Евробиримдиктин ВСП+ макамын Кыргызстан кантип пайдаланат?

Сүрөттүн булагы, b
Европа биримдиги жыл башында Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу - ВСП+ макамын берип, өндүргөн товарларын биримдиктеги өлкөлөргө бажы төлөмдөрү жок алып кирүүгө уруксат берген. Кыргыз расмийлери муну менен өлкөгө экономикалык жактан мүмкүнчүлүктөр ачылганын жар салышканы менен учурда бул мүмкүнчүлүктү кантип пайдалануу жагы талкууда.
Европа биримдигине кирген өлкөлөргө ВСП+ макамы менен Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча пошлинасыз экспортоо мүмкүндүгүн алды. Анда жашылча, мөмө-жемиштер, кайра иштетилген айыл чарба продукциялары, тери жана жүндөн жасалган буюмдар бар. Экономика минстрлигинин соода бөлүмүнүн башкы адиси Жылдызбек Жумаковдун айтымында учурда бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, ишкерлер экспорттой ала турган товарлардын тизмесин тактоо, алардын көлөмү, Европа рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү маселеси боюнча иш алып барууда.
“Кантип ушул ВСП+ статусун колдоно алабыз? Евростандартка биз экспортко чыгара турган товарлар туура келеби? Сертификат алыш үчүн кандай документтер алынышы керек? Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп иш алып барууда. Кийинки айдын башында Евробримдиктин эксперттери Бишкекке келиши күтүлүп жатат. Алардан биз көп суроолорубузга жооп алабыз”,-деди Жылдызбек Жумаков.
Евробиримдик өлкөлөрүнө кантип, кандай жолдор менен эмне товар экспорттосо боло тургандыгы боюнча азырынча ишкерлер эле эмес расмий мекмелер дагы жетиштүү маалыматка ээ эмес сыяктуу.
Ош шаарындагы “Бизнес консультанттар ” клубунун аткаруучу директору Султан Рахманов ишкерлерге толук маалыматтар берилип, экспорт маселеси боюнча иш алып барган мамлекеттик мекемелер менен байланыштар түзүлүп, уюшулган мүнөзгө айланмайын муну ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгиледи.
“Биздин ишкерлер үчүн Европа биримдиги эле эмес, экспорттун өзү жаңы тема болуп жатат. Биринчиден, маалымат такыр жетишсиз, тилдик тоскоолдуктар бар. Анан мамлекеттик мекемелер дагы, экспорт маселеси менен түздөн-түз иш алып барган уюмдар дагы маалыматка ээ эмес. Ушул шарттар аткарылмайынча биздин ишкерлердин экспортко чыгуусу өтө кыйын. Ошондуктан “Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген товарларды алып чыга албай, ири экспортерлор үчүн сырье саткан гана деңгээлде кала берип жатабыз”,-дейт Султан Рахманов.
Кыргызстандык ишкерлер бал менен грек жаңгагын алып чыгып сатса болоорун айтып жатышат.
“Өзгөн күрүчүн дагы экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз бар -дейт “Өзгөн-шалы” корпоративинин жетекчиси Адан Көкөзов.-Ак урук, кара кылтырык деген үрөндү мамлекеттик реестрге киргизип, чет жактарга экспорттоого аракет кылып жатабыз. Европанын базары ачылды дегенди биз жаңы мүмкүнчүлүк ачылды деп түшүндүк. ПРООНдун жардамы менен дүйнөлүк стандартка жооп бере турган технология алууга даалалаттанып жатабыз. Базардагы 50-60 кг каптар менен эмес, стандартка төп келген каптама (упаковка) менен таза күрүчтөрдү экспортко чыгаруу аракети бар”.
“Бирок маселе анын экологиялык жактан таза болгонунда эле эмес, аны канча көлөмдө өндүрө алабыз? Бул жагы дагы экспорт үчүн абдан маанилүү-деди “Ош ЖИА” бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Шамшыбек Эргешов.-Азыр балды, жаңгакты айтып жатпайбызбы, ооба экологиялык жактан таза, абдан даамдуу. Маселен, балды алалы, буга чейин дагы сырттан бир канча инвестор келип, бирок алар айткан көлөмдү биздин бал өндүргөн ишкерлер өндүрүп бере албасын айткандан кийин баш тарткан учурлар болду. Алар кардарларынан ажырап калбас үчүн ар дайым суроо-талабын канааттандырып турушу керек . А биздин товарлардын көлөмү ага төп келбей калууда”.
Бул маселеден улам мамлекет өзү кийгилишип корпоративдерди түзсө деген сунуштар айтылууда. Экинчи жагынан, Кыргызстанда товардын сапатын аныктаган лабораториялардын жоктугу, товар жеткирүүнү уюштурулбай жатканынан улам ишкерлер экспортко чыга албай бушайман. Бул бири-бирине көз каранды болгон көйгөлөрдү мамлекет болсо азырынча чечип бере албай келатат.
Орусия, Казакстан, Беларусия, Армения мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдиктин базарына да Кыргызстандык ишкерлер чоң көлөмдүү экспорт менен кире алган жок. Калкынын 40 пайыздайы айыл чарба тармагында алектенген өлкөдөгү ишкердиктин көбү чакан жана орто деңгээлде. Алардын ири көлөмдө товар өндүрүүсү үчүн каржылык жардамдар, аларды бириктирүү сыяктуу мамлекеттин долбоорлор керек дейт эксперттер. Соңку жылдары өлкөдөгү тигүү тармагындагы экспорт дагы дээрлик 50 пайызга чейин кыскарган.
Евробиримдик берген ВСП+ макамы дүйнөдө өнүгүп келаткан делген 15 өлкөгө берилген. Учурда Европа өлкөлөрүнө товар экспорттогон өлкөлөр жашылча-жемиштердин бир катар түрлөрүнө 14,6 пайыз бажы төлөмүн төлөшөт. Ал эми кийим-кечек товарлары үчүн 5 тен 9%га чейин төлөшөт. Бул жагынан Азия өнүктүрүү банкынын эсеби боюнча ВСП+ макамын алуу менен Кыргызстан биринчи эле жылы 400 млн. доллар пайда көрөт.








