Басма сөз эркиндиги: кечээ, бүгүн

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда журналисттерге чоң доо коюп соттошкондор дагы эле Атамбаевдер болуп жатат. Атамбаев Алмазбек президент болуп турганда аны сындаган бир катар ММКлар миллиондогон сомго айыпка жыгылганы белгилүү. Эми болсо Оштогу ишкер Атамбаев Жалил "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаковго 50 миллион сомдук доо койду.

Ошол эле убакта экс-президенттин өзү эми соттук иштерде доогер позициядан жоопкер ролуна өттү.

Доо арыздын куну - 600 миң

Бишкек шаардык соту 2-майда экс-президентке тийиштүү "Апрель" телеканалын экс-спикер Акматбек Келдибеков, саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон акча төлөп берүүгө милдеттендирди. Өкүмгө ылайык ушунча эле суммадагы акчаны жогорудагы үч саясатчыга Алмазбек Атамбаев дагы төлөп бериши керек.

Доогер тарап былтыр жыл этегинде сотко кайрылып, экс-президент телеканалдагы маегинде алардын ар-намыстарына шек келтирди деп, жалпысынан 18 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

" Азыркы бийлик ошол уруулар, ушакчылар менен төп келишип калыптыр да. Колдогону да ошолор болуп атпайбы...", - деген Атамбаев былтыр 10-декабрдагы интервьюсунда.

28-февралдагы биринчи инстанциядагы сот саясатчылардын арызын канаттандырган чечим чыгарып, жогорудагы суммадан тышкары "Апрель" телеканалын айтылгандарды төгүндөөсүн өкүм кылган.

Соттун бул чечими өлкөдө мурунку президент менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тиреши күчөп, каршылаш тараптар ачык конфронтацияга өткөн маалга туш келди.

"Сөз эркиндиги жакшырды"

2017-жылы Баш прокуратура ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деген жүйө менен беш жолу сотко кайрылганы белгилүү.

Анын негизинде журналисттерге миллиондогон сомго доо айыптар коюлуп, соттук иштер айлап уланып, ал тургай айрым ММК өкүлдөрүнүн турак үйлөрү аз жерден тартылып кете да жаздаган.

Быйыл мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялап, анда сөз эркиндигинин абалы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда турукташканы айтылат.

Буга мисал катары 2018-жылы май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Заноза" сайтына, журналист Нарын Айыпка жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы берген арызын кайтарып алганы келтирилет.

Ошондой эле былтыр февралда президент Сооронбай Жээнбеков да "24.kg" сайтына жана журналист Кабай Карабековго каршы берген беш миллион сомдук доосун кечкени жазылган.

Бирок ошентсе да соңку жумадагы "Азаттыктын" журналистине карата берилген кезектеги доо арыз азыркы бийлик дарегине көлөкө түшүрчүдөй болуп турат.

Президентке петиция

30-апрелде өлкөдөгү журналисттер коомчулугу, жарандык активисттер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, кабарчы Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды.

Анда Кыргызстан сөз эркиндиги менен жарандардын тең укуктуулугу деген эки баалуулукту жогору койгон мамлекет экени эскертилет.

"Бирок, ар дайым бул баалуулуктарга чабуул болуп, бийлик жана укук коргоо, сот органдары тарабынан кысым жасалып келет. Андай учурлар азыр да, Сиз өлкөнү башкарып жаткан маалда да орун алууда",- делет жарандык коом кайрылуусунда.

"Азаттык" үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков "Ош. Салыктан буйтаган "ишкерлер" аталышындагы журналисттик иликтөө жасап, анда Оштогу ири ишкер делген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишканалар мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгенин мисал келтирген эле.

"Сөз эркиндиги Кыргызстанда негизи жок деп эсептейм. Биз ал бар деп, имитация гана жасайбыз. Сөз эркиндиги болсо, мамлекеттик телеканалдар башка темаларды башкача өңүттө чагылдырып чыгат эле. Мен иликтөөнү коомдук кызыкчылыкты көздөп жасагам да. Ошондуктан буга коом да кызыкдар болуш керек деп эсептейм", -дейт журналист өзү.

Исаков фактыларды Мамлекеттик салык кызматынын сайттарынан алып, расмий маалыматка таянганын айтып жатат.

Кыргыз журналисттер маселеси БУУда

Өлкөдө соттук иштерге кириптер болгон журналисттердин укугун коргогон бирден бир мекеме - "Медиа полиси институту". Учурда бул уюмдун өндүрүшүндө журналисттерге каршы жалпы 10-12 соттук иш бар жана алардын экөөсү БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралганы жатат.

"Заноза" жана Дина Маслова менен Нарын Айыптын иши комитетте байланыштырылды. Азыр ал кароо стадиясында. Экинчи иш бул 2017-жылы соттун чечими менен жабылууга мажбур болгон "Сентябрь" телеканалына байланыштуу иш", - деди аталган институттун юристи Алтынай Исаева Би-Би-Сиге.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун апрелде жарык көргөн жаңы баяндамасына ылайык, Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында соңку жылы Борбор Азияда алдыга чыгып, мурунку көрсөткүчтөн 15 орунга алдыга жылып, 83-орунду ээледи.

Жалпысынан дүйнөдө журналисттер үчүн коопсуз мамлекеттер азаюуда жана авторитардык режимдер маалымат каражаттарына дагы эле кысым көрсөтүп жатышат.