюлбайт деген мүмкүнчүлүк",- дейт экономика министрлигинин бөлүм башчысы Назар Малаев.
Министрлик Кыргызстандан Европага экспорттолуп жаткан товарлардын түрү жана өлчөмү боюнча мониторинг жүргүзүп келет. Мекеменин маалыматына караганда, экспортко негизинен кургатылган мөмө-жемиш, текстиль жана азык-түлүктүн саналуу түрү жөнөтүлөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да Европа өлкөлөрүнө барган сайын "ВСП+" тууралуу такай кеңири сөз кылат. Маселен, Швейцарияга расмий сапары маалында буларды айткан эле.
"Биз Швейцария менен "ВСП+" статусунун базасында кызматташууга кызыкдарбыз. Биз экологиялык жактан таза жана сапаттуу айыл чарба продукцияларын, кийим, бут кийим жана зер буюмдарды жеткирүүгө даярбыз. Эки өлкөдөгү чарба ээлери менен өндүрүшчүлөрүнүн ортомчусуз, түз байланышын түзүү өтө маанилүү",- деген эле президент.
"ВСП+" программасы кабыл алынгандан берки экспорттун көрсөткүчтөрү тууралуу экономика министрлиги статистикага да токтолду.

"2016-жылы 72.3 млн. долларга бааланган товар экспорттолгон. Ошол жылдагы экспорт көлөмү ушуга гана жеткен. 2017-жылы 246.4 млн доллар, 2018-жылы 758.8 млн долларга чамалаган. Ал эми ушул жылдын июль айына чейинки көрсөткүчтү ала турган болсок 500 миллион долларды түзөт. Сандар так көрсөтүп тургандай жыл өткөн сайын Европа өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү өсүп жатат",- дейт экономика министрлигин бөлүм башчысы Назар Малаев.
Жалпы эле Европа өлкөлөрү менен кызматташтык тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы декабрда өткөргөн маалымат жыйыныда да сөз кылган. Анда Би-Би-Синин суроосуна жооп кылып, Европа өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүлөрүн, европалык негизги институттардын жетекчилеринин баары менен жолугушканын да баса белгилеген эле.
Учурда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Айрым ишкерлер "ВСП+" программасын толук кандуу пайдаланып, Европа өлкөлөрү менен экономикалык байлнышты чыңдоо зарылдыгын айтып келишет.











