Иса Өмүркулов: Атамбаевдин тушунда өзүм да камалышым толук мүмкүн эле

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Буга чейин КСДПнын кайсы бир мүчөсүн же фракция лидерин партия тизмесинен чыгаруу боюнча талаш жүрүп келсе, бул саам партиянын кезектеги жыйынын чакыруу боюнча талаш кызыды.

КСДПнын басма сөз кызматы партиянын жыйыны 6-апрелде болот десе, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов баштаган топ жыйын 3-апрелде өтөт деп жатат.

Би-Би-Си Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго кайрылып, бул араздашуунун тамыры кайда жатат деп сурады.

И. Өмүркулов: Бул бүгүн эле чыга калган жок. Менимче, президенттик шайлоодон кийин чыкты. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген соң баары башталды окшойт. Себеби, президенттин кадамдары, анын "коррупцияга каршы күрөшөм" деген аракети мурунку президентке жаккан жок, ортодо жик кетти.

Ошол тушта "ким менин менен болбосо, ал менин душманым" деген принцип болду. Биз ага чейин кеңешип, баарыбыз бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду сүрөп чыксак, шайлоодо колдосок, анан эле "ал экс-президентке жакпай калыптыр" деп, эмне үчүн башкабыз ага кайра каршы чыгышыбыз керек? Маселенин баары ушунда.

Би-Би-Си: Экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын ишинде менчигиндей, жеке басар мамиле кылган деп калдыңыз. Бул качан башталган?

Иса Өмүркулов: Бул партия түзүлгөндөн бери келе жаткан көрүнүш десек болот.

Бул маекти толугу менен бул жерден көрүңүз:

Би-Би-Си: Сиз сыпаттап жаткандай партиянын ишиндеги өзүм билемдик саясат же башкаруу ыкмасы кайсыл жылдары апогейине жетти?

Иса Өмүркулов: Бул өзгөчө 2010-жылы 7-апрелден кийин катуу күчөдү. Көздү май басты. Шайлоонун тизмесин түзүү сыяктуу өтө маанилүү иштердин баары бир адамдын колунда калды - айтканы айткандай, дегени дегендей болуп келди.

Би-Би-Си: Сиз бир топ сындарды, аргументтерди айтып жатасыз. Ушул кадамдарыңызды Алмазбек Атамбаев азыр да бийликте турса жасай алат белеңиз, эмнеге убагында ооз ачкан эмессиз?

Иса Өмүркулов: Эми ачыгын айтыш керек. Ал мезгил такыр башка эле. Ошол учурда канчалаган саясатчыларыбыз бейкүнөө камалды. Мына менин өзүмө да эч негизи жок иш козголгон. Ачык айтыш керек, бул адамдан баарын күтсө болот болчу.

Иса Өмүркуловду буга чейин катардан чыгаруу боюнча талаш кызыган учурдагы маегин бул жерден көрүңүз:

Би-Би-Си: Демек так айтканда, иш козгоп, балким сизди да камап коюшу мүмкүн беле?

Иса Өмүркулов: Албетте, ошондой. Айтпай турган абдан көп нерселер болгон. Болбосо эмнеге иш козгойт?