Акы төлөнөт деген жолдо кайсы унаадан канча акча алынаарын билесизби?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектен тарта Кеминге чейинки 73 чакырым жолдо жүрүү үчүн айдоочулардан акы алуу демилгеси кызуу талкууга жем таштады. Министрлик айланып өтө турган бул жол чоң долбоордун башталышы болот десе, активисттер муну акылга сыйбаган иш деп катуу сынга алышууда.

Бул боюнча айдоочулар арасында да бир кылка пикир жок. Колдогону да, каршы чыккандар дагы бар.

Болжолдуу эсепке караганда оор жүк ташуучу унаалар Алматы көчөсүнөн Чым-Коргон айылына чейин 200-500 сом төлөшү мүмкүн

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болжолдуу эсепке караганда оор жүк ташуучу унаалар Алматы көчөсүнөн Чым-Коргон айылына чейин 200-500 сом төлөшү мүмкүн

Транспорт министирлиги демилгени жеңил-желпи карабоого чакырып жатат. Алардын жүйөөсүндө унаа жолдорун башкаруу же камсыздоонун жоболору советтик ыкмадан чыга албай, каржалып келе жатат. Министрлик жаңы демилге аркылуу жолдун сапатын жана жол коопсуздугун жөнгө салса болот деп ишенет. Ошондой эле мекеме бул долбоорду мамлекет менен кайсы бир жеке компаниянын же жеке ишкердин өнөктөштүгү менен ишке ашырса болот дейт.

Башкача айтканда, сөз болуп жаткан 73 чакырым жолду коюлган талаптарды аткара ала турган экинчи тарап министрликтен өткөрүп алып, автоунаадан чогултулчу баардык төлөмдөрдү чогултат. Бирок жеке ишкер же компания жолду эң мыкты сапатта тейлегидей шарт түзүп бериши керек. Эгер бул демилге колдоо таап, иш баштала турган болсо бара-бара мындай жолдордун узундугу 500 чакырымга чейин жетиши ыктымал.

Мындан бир нече ай мурун эле жарым миллон долларды чапчыган коррупциялык схемага аралашкан деген шек менен транспорт министринин орун басары камакка алынган

Сүрөттүн булагы, Bishkek/merya

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындан бир нече ай мурун эле жарым миллон долларды чапчыган коррупциялык схемага аралашкан деген шек менен транспорт министринин орун басары камакка алынган

"Бул жөн эле азыркы турган турпаты менен ошол жолдон акы алуу дегенди билдирбейт. Ал биринчи категориядагы жол болот. Ал кандай чечмеленет? Бул жолдо айдоочууга тоскоолдук жаратпоо үчүн жолдун эки тарабы тең мал-жан, жаныбарлар жолго чыгып кетпегидей кылып тосулат. Жолдогу карама-каршы кыймыл бет келбегидей болуп, ортосу да тосулат. Андан сырткары жол менен туурасынан кесилише турган жердин барында жол азыркыдай кесилишпейт. Ал кесилиштер жолдун алды менен же үстүнөн гана өтөт. Ылдамдык да жогорулашы мүмкүн.

Биз 2014-жылдагы так эсепке таянсак, бир суткада ал жерден 10-12 миң автоунаа өтөт. Жайкысын 17 миңге чейин экен. Азыр андан да өстү болушу керек. Так эсеби кандай деп жатасыз. Чынында мына мындай болот деп айткыдай соңку эсебибиз жок. Бирок орто эсеп менен алганда, ошол 73 чакырым жол менен айдайм деген айдоочулар ар кандай акы төлөйт. Мисалы, жеңил автоунаа 40 сомдун айланасында болсо, анча чоң эмес жүк ташуучу унаалар 200-250 сом, эң чоң дегендери 500 сомдун айланасында", - дейт Транспорт министирлигинин консультанттар тобуну жетекчиси Нурланбек Кайымбаев.

Кыргызстанда жол курулушу, жолдордун сапаты соңку жылдары кыйла жакшырып калганын айткандар да бар. Ошол эле учурда миллиарддаган акчаларды жутуп, тышкы карызыбыздын көбөйүшүнө себепкер болуп жатат деп так ушул транспорт министирлиги сындан арылбай келет

Сүрөттүн булагы, Dmitry Begun

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда жол курулушу, жолдордун сапаты соңку жылдары кыйла жакшырып калганын айткандар да бар. Ошол эле учурда миллиарддаган акчаларды жутуп, тышкы карызыбыздын көбөйүшүнө себепкер болуп жатат деп так ушул транспорт министирлиги сындан арылбай келет

Бирок бул иш ийне-жибине чейин кылдат эсептелген экономикалык негиздемеси жок эле чыга калды деп сындагандар да арбын. Алардын жүйөөсүндө бул демилгеден мурун айдоочуларды тегиз болбосо да басымдуу бөлүгүн ынандыра ала тургандай маалымдоо иштери, керек болсо видео тасмалар аркылуу түшүндүрүү керек болчу деп жатышат.

Активист Максат Чакиев бул иш "абдан чийки даярдыкта" өкмөткө сунушталып жатат деп эсептейт. Ал долбоорду өлкөнүн чыгыш тарабы менен байланыштырган жолдон "эптеп эле акча алуунун амалы" катары сыпаттап жатат.

Активист Максат Чакиев бул иш "абдан чийки даярдыкта" өкмөткө сунушталып жатат деп эсептейт. Ал долбоорду өлкөнүн чыгыш тарабы менен байланыштырган жолдон "эптеп эле акча алуунун амалы" катары сыпаттап жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активист Максат Чакиев бул иш "абдан чийки даярдыкта" өкмөткө сунушталып жатат деп эсептейт. Ал долбоорду өлкөнүн чыгыш тарабы менен байланыштырган жолдон "эптеп эле акча алуунун амалы" катары сыпаттап жатат.

Кыргызстанда жол курулушу, жолдордун сапаты соңку жылдары кыйла жакшырып калганын айткандар да бар. Ошол эле учурда миллиарддаган акчаларды жутуп, тышкы карызыбыздын көбөйүшүнө себепкер болуп жатат деп так ушул транспорт министирлиги сындан арылбай келет. Мындан бир нече ай мурун эле жарым миллон долларды чапчыган коррупциялык схемага аралашкан деген шек менен транспорт министринин орун басары камакка алынган.