Дамир Мусакеев: Атамбаевди кайтарып жүргөндөргө балким тоскоолдук кылып жатам

Дамир Мусакеев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дамир Мусакеев
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы Дамир Мусакеевге мыйзамсыз байыган деген айып тагылып жатат. Ал өзү мындай айыпты четке кагып, бир нече журналисттин коштоосунда өзүнө же жакындарына таандык делген беш башка даректеги турак-жайды көрсөттү. Бул окуя коомдук сайттарда кызуу талкууланып жаткан учур.

Мындай ыкманы Алмазбек Атамбаев бийликте турган тушта абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган эле. Ал да бир нече журналистке турак-жайын көрсөткөн.

Мусакеев бүгүн журналисттерге көрсөткөн мүлктөрүнүн баарынын баасы 20 миллион сомго караандабай турганын айтууда. Ал бул ишти бийлик тараптан болгон басым катары баалап жатат. Мусакеев тамаша, чыны аралаш сөз сүйлөп, эми турак-жайды ачык көрсөтүү кезегин Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго узатканын айтты.

Дамир Мусакеевге ушул жылдын февраль айындагы дагы башка бир айып тагылган.

Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурда өзү эле эмес, тегерек белиндеги бир нече адам кыска мөөнөттө эселеп байыды деген сын айтылып келе жатат. Бул тууралуу абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев дагы өз алдынча эсеп-кысабын айтып, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов экөөнү сындаган жайы бар.

3-апрель күнү Сагынбек Абдырахманов башында турган топ "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын республикалык сьездин өткөргөн учурда жыйынга келген бир нече киши Алмазбек Атамбаев жана айланасындагылар коррупцияга белчесинен батканын, мыйзамсыз байыганын айтып, "Атамбаев камалсын" деген талаптар менен чыккан эле.

Дамир Мусакеев УКМКнын 9-башкармалыгын 2016-2018-жылдары жетектеген.

Би-Би-Си Дамир Мусакеевди, активист Адил Турдукуловду чакырып, ушул маселени талкуулайт.

Адил Турдукулов жана Дамир Мусакеев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адил Турдукулов жана Дамир Мусакеев

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы